АБЫКАЕВ Абийирбек: ГЕОРГИЙ ОГАРЁВ: МИҢ УЛАМЫШ

1-бөлүк

Акылмандык

Улуу император Акбардын тогуз акылманы бар эле. Бирок ал алардан бир нерсени үйрөнгөнү байкалчу деле эмес.

Бир жолу Акбар катуу жинденип, акылмандарын чакырды да мындай деди: «Эл дүйнөдө силерден ашкан кыйын акылмандар жок дешет. Бирок силердин бул жерде жүргөнүңөргө канча убакыт болду, силер мага эч нерсе үйрөткөн жоксуңар! Анда, бул жерде эмне кылып жүрөсүңөр?»

Бир акылмандын тестиер уулу падышанын сарайын көрөм деп ээрчип келген эле. Падышанын ачууланып айткан сөзүн уккан бала күлүп жиберди. Акбардын жини кайнай түштү:

– Бул кандай? Эй, сен күнөөдөн жаралган бала, сен кимдин алдында өзүңдүн түшүнбөстүгүңдүн мөөрүн ачканыңды билесиңби?

Бала тартынбай жооп берди:

– Улуу падышам, кечирип коюңуз, мен сиздин курмандыгыңыз болууга татыктуумун! Менин күлкүм сизди шылдыңдоого багытталган эмес, менин күлкүм – акылмандарыңыздын унчукпай олтурушканына байланыштуу, мага алардын эмнеге унчукпай олтурушканы, ошондой эле сиз булардан эмнене бир нерсе үйрөнө албай жатканыңыздын себептери жакшы белгилүү болду!

Акбар баланын көзүнө үңүлө карады. Анын жүзү наристе баланыкындай аруу тазалыкты, күнөөсүздүктү, ошол эле убакта карт убакыттай түпсүз тереңдикти чагылтып турган.

Акбар баладан сурады:

– Балким сен мени бир нерсеге үйрөтүп жүрбө?

Бала ишенимдүү үн катты:

– Ооба, үйрөт десеңиз үйрөтөм!

– Кана, эмесе үйрөт!

– Жакшы болот, бирок сиз тактыңыздан түшүп, ордуңузду мага бошотуп бериңиз. Ошондо сиз падыша катары эмес, менин окуучум катары суроо бересиз.

Акбар чындап эле тактысынан түшүп, ага чыгып олтурган баланын бут алдына келип олтурду. Бала такка олтуруп:

– Кана эми, сурооңузду бере бериңиз! – деди ал каадалуу.

Акбар суроосун берген жок. Ал баланын таманындагы жерге чекесин тийгизип мына мындай сөз айтты:

– Сенин билимиң менен акылмандуулугуңду кудай таалам көбөйтө берсин! Эми эч бир суроонун кажети жок болуп калды. Сенин таман алдыңда башымды ийип олтуруп, мен көп нерсеге түшүндүм.

Жылдыз санагыч да билбейт

Конфуций, Чыгышта саякатта  жүргөн кезинде, эки баланын чырлашып жатканын көрүп, алардын талашы эмне жөнүндө экенин сурады:

– Мен күн жаңыдан чыгып келаткан убакта адамдарга эң жакын, ал эми төбөгө келген убакта эң алыс жайгашат деп эсептейм, – дейт биринчи бала – А бул болсо, чыгып келаткан күн алыс, төбөгө келгенде эң жакын деп жатат. Ал дагы кошумчалап койду: – Күн чыкканда ал арабанын дөңгөлөгүндөй чоң, ал эми төбө келген кезде табактай болуп кичинекей көрүнөт, туурабы? Буюмдар жакындан чоң, алыстан кичинекей болуп көрүнөт да?!

– Күн жаңы чыкканда аба салкын, ал эми төбөгө келгенде ысып кетет. От алыстан муздак, жакындаган сайын ысык болбойбу? – деп каяша кылат экинчи бала.

Конфуций экөөнүн кимисиники туура экенин айта албай койду, эки бала аны шылдыңдап күлүштү: «Сени эмнеге эл бардыгын билет деп мактап жүрүшөт!?»

Келесоо ата-энелердин деле акылдуу балдары болот

Карга балапандарына үйрөтүп жатты:

– Эгерде адам келатып жерге эңкейсе, токтоосуз учуп кеткиле: балким ал жерден таш алып сени соккону жатат.

– Адамды көргөндө эле учуп кеткен оң болбосун? – дейт, анда акылдуу балапан. – Ал балким ташты эчак эле камдап алып, жеңине катып келаткандыр!

Куу окуучу

Окуучу сабакка кечигип келип, анын себебин түшүндүрүш керек болуп калды.

– Бүгүн жер аябай тайгак, – дейт ал. – Бир кадам алга жылсам, тайгаланып эки кадам артка кетип жаттым.

– Эгер ал айтканың чын болсо, – дейт мугалим, – сен азыр мектептин карама-каршы тарабында жүрмөксүң да.

– Аныңыз туптуура! – апкаарып калбай жооп берет окуучу. – Бирок агай, мен куулук кылып, анда мында арка жагымды карап бастым.

Сыйкырдуу тамак

Бир сараң адам баласына майда тыйын берип дүкөнгө жиберди:

– Баргын да, мага азыр жеп курсагымды тойгузуп, калганын жолго чыкканда жегидей тамак сатып кел.

Бала барды да туз алып келип берди.

– Мынакей, – деди ал, – сатып кел дегениңди алып келдим: ит болоюн, муну жесең курсагың да тоёт, жолго алганга да жетет.

Тапкыч бала

Бир картаң адам болуптур. Ал ушунчалык карыптыр, көздөрү жакшы көрбөй , кулагы каңырыш угуп, муундары титирейт. Жада калса кашыкты колуна жакшы кармай албай, тамак ичкенде оозунан куюлуп, боорунан бери төгүп-чачып жатып араң иччү экен. Баласы менен келини аны жийиркенип карашчу болду. Аны дасторконго чогуу олтургузбай, мештин артына эски табакка тамак берип жүрүштү. Абышка көздөрүн жалдыратып, ыйламсырайт, бирок аргасы канча дейсиң. Бир күнү табагын түшүрүп жиберип сындырып алды. Келини ачууланып, кыйкырып-өкүрүп урушуп жатты, а уулу оор үшкүрүп койду, бирок унчуккан жок. Анан абышкага жыгач аяк сатып алышып, тамакты ошо менен берип жүрүштү.

Бир күнү төрт жашар уулу жыгачтын кесиндисин таап алып, үйгө көтөрүп кирди.

– Муну эмне кыласың? – деп сурайт атасы.

– Жыгач аяк жасайм, – деп жооп берет уулу. – Мен чоңойгондо апам  экөөңөргө тамак куюп берем.

Океанда канча балык бар

Окуучу мугалимден сурайт:

– Океанда канча балык бар?

Мугалим минтип жооп бериптир:

– Сен мугалим болуп калсаң, окуучуларыңа мындай суроолорду бербей жүр.

Эрте турган адамдын бардыгына эле кудай бере бербейт

– Насреддин, уулум, эртең менен эрте туруп жүр, – деп кеңеш берди.

– А эмне үчүн?

– Бул жакшы адат. Кудай таалам ырыскыны эртең менен эрте бөлүштүрөт. Бир жолу мен таң атпай туруп бир жакка баратып бир мүшөк алтын таап алгам.

– Балким аны түнүчүндө бирөө жоготуп жибергендир?

– Жок, түнкүсүн ал жерде эч нерсе жок болчу.

– Анда эрте тургандын баарына эле бере бербейт экен да. Алтынын жоготкон адам сенден да эрте турса керек.

Ыйык иш

Бир жолу кичинекей бала мештин жанына жатып алып бир нерселерди чиймелеп жатыптыр. Аны көргөн атасы сурайт:

– Уулум, эмнени тартып жатасың?

– Кудайды, – дейт бала.

– Кудайды эч бир жан көргөн эмес. Бүт дүйнөдө анын өңүн көргөн адам жок, – дейт көптү билген атасы.

– Мен аны тартып бүтө элекмин да!

Байлар

Премьер-министр бүткүл кабинети менен самолётто учуп баратышкан.

– Эгерде, мен азыр бир долларды жерге ыргытсам, бир кишини бактылуу кылам, — деди ал дөөгүрсүп.

Ага бир министр кошумчалап койду:

– Биз онубуз бир доллардан ыргытсак, он кишини бактылуу кылмакпыз.

Баарынан акылдуу деген министри кошоматтанып мындай сунуш киргизди:

– Жүз доллар ыргытып, жүз кишини бактылуу кылбайлыбы?

Анын жанында олтурган жаш жигит министрди карап айтканы:

– А эмне үчүн Сиз, өзүңүз терезеден секирип кетип, миллиондогон кишилерди бактылуу кыла албайсыз?

Эмне үчүн болбойт?

Бир аял дайыма кичинекей уулуна акыл айтчу:

– Сен чоңойгондо өзүмчүл, сараң боло көрбө.

– Эмнеге? – дейт уулу.

– Билип кой, каралдым, – дейт энеси, – биз бул дүйнөгө башкаларга жардам кылуу үчүн келгенбиз.

Бөбөк бир аз ойлонуп, кайра суроо берди:

– А калгандар эмне кылышат?

Кудайга да жок, балмуздак да же

Кичинекей кызга бир аз тыйын беришти, ал ага балмуздак алып жемек болду.

– Кызым, сен тыйыныңды кудай жолуна садака кыл, – деп кеңеш берди ага дин кызматкери.

– Мен ал жөнүндө ойлогом, – дейт кыз, – мен балмуздак алып жесем, а дүкөнчү ал тыйынды садака кылса жакшы болчудай.

Окуунун натыйжасы

Кудайга катуу ишенген бир адам баласын дин эрежелерине ылайык тарбиялап өстүргөнгө аракет кылчу. Ал ыйык китептеги айтылган окуяларды мисал кылып, баласын жакшы адам болууга үндөөчү.

Бир жолу алар чиркөөгө чогуу келишти. Ал баласына бир жез, бир алтын тыйын берип, садага кылышын эскертти.

Чиркөөдөгү узакка созулган сыйынуудан кийин, бала садага салчу жерге барды да, үкөккө жез тыйынды салып, алтын тыйынды өзүнө калтырып койду.

– Эмне үчүн мындай кылдың? – деген атасынын ачууланып берген суроосуна ал мындайча жооп берди:

– Поп, Кудай ичиң оорубай, кубанып берген садаганы кабыл кылат деди, а мен жез тыйынды эч ойлонбой бердим, ал эми алтын тыйынды негедир бергим келген жок.

Мураскор сүйлөдү

Англиянын королу көптөн бери күткөн уулдуу болду. Туулгандан тартып ал чоң камкордукка алынып, эч нерседен кем болгон жок. Жылдар жылып мураскер да бойго жете баштады, бирок барган сайын  аз сүйлөп, акырында таптакыр эле сүйлөбөй калды.

Бир жолу көп эл чакырылган тойдо, аш ташыган кызматкер тарелкага бифштексти аңтарасынан салып келиптир.

– Кымбаттуум, сага бифштексти кандай беришти үйрөтүшкөн жок беле! – деп нааразы болду мураскор.

Баары сүйүнүп жатышты – тактын мураскору сүйлөп калыптыр!

Карып калган король көзүнө жаш алып андан сурады:

– Уулум, ушунча жыл эмнеге унчукпай койдуң?

– А эмне демек элем, баары эле туура болуп жатса…

Согуш эмнеден чыгат?

Бир жолу Пегги аттуу жаны жай албаган  бала ата-энесинен сурап калды:

– Согуш эмнеден чыгат? Эмне үчүн солдаттар бири-бирин аткылашат?

Ал муну сураган себеби, өзү согуш оюнун ойногонду жакшы көрчү.

Улут маселелерине дайыма кызыгып жүргөн атасы, уулунун суроосуна чатыштырып, татаал сөздөр менен түшүндүрүп кирди. Ал коомдогу мыйзамдар жөнүндө, маданият жана экономикалык маселелердин дал келбестиктерин айта баштады.

Апасы, жөнөкөй сөздөр менен түшүндүргүсү келип, сөзгө аралышты эле, экөөнүн ортосунда катуу талаш башталды. Ата-энесинин чатагы уламдан-улам ырбай берди. Пегги чочуп кетти: чоң чатак бышып жетилип калды.

– Токтоткула урушуңарды! – деп кыйкырды ал, – мен согуш эмнеден чыгарын түшүндүм!

Которгон Абийрбек Абыкаев