АБЫКАЕВ Абийирбек: О’ГЕНРИНИН ЧАКАН АҢГЕМЕЛЕРИ

СҮТ ООЗ

— Мындан кийин тажрыйбалуу зергерлердин иши менен жакшы тааныш кызматчы ала турган болдум,— деди кечээ хаустондук зергер досуна.

Адатта, Жаңы жыл астында иш көп болгондуктан, бул күндөрү айтканды так аткарган, бирок зергердин жумушу менен анча тааныш эмес кызматкерлерди ала беребиз. Мына ошондой элпек, сылык жаш кызматкердин айынан бүгүн мыкты кардарым менден  кол үздү.

— А эмне болду? – деп сурады досу.

— Бир жума мурда туруктуу кардарым аялы менен келип, ага майрамга карата белек тандашкан. Аялы чоң бриллиант төөнөгүчүн жактырды. Кардар кызматчыга төөнөгүчтү эмдиги жолу келгенге чейин катып коюшун суранган эле.

— А түшүндүм,— дейт досу, – ал аны унутуп, башкаларга сатып жиберип, кардарыңды таарынткан го.

— Сиз, байкасам, үй-бүлөлүү адамдардын психологиясын жакшы билбейт окшойсуз, — дейт зергер.

— Тиги келесоо төөнөгүчтү чындап эле сактап коюп, кардар аны аялына сатып берүүгө аргасыз болуп жатпайбы.

АРТКЫ БЕТ

Аялдардын терс сапаттарынын бири — угуп-көрүп калган нерсени анын аягына чейин изилдеп чыкмайын жандары жай албаган ашкере кызыгуусу экенин гезиттерде жазып чыгышты. Эгерде күйөөсү үйүнө гезиттин бир бурчун айрып таштап койсо, аялы ошол гезиттин башка санын таап, айрылган жерде эмне жазылганы окумайынча тынчыбайт, — деп ишендирип жатышты алар.

Хаустондун бир жашоочусу бул кабарга кызыгуусу артып, аны иш жүзүндө текшерип көрүүнү чечти.

Өткөн жуманын бир кечинде ал эртең менен чыкчу гезиттеги табарсык оорусуна каршы чыккан дары жөнүндө жарнаманы кайчы менен кесип салды да, кескиленген гезитти көрүнөө жерге — тамак ичкен столдун үстүнө таштап койду.

Китепти берилип окуп жаткан адамдай үңүлө караган менен, бир көзү гезитти ары-бери айлантып карап жаткан аялында болучу. Аялы кабагын бир аз түйүп, бир нерсени ойлонуп жатканы жүзүнөн көрүнүп турду.

Анткен менен ал ооз ачып сөз айткан жок, күйөөсү ал күнү аялынын кызыгуусун ойготтубу же аракети текке кеттиби, биле алган жок.

Эртеси түшкү тамакка келген күйөөсүн көздөрү оттой жанып, эриндери титиреп жинденген аялы тосуп алды.

— Шүмүрөйгөн калпычы шүмшүк! – деп кыйкырды ал. — Ушунча жыл бирге жашап жүрүп сенин ушунчалык уятсыз, бетпак экениңди билбей жүрүптүрмүн! Тымпыйып, кыларыңды кылып, кыл жип менен жууп жүргөн экенсиң да! Мен эми элдин бетин кантип карайм, шерменде! Ушинтип жүргөнүңдөн шек алчумун, эми мына ачыкка чыкты кылгандарың, акмак!

— Эмне дейсиң? Сен эмне деп атасың, Мэри? Түшүнсөм кудай урсун!

— Калп эле өлүмүш болуп калганын кара, арамза! Мени эмне келесоо дейсиңби, эч нерсе түшүнбөгөн, мына кара, мунуңду. Кесип салсаң эле башка гезит табылбай калат деп ойлодуң беле! — ал колунда гезиттин кесилбеген санын кармап турган.

— Мэри, бул жөн эле тамаша болчу, сен аны мынчалык кабыл алат деп ойлобоптурмун.

— Сен ушуну тамаша деп ойлойсуңбу, уяты жок айбан?! — деп гезитти анын астына ыргытты.

