Тергөөчү:
– Сен асыл буюмду уурдап атканда аягы эмне болот деп кабатырланган жоксуңбу?
Ууру:
– Чынын айтсам, тергөөчү мырза, алып атканымда ушул буюм жасалма болуп калбаса экен деп, абдан кабатыр болгом…
* * *
Милийса:
– Эмне үчүн шакекти таап алган соң бизге кабарлаган жоксуң?
Шектүү кылмышкер:
– Анткени шакекте «Мен түбөлүккө сеникимин!» деген жазуу оюлуп жазылып туруптур…
* * *
– Ым-м, жүрөктүн кагуусу жайында экен…
– Доктор, сол колумдун тамырын кармап көрүңүзчү, оң колум протез!
* * *
Тергөөчү:
– Эмне үчүн бул машинаны уурдагың келди?
Ууру:
– Анткени машина мүрзөнүн жанында туруптур, мунун ээси небак өлгөн экен деп ойлогом.
* * *
Том өзүнүн эшегин чөп жебеске көндүрүү үчүн күн сайын чөптү аз-аздан бере баштайт. Акыры эшеги ачкалыктан өлүп калганда:
– Кап, жаңыдан чөп жебеске көнүп келатканда өлүп калбадыбы, өкүнүчтүү, – дептир.
* * *
Мунай магнаты Парижге аялы менен келип, Эйфел мунарасынын түбүндө туруп:
– Мындан жыйырма жыл мурда келгенимде да мунара ушундай эле турган. Өкүнүчтүүсү, ошондон бери бир галлон да мунай берелек, – дептир аялына.
* * *
Сот:
– Соттун чечими боюнча сен айыпсыз экенсиң. Эки аялы бар дегени чындыкка жатпады. Эми кете берсең болот, – дейт.
Соттолуучу:
– Ракмат, судья мырза. Бирок тынчыраак жашоо үчүн кайсынысынын үйүнө барганым оң? – деп кеңеш сураган экен.
* * *
Атасы:
– Э-э, кызым, эмнеге эртерээк турмушка чыкпайсың?
Кызы:
– Жыйырмадай жигиттин бир да бирин жактырганым жок. Дагы күтө түшөм, көңүлүмдөгү табылышы мүмкүн да…
Атасы:
– Убакытты өткөрө бербе…
Кызы:
– Кабатыр болбоңуз, ата, деңизде толгон балык бар, алардын ичинен бирөө сөзсүз кайырмакка илинет.
Атасы:
– Бирок кайырмак учуна илинген чырганын даамы убакыт өткөн сайын кете баштайт да!
* * *
Билл жаңы батиңке сатып алат да үйүнө коюп коёт.
Аялы:
– Билл, жаңы батиңкеңди эмнеге кийбей жүрөсүң? – дейт.
– Мен аны эртең кием. Анткени сатуучу бир жумадан кийин бутуңду кыспай калат деген, – деген экен Билл.
* * *
Рождестводо аялы менен коңшусуна конокко келишет. Күйөөсүнүн көбүрөк ичеринен кооптонгон аялы:
– Билл, байкап ич, – деп шыбырайт.
– Эмнеге? – дейт Билл, – арак тигилердики да…
– Арак тигилердики болгон менен ашказан сеники да… – дептир аялы.
* * *
Юанюан аттуу балдар бакчасында Жинжин бир досу менен аквариумдагы алтын балыкты карап турушат.
– Балык эмне үчүн унчукпайт, билесиңби?
– Билбейм.
– Ошону да билбейсиң, эгер сенин башыңды сууга тыгып койсо унчукканыңды көрөр элем…
– дептир Жинжин.
* * *
Физиология окутуучусу:
– Кайсы тиш эң акыркы жолу чыгат? – деп сурайт балдардан.
Бир окуучу:
– Кийме тиш, – деген экен.
* * *
Жолдон өтүп бараткан адам:
– Эй, бала, эмне ыйлап атасың?
– Тыйынымды жоготуп алдым.
– Ыйлаба, ме, тыйын.
Тыйынды алган бала дагы ыйлай баштайт.
– Дагы эмнеге ыйлап атасың, тыйының колуңда турбайбы?
– Эгер тыйынымды жоготпогондо, менде эки тыйын болмок да…
* * *
Үйбүлө күтүүнүн эрежеси жаңы жубайлардын дубалына илинип турат:
- «Аялдыкы дайыма туура».
- «Эгер аялдыкы ката болсо, үйбүлө күтүү эрежесинин биринчи беренесин караңыз».
* * *
Экскурсовод музейдеги нерселерди тааныштырып атты:
– Мына береки ташка айланган буюмга эки миллион тогуз жыл болгон, – деди.
– Айтыңызчы, бул буюмдун жашын кантип так айтып атасыз? – деп сурады туристтердин бири.
– Жөнөкөй эле, – деди экскурсовод, – мен ушул музейге жаңыдан ишке орношконумда бул буюмга эки миллион жыл өткөн экен. Ал эми менин иштегениме туптуура тогуз жыл болду.
Кытай тилинен которгон Аман САСПАЕВ
Колдоо көрсөтүү
KY
RU
EN
TR