СЫДЫГАЛИЕВ Качкыналы: КАЧКЫНАЛЫ СЫДЫГАЛИЕВ: КЫЙШЫК БОСОГО

АҢГЕМЕ

Мамбет кайраттуу киши. Малдуу, жандуу. Алтымышка келсе да тизгинди колдон чыгарбай, үйдүн туусу. Айтканы айткан, дегени деген. Алган аялы да, балдары да ага көнгөн. Каяша айтуу деген жок. Эл арасында кара кылды как жарган калыс, барктуу адам. Үч кызын тууруна кондуруп, эки уулун үйлөндүрүп, кезек кичи уулуна келгенде чатак башталды. Убадалашып, кудалашып койгон кызга караманча кашайып үйлөнбөй койду.

— Ээ, Ысмайыл балам,- деди атасы уулун маңдайына отургузуп алып,- сени кудай берип, сен жарык дүйнөгө келгенден кийин бир ай өтпөй аяш апаң кыз төрөгөн. Биз карып, төмөндөп баратабыз, балдар биздин жолубузду жолдосун, сөөк жаңырталы деп кызына куда түшкөнбүз. Калыңын чала-чарпыт төлөп койгонбуз. Кенжебүбү биздин закондуу келинибиз. Сен ага сөзсүз үйлөнүшүң керек.

— Кудалашкан кызыңызга үйлөнбөйм деп айтпадым беле, ата.

— Ага үйлөнбөгөндөй мурду бучук, көзү сокур бекен? Ал кыз сулуунун сулуусу. Энесин тартып адептүү.

— Көзү да бар, мурду да бар, бирок ага өлсөм да үйлөнбөйм.

— Эмне үчүн?

— Мен аны сүйбөйм.

— Ээ, балам сүйүү үйлөнгөндөн кийин өзү келет. Мына, мен сенин апаңды сүйлөшмөк түгүл көргөн эмесмин. Чоң атаң алып берди эле, жакшынакай сүйүшүп-күйүшүп жашап калдык. Алты баланын энеси болду. Сен ага үйлөнбөсөң кайсы бетим менен алган калыңды кайрып бер деп айтам. Анын үстүнө эл эмне дейт. Баласына тили өтпөй тентиреген чал дебейби атаңды. Мен айттым, үйлөнөсүң! Ойлон, бир жумадан кийин жообун бересиң. Уктуңбу?!

— Уктум ата,- деди Ысмайыл башын жерге салып,- бир жума күттүрбөй азыр эле жообун айтайын. Кенжебүбүгө үйлөнбөйм,- деп жооп айтып үйдөн чыгып кетти.

Бозала болуп отуруп калган эринин көңүлүн жооткотуп:

— Байым, эне баланы төрөйт экен, кулк мүнөзүн төрөбөйт турбайбы. Бир кезде «кыз баланын тарбиясы энеден, эркек баланын тарбиясы атадан» деп айтчу элең го. Уулуң сенин тарбияңдан чыгып баратат, аны уга турган кылып какыс-кукус кылып койбойсуңбу.

— Ээ, байбиче, айтканга көнбөгөн баланы уруп-согуп көндүрө албайсың. Ысмайыл көк таштай көгөргөн менен акыл эстүү, бүгүн макул болбосо кийин макул болот. Күтө туралы.

Атасы айткандай бир жума күттү, бир ай күттү, бирок натыйжа чыкпады. Көгөргөн уулу көгөрүп макул болгон жок. Атасы ачуусу келип кемпири менен уулун отургузуп алып:

— Уулум, айтканга көнбөдүң. Досумдун астында, элдин астында уятка калтырдың. Кенжебүбүнүн көчөсүнөн өзүң да өтө албай калдың. Эл сени көргөндө көздөрү сааттын жебесиндей айланып жек көрүп карап калышты. Мен акча берейин. Башка жакка барып үй, мал сатып алып, жактырган кызыңа үйлөнүп, эл көзүнөн далдоо болуп билгениңче жаша. Таарынчты да, ооруну да мезгил айыктырат. Аманчылык болсо арзып алган аялыңды да көрөрмүн, көрбөсөм арманда жүрүп өлөрмүн. Жаш жигитке аял алыш оңой, акылдуу, адамкерчиликтүү аял табыш кыйын. Никелешкен кызың турмушка чыгып кетсе, келгин куштай кайрылып кийин келип кетээрсиң…

Сөз бүттү. Атасы айткандай болду. Ысмайыл алыскы аймакка барып үй сатып алды. Арадан эки жыл аласалып өтүп, жадыраган жаз эки ирет гүлүн ачканда атасы атына минип уулун издеп чыкты. Сураштырып, көк дарбазанын жанына токтоп «ким бар?» деп үн катканда: «мен бар» деген аялдын чайылдаган ачуу үнү чыкты.

— Ысмайылдын үйү ушулбу?

— Ушул. Эмне кыласың?

— Ишим бар, сүйлөшөйүн дедим эле.

— Ысмайыл үйдө жок. Кечте келет.

— Мен жолоочумун, күткөнгө убактым жок. Эриң келгенде босогоң кыйшык экен деп айтып кой,- деп Мамбет бастырып кетти.

Кечте эри иштен келгенде аялы бежиреди:

— Бүгүн бир жолоочу чал келип босогоң кыйшык экен, эриңе айтып кой деп калжырады. Ал кеткенден кийин чыгып карасам, дарбазанын босогосу түптүз эле турат.

— Ал чалды түшүрүп чай бердиңби?

— Көрүнгөн жолоочуга чай бергендей мен жинди эмесмин да…

Ысмайыл атасы келип сүйлөшкөн аялдын дидарын көрбөй туруп келинин жактырбай кеткенин дароо түшүндү. Акыйкатта аялы акылы кыска, адамкерчилиги жок эле. Аны кетирип, башка аял алып жашап калды. Атасы экинчи сапар уулун издеп чыкты. Баягыдай эле аттан түшпөй көк дарбазанын жанында туруп үн катты:

— Ким бар үйдө?

— Мен бар,- деп жаагы узун жаш келин чыкты.

— Ысмайылдын үйү ушубу?

— Ушул, бирок ал үйдө жок. Кечте келет. Керек болсо күн бата келсеңиз болот.

— Мен күтө албайм, убактым жок. «Дарбазасынын босогосу кыйшык экен» деп эриңе айтып кой, — деп Мамбет бастырып кетти.

Узай түшүп бурулуп караса, келин сестейип, заарын көзүнөн чачыратып тиктеп турган экен.

Эри кечте үйгө келгенде аялы жолоочу чалдын келгенин, анан «дарбазасынын босогосу кыйшык экен» дегенин айтты.

— Үйгө киргизип, даам ооз тийгиздиңби?

— Жок, өзү түшпөсө мен аны чакырмак белем,- аялы мурчуюп койду.

Алган аялы ажаан чыкканын, коңшу-колоң менен тынч жашабаганын өзү да билет. Атасына келини жакпай калганын түшүнүп, аны менен да ажырашып тынып, башка аялга үйлөндү. Жыл айлангандан кийин атасы уулун дагы издеп чыкты. Баякы көк дарбазанын эшигине келип үн салды:

— Үйдө ким бар?

— Мен бар ата,- деп орто бойлуу чырайлуу жаш келин чыкты.

— Ысмайылдын үйү ушубу?

— Ушул, ата. Мен анын келинчеги болом,- деп карыяга ийилип жүгүнүп таазим кылып,- түшүңүз, ата, чай ичиңиз. Сиз чайланып эс алганча эрим келип калат,- деди.

— Жок балам, күткөнгө убактым жок. Буюрса, башка күнү келем.

— Антпеңиз, ата. Шашсаңыз, чайга күтпөсөңүз, кымыз ичиңиз. «Суу менен жер көгөрөт, бата менен эр көгөт» дейт эмеспи. Даам ооз тийип батаңызды берип кетиңиз, ата, — келин суранганда Мамбет аттан түшүп, кымыз ичип, бата берип:

— Балам, ырахмат сыйыңа, эриң келгенде дарбазасынын босогосу түз салыныптыр, айлыбыздын үстүндө кара булут бар эле, аны шамал эбак эле айдап кеткен деп айтып кой, балам,- деп коштошуп Мамбет карыя атына минип бастырып кетти.

Узай түшүп артына кылчайса, келин кол булгалап коштошуп дарбазанын жанында туруптур.

Ысмайыл кечте келгенде келинчеги көргөн билгенин төкпөй-чачпай айтып берди. Атасынын келинине ыраазы болгонун, баякы кудалашкан кызы эрге тийип кеткенин түшүндү.

— Сен ким менен сүйлөшкөнүңдү билесиңби? — деди Ысмайыл.

— Билбейм, бирок Кызыр Алейсаламга окшогон салабаттуу карыя менен сүйлөштүм. Баамымда — акылдуу адам көрүнөт. Мен кымызды сунганда, аякты колуман алып жатып: «Сага окшогон келин баламдын колунан даам татканга кудайга ыраазымын» деп кобурап калды.

— Билбесең, ошол сенин кайын атаң. Сен ага жагыпсың. Барып алдына чөгөлөп таазим кылып, кечирим сурап келели, — деди Ысмайыл.

Алар эртеси эртең менен тамак-ашын, кийгизер кийитин атка артынып, келинчеги экөө эки атка минип айлына жүрүп кетишти…