Күйөөсү гезитти карап төбө чачы тик турду, табарсык оорусуна каршы чыккан дары жөнүндө жарнаманы кесип атып, ал анын арткы бетинде эмне жазылганын ойлоп да койгон эмес эле. Ал бетте мындай окуя жазылыптыр: «Кечээ шаарыбыздын белгилүү ишкерлеринин бири ресторандардын биринде, учурда гастролдо жүргөн опера театрынын хордо ырдаган эки айымы менен убактысын көңүлдүү өткөрдү. Идиш-аякты талкалоо менен бүткөн катуу талаш эс алуучулардын көңүлүн бөлүп, чыккан ызы-чууну белгилүү ишкер жентельмен өз кадырын салып, басканга жетишти».

— Сен ушуну тамаша дейсиңби, карыган жалап? – деп чаңырды дүүлүгүп алган аялы – Кечинде апамдыкына кетем, аркамдан барбай эле кой. Гезиттен кесип салсаң эле мени билбей калат деп ойлодуң да ээ?  Болду, баары бүттү, мага экинчи жолобо!

— Мэри! – дейт сөз табалбай мукактанган күйөөсү. – Ит болоюн! Мен жөн эле…

— Ыйманыңды жеп калп айтып, күнөөңдү көбөйтпөй эле кой, мырза!

Күйөөсү эки-үч жолу аракет кылган соң, ага баары бир айтып жеткизе албасын түшүндү да, калпагын алып сыртка чыгып кетти. Жарым саатка жетпей ал эки жибек көйнөк, төрт фунт конфет алып, бухгалтерди жана төрт кызматчысын ээрчитип кирип келди.

Аларды гезиттеги окуя болгон күнү, ал  өз дүкөнүнөн чыкпай, толгон-токой  жумуштардан бошобогонун далилдеш үчүн алып келген эле.

Акыры иш эки тараптын тең кызыкчылыктарын канааттандыруу менен жабылды, анткени менен  хаустондук жашоочулардын бири, аялдардын кээ бир нерсеге ашкере кызыгуусу тууралуу маселеге экинчи кызыкпай турган болду.

АШЫКЧА АКЫЛ, БАШ ЖАРАТ

Хаустондо заманынан артка калбай жашаган адам бар. Ал гезиттерди калтырбай окуйт, саякаттары чыгып турат жана адамдардын табигатын жакшы түшүнөт. Анын чындык менен калпты ажырата билген жаратылыш берген  чоң жөндөмү бар, аны алдоо үчүн гениалдуу актерлук талант керек.

Кечээ кечинде ал үйүнө келатса, астынан калпагын көзүнө баса кийген шектүү адам бурчтан чыга калып алдын тосту:

— Кожоюн, карасаңыз, мен бул бриллиант шакекти жолдун жээгиндеги арыктын ичинен таап алдым. Мага ашыкча нерсенин деле кереги жок. Бир доллар бериңиз да бул шакекти алып калыңыз. Хаустондук адам таштары жалтыраган шакекти жылмая карап, тиги адамга мындай деди:

— Абдан жакшы ойлоп тааптырсың жигит, бирок абайла, полицияга жолугуп калбай, бул айнегиңе кардарды этияттап танда. Түнүң бейпил болсун!

Үйүнө келсе, аялы ыйлап олтуруптур.

— Оо, Жон! — дейт ал, жана дүкөнгө барып келатып, бриллиант шакегимди жоготуп жибердим! Мен эми…

Жон унчукпай бурулду да көчөгө чуркап чыкты. Көчөдө жан адам жок, жымжырт эле.

Аялы эмдигиче күйөөсүнүн шакек жөнүндө кеп кылып, аны күнөөлөбөгөнүнө таң калып жүрөт.

ЧОҢ ШААРДАГЫ КОРКУНУЧТУУ ЖАГДАЙЛАР

Мистер К.Дилуорти Сан-Жакинто-Стрит көчөсүнүн аяк жагында жашайт. Ал күндө үйүнө жөө кайтчу. Биринчи январда ал аялына жыл бою ичкиликти оозума албайм деп убада кылган. Ал берген убадасын ошол замат унутту, экинчи январда аны менен көңүлдүү жыйында жолуктук, ошондуктан ал үйүнө кайтып баратканда өзүн бейкапар сезип калган эле.

Мистер Дилуорти – хаустондун эски жашоочусу болгондуктан жаандуу түндөрү дайыма көчөнүн ортосу менен басчу. Анткени ал көчөнүн ортосу эң коопсуз экенин билчү. Аттиң! Мистер Дилуорти аялына берген убадасын унутпаганда эмне! Ал башында түз эле келаткан, качан Сан-Жакинто-Стрит көчөсүнө жеткенде буттары чалыштап, темтеңдеген боюнча көчөнүн четине чыгып кетти. Эки көчөнүн кесилишинде турган полиция кызматкери катуу кыйкырыктан улам бурулуп караганда, бир адам жанталашып кол булгалап, жок болуп кеткенин көрдү. Полиция кызматкери бирөөлөрдү жардамга чакырып ага сүзүп жеткиче, үчүнчү жана акыркы жолу суудан башын чыгарды да түбөлүккө жок болду. Мистер К.Дилуорти  тротуарда чөгүп өлдү…

БАРДЫК ЭЛДИН СҮЙКҮМДҮҮСҮ  

Филадельфиялык  Анни Вильямс — Кошмо Штаттардагы айымдардын ичинен эң таанымалы жана сүйкүмдүүсү. Анын сүрөтүн жок дегенде бир жолу кармабаган кишини бул өлкөдөн таба албайсың. Эң белгилүү, сулуу айымдардын сүрөтүнө караганда анын сүрөтү көп болушун элдин бардыгы каалайт жана аны көбөйткөнгө аракет кылышат.

Ага болгон суроо талап дүйнөдөгү бардык белгилүү аялдар менен эркектердин портреттерин кошсо да ашып түшөт. Чындыгында, Вильямс айым — обочолонуп жүргөндү жакшы көргөн жөнөкөй, сүйкүмдүү, катардагы эле айымдардын бири. Ал жакында күйөөгө тийгени камданып жүрөт, бирок бул окуя анын сүрөтүнө болгон кызыгууну басаңдатпайт деп ойлойбуз. Анткени ал — күмүштөн чегилген бир доллардык тыйынга түшүрүлгөн Эркиндик символунун башына модель болгон кыздын дал өзү.

СОГУШ ТАКТИКАСЫ

— Жонду кечкисин үйдөн кантип чыккыс  кылганымды билгиң келеби? — деди хаустондук айым курбусуна. – Эмнесин айтасың, бир жолу илхамым келе калып жакшы ыкма таптым — ал ушул күнгө чейин күчүн жоготкон жок. Жон күндө кечинде, кечки тамактан кийин бир жакка кетип калчу да аябай кеч келчү. Бир күнү адаттагыдай эле чыгып кеткен, бир нече квартал өткөндөн кийин кол чатырын унутуп калганын көрүп, үйгө кайрылып келди. Мен залда гезит окуп отургам. Ал шыбыш бербей аркаман басып келип, алакандары менен көзүмдү басты, мени чочуп кетет деп ойлогон болуш керек. Мен акырын: — Том, бул сенсиңби? – деп сурап койдум. Ошондон кийин Жон кечинде үйдөн чыкпай жанымда олтурат.

АЧКА ГЕНРИ

АчкаГенри: Мэм, мен жаңы фирманын өкүлүмүн, сизге үзүлбөгөн эки кат боосу бар, жаңы роликти көргөзөйүнбү?

Миссис Лоунстрит: Жок, биздин үйдө эркек жок.

Аска Генри: Анда мен сизге табылбаган дагы бир буюмду — орус терисинен жасалган, күмүш бастырылып асемделген иттин каргысы бар, кааласаңыз бетине итиңиздин атын жазып беребиз, ошону сунуштайм, алыңыз.

Миссис Лоунстрит: Кереги жок, кереги жок. Мен ит кармабайм.

АчкаГенри: Мен ушуну эле билишим керек болучу. Кана эмесе, эжекеси, мага болгон тамагыңды алып чыгып жайнат. Тезирээк кыймылда, болбосо ден-соолугуң жабыркап калат!Түшүндүңбү?

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