АБЫКАЕВ Абийирбек: ФЕЛИКС КРИВИНДИН КЛАССИКАЛЫК ЧАКАН АҢГЕМЕЛЕРИ 3

Баткак

Баткак аябай сезимтал эле, ага кимдер тийип кетпесин анын жүрөгүндө терең из калчу.

— Ах, өтүк! – деп капа болчу ал. – Ал кайда кетти? Мен ансыз жашай албайм!

Бирок ал жашай берчү. Бир мүнөт өтпөй эле:

— Ах, туяк! Сүйкүмдүү, ак көңүл аттын туягы! Мен сенин элесиңди өмүр бою сактайм…

Мода сүйүүчүлөр

Чымындар – моданы аябай кубалашат. Алар ар түрдүү оймо-чиймелүү желелерди көрсө эле болду, алыс кете алышпай, кызыга карашып, кармалап көрүшүп, ак көңүл курсактуу Жөргөмүштөн сурашат:

— Миллиметри канчадан?

Алар көбүнчө аябай кымбат төлөп калышат.

Түн

Мен ойгонуп төшөктөн турсам, ал алигиче жата элек болот. Ал кечтен бери менин тереземдин жанында турат.

— Кет! – деп кубалайм мен аны.— Мен иштешим керек. Түн кеткиси келбей жатып араң кетет. Ары-бери болгуча ал кайрадан терезенин жанында пайда болот.

— Эмнеге уктабай жүрөсүң? – дейм мен андан.

— Суук болуп жатат, – дейт Түн. – Ушундай суукта кантип уктайсың, кантип жылынасың?

Мен жарыкты өчүрүп, аны бөлмөгө киргизем.

— Макул, жылынып ал. Бул акыркы жолу болсун. Эртеңден баштап тынчымды алба.

Түн макул болуп, убадасын берет, бирок ал убадасына турбасын жакшы билем. Кыш кычырап турса ал кайда бармак эле!

Эртең, бүрсүгүнү ал окуя кайра кайталанат. Кеч кирди… болду, ал терезенин алдында турганы турган. Түн бөлмөмө келип таң атканда кетет. Мейли деп тим коём.

А убакыт өтүп жатат, көп нерселерге үлгүрбөй калуудамын. Түнгө аны кантип түшүндүрөсүң — ал караңгы неме, түшүнөт дейсиңби?…

Көлөкө

Кандай болсо да Чырак көчөнүн кесилишиндеги эң мыкты жигиттин бири  эле. Ага ар тарабынан электр зымдары тартылып келип, белдери бир тутам акациялар анын жарыгына киринип турчу, ары-бери өткөндөр анын жарыгына ыраазы болушуп, баш ийкеп өтүшчү. Чырак мунун баарын байкачу да эмес. Ал түнкүсүн асмандагы жымыңдашкан жылдыздар менен көз кысышып сүйлөшкөндү жактырчу.

Бир жолу Чырак жөн гана эңкейип ылдый жакты карады, бул анын кийинки тагдырын чечти. Ылдый жакта ал мурда көрбөгөн кызыктуу бейтаанышты көзү чалды. Капкара кийимчен, мага качан көңүл бурат дегенсип, Чырактын бут алдында жатыптыр.

— Сиз кимсиз? – деп сурады Чырак. – Мурда мен сизди көрбөптүрмүн.

— Мен Көлөкөмүн, – деп жооп берди бейтааныш.

— Көлөкөбү… – деп ойлоно түштү Чырак. – Мурда укпаптырмын. Сиз башка жактан болсоңуз керек?

— Мен сеникимин, – деп шыбырады Көлөкө, бул күтүүсүз тартынбаган жообу менен ал андан аркы суроолорго чек койду.

Чырак уяла түштү. Ал көчөнүн биринчи жигиттеринен болсо дагы, мындай жеңил-желпи жеңишке көнө элек болчу.

Ошентсе да, Көлөкөнүн моюнга алганы жагымдуу эле. Жагымдуулук симпатияга айланды, симпатия – тартылууга, ал эми тартылуу — сүйүүгө айланды. Жашоодо мындай окуялар көп эле жолугат.

Ошентип, жашоо деген ушу эмеспи, сүйүүнүн артынан камкордуктар башталды.

— Эмне үчүн жатасың? – деп тынсыздана сурады Чырак. – Сен ооруп калган жоксуңбу?

— Жок, жок, тынчсызданбай эле кой, – деп жооткотту аны Көлөкө. – Менин ден-соолугум жакшы. Бирок мен дайыма сенин бут алдыңда жатам.

— Сүйүктүүм! – деп жашый түштү Чырак. – Мен мындай сүйүүгө татыксызмын.

— Сен менин жарыгымсың, – деди Көлөкө. – Мен ар дайым сени менен болом. Эч качан сенден ажырабайм.

Андан аркы сөздөр экөөнө гана тиешелүү маанайда уланды.

Алар күндө түнкүсүн жолугушчу — Чырак жана анын Көлөкөсү. Сырткы белгилерине караганда алар бири-бирине ыраазы эле. Чырак жылдыздар жөнүндө эчак эле унуткан. Ал өзүнүн Көлөкөсүнөн башка нерселерге дегеле кызыкпай калды. Ал тургай көзүн жумса да (мындай учурлар күндүз болчу, анткени Чырактар күндүз укташат), ал өз Көлөкөсүн көрүп, ага суктанчу.

Анан бир жолу чак түштө, Чырак жакшы уктай албай жатып, Көлөкөнүн үнүн укту. Чырак бир аздан кийин, Көлөкө мурда атын угуп жүргөн Күн аттуу чоң жарык берүүчү менен сүйлөшүп жатканын баамдап билди.

— Мен сеникимин, – деп жатты Көлөкө Күнгө. – Көрүп жатасыңбы – мен сенин бут алдыңда жатам… Мен сендикмин…

Чырак ошол жерден эле сөзгө аралашкысы келди, бирок карманып калды: мурда тааныбаган Күндүн көзүнчө чыр баштагандан тартынды.

Анда айталбаганын кечинде эч нерсесин калтырбай айтты бейм! Эмне, өз Көлөкөсүнөн коркуп калчу Чырак бар бекен!

— Күндүн бул жерде эмне тиешеси бар? Мен эч кандай Күндү билбейм, — деп актанып жатты Көлөкө, бирок Чырактын ачуусу тарачудай эмес.

— Азыр кетип кал бул жерден! – деп кыйкырды ал. – Мен сендей немени билгим да жок!

— Билбейм дебе, мени бил! – деп бышаңдады Көлөкө. – Мен сени таштап кете албаймын.

Ал туурасын айтып жаткан: Жарык чачкан Чырактан Көлөкө кете алабы?

— Мага таарынба! – дейт Көлөкө ыйламсырап. – Кел эми, жарашалы…

Чырак башын чайкады.

Олда катүгүн ай, ал ошону бекер кылды! Чырак башын катуу чайкап жибергендиктен — жерге кулап түшүп сынып калды. Көпчүлүк аны сүйүүнүн айынан өз жанын кыйды деп ушактап жүрүштү. Чындыгында, ал өз принцибин бекем кармаганы үчүн эле курман болгон эле.

Ал эми Көлөкө… Сынган Чырактын жанында анын эмнеси бар эле? Жолдон өтүп бараткан автобустун капталына жабышты да, жөнөп кете берди.

Ошентип, Көлөкө дүйнө кыдырып, көрүнгөнгө жабышып өз кызматын сунуш кылып жүрөт. Балким Сизге да жабышып алгандыр?

Которгон Абийрбек Абыкаев