АБЫКАЕВ Абийирбек: ГЕОРГИЙ ОГАРЁВ: МИҢ УЛАМЫШ (3-БӨЛҮК)

Ойчул дыйкан

Иосиф аттуу еврей дыйкан жашаптыр. Ал ойчул эле. Бир иш кыларда, кандай кылсам деп ойлонуп жатып, учурду өткөзүп жиберчү да, иштери чала бүтө турган.

Бир жолу ал базарга буудай сатмак болуп жөнөйт, кетип баратып аялына:

— Буудайды сатып бүтөр замат, телеграмма жиберем, – деп убада берет.

Ал буудайын жакшы баага сатты да, почтага жөнөдү.

Телеграмма жазчу кагазды алып, ал минтип жазды:

«Буудай жакшы киреше менен өттү.Эртең барам. Сүйөм жана бетиңден өөп Иосиф.»

Ал адатынча ойлоно баштады: «Аялым мени жинди болуп калган экен деп ойлойт го. Эмне үчүн киреше? Мен эмне буудайды чыгаша менен саткан жаттым беле?» Ал «киреше» деген жерин чийип салды. Ал андан ары изилдеп кирди, бир ката кеткен жерден каталар дагы деле кетиши мүмкүн, ошондуктан ар бир сөзгө көңүл бура баштады. А эртең барам деп эмнеге жаздым, аялыма ансыз деле сатып бүткөндөн кийин келем дебедим беле, бүрсүгүнү же кийинки жылы барам деп айткан жокмун да. Ал эртең барам деген сөздү чийип салды.

Анан күлүп жиберди: «Өзүмдүн аялыма жазып жатып Сүйөм жана бетиңден өөп  деп эмне жаздым, бирөөнүн аялынан бетер»? Ал аны да чийип салды.

Эми бир гана «Иосиф» деген сөз калды. Ал эми минтип ойлоду : «Иосиф, сен эмне жинди болдуңбу, сенин атыңды аялың ансыз деле билет». Ал телеграмманы тытып ыргытып жиберип, ушунча акчаны үнөмдөп калганын ойлоп сүйүнүп баратты.

Артын берсин?

Кемеге олтуруп жатканда бир жолоочунун алтын салган капчыгын уурдап кетишти. Уккандын баары ууруну каргап, тигиге көңүл айтып атышты. Ал болсо эч камырабастан күлүп: “Артын берсин”, – деп койду.

Жолдон кеме бороонго туш болуп, кеме чөгүп кетти. Баары чөгүп, жалгыз баягы акчасын уурдаткан жолоочу бир аралга аман чыгыптыр.

Аралдын жашоочулары анын аман калганын чоң окуя катары баалап, сөз кыла баштаганда, ал кайрадан күлүмсүрөп: “Мен кемеге жол акысын башкалардан эки эсе ашык төлөгөм”, – деген экен.

Билимдин кем жерлери

Дарыядан аркы жээктен берки жээкке өткөзүп турчу кайыкта кетип баратканда кайыкчынын сүйлөгөн сөзүнөн ката тапкан окумуштуу сурайт:

– Сен эмне грамматика окуган жок белең?

– Жок.

– Ай байкушум! Жарым өмүрүңдү бекерге жоготуптурсуң да.

Бир аз убакыттан кийин катуу шамал согуп, бороон башталды. Кайыкчы жүргүнчүсүнө суроо узатты:

– Сүзгөндү үйрөндүң беле?

– Жок, эмне болду?

– Байкуш! Сен бүт өмүрүңдү жоготуп жатасың, биз чөгүп баратабыз!

Алтын

Бир жолу бир катчы ойлонуп олтуруп, негедир эле алтындуу болгусу келди. Базарга барып алтын саткан дүкөндөн бир алтынды акырын алды да, качып жөнөдү. Аны байкап калышып, кууп барып кармап алышты. Андан тартип сакчысы:

– Тегерегиңде эл толуп жүрсө, алтынды кантип коркпой уурдадың? – десе,

– Ал убакта мага алтындан башка нерсе көзүмө көрүнгөн эмес, — дептир.

Каалашыңча ал…

Кожо Насреддинден бир досу кыска мөөнөткө карызка акча берип тур деп сурайт.

– Акча бере албайм, – дейт молдо, – а мөөнөттү каалашыңча ала бер.

Чындык

Жол боюнда куурап бараткан дарак өсүп турган.

Караңгыда ууру аны көрүп чочуп кетти, – ага аны полиция аңдып тургандай сезилди.

Сүйгөн кызына келаткан жаш жигит сүйүнүп кетти, – ага карт дарак, анын жолун тосуп чыккан сүйгөнүнүн караанындай көрүнгөн.

Коркунучтуу жомокторду көп уккан өспүрүм корконунан ыйлап жиберди, – ага бактын карааны арбак болуп көрүндү.

Бардык учурларда ал баягы эле карт дарак болучу.

Биз дүйнөнү өзүбүз кандай болсок ошондой көрөбүз.

Мурас

Бир адамдын жакшы көргөн ити өлөт. Ал аны жакшылап жууп, кепиндеп мусулмандардын көрүстөнүнө алып барып көмдү. Бул кабар жергиликтүү казыга жетип, ал аны шариатка  каршы иш жасаган катары жазалоону чечти.

Ал адамды чакыртып келгенде, ал казынын кулагына эңкейип шыбырады:

– Менин итимдин бир топ акчасы бар эле, ал керээз кагаз калтырып, акчанын бир бөлүгүн сизге калтырыптыр.

– Кудай таалам ага бейишин берсин! – деп жашып кетиптир казы.

Көптү кааласаң – керектүүнү жоготосуң

Бир соодагер балык уулап жүрүп, мурда көрбөгөн бир башкача балык кармап алды. Канатчалары алтындай жаркырап, денесиндеги күмүш кабыкчалар күнгө чагылышат. Капилеттен балык кишиче сүйлөп жиберди:

– Боорукер, мырза, мени кайра көлгө коё берсең, каалаган үч тилегиңди аткарып берем.

Соодагер ойлонуп туруп мындача жооп берди:

– Беш каалоомду аткар, мен макулмун.

– Мен үчтөн ашык каалоону аткара албайм.

– Макул, төрт жарым.

– Үч, – деп шыбырады балык.

– Макул, анда төрт болсун. Макулсуңбу?

Балык үн каткан жок. Ал өлүп калыптыр.

Чынчыл фанат

Бир футбол сүйүүчү сүйүктүү командасынын оюнун көрүп үйүнө келди. Аялы окуп олтурган гезитин четке коюп сурап калды:

– Бери карасаң, Фред. Бул гезитте футболду жакшы көргөн бир адам, аялын бир сезондо болчу оюндардын бардыгына бекер кирүүгө уруксат берген абонементке алмаштырып жибергени жазылыптыр. Сен андай ишке барбайт элең да ээ, кымбаттум?

– Алибетте, алмашпайм, – деп жооп берет Фред, – бул акылы жоктук жана кылмыш, анткени сезондун теңи бүтүп калбадыбы.

Арыз

Сотто аялы арызданып жатты:

– Күйөөм он жети күндөн бери мага бир ооз сөз айтпай койду!

– Ал эми гана көрүптүр! – дейт ачууланган эри. – Он жети жылдан бери мени ооз ачырбай келатат.

Сүйүү жок жерде, бакыт жок

Чыпалак киши менен Алп экөө кимибиздин жашообуз  жеңил деп талаша кетишти.

– Талашып эмне кыласың! – дейт Алп. – Сен бир бечарасың. Сенин эч нерсеге туруштугуң жок. Шамал болсо жерге кулайсың, жер титиресе жердин алдында каласың, куюн болсо такыр эле чаңга айланып каласың.

– Болбогон нерселер! – дейт эр көкүрөк Чыпалак киши… – Биздин чөлкөмдө жер титиребегенине жүз жылдын жүзү болду. Ал эми жашоо дегениң миң түрлүү түйшүктөрдөн турат. Ал түйшүктөрдү сага караганда мен жеңил көтөрөм.

Мына, бир эле мисал, сен бир олтуруп тамак ичкениңде эле эки койдун эти, үч пуд буудай жемейин тойбойсуң. А мага бир нече тоголок буудай жетиштүү.

Экөө бир далайга чейин талашып жатышты. Аңгыча, шалбалуу талаа менен алчактаган араб атына аппак көйнөгүн шамалга желбиреткен кымча белдүү сулуу кызды өңөргөн жигит чаап өтүп кетти…

Чыпалак адам менен Алп көпкө чейин унчукпай, тигил бактылуу жигитти суктануу менен карап узатып кала беришти.

(Уландысы бар)

Которгон Абийрбек Абыкаев