АБЫКАЕВ Абийирбек: ГЕОРГИЙ ОГАРЁВ: МИҢ УЛАМЫШ (4-БӨЛҮК)

КАЙРЫМДУУЛУК

Бир бай таанышынан сурап калды:

– Мени эмне үчүн сараң дешет, а менин болгон байлыгымды өлгөндөн кийин кайрымдуулук фондусуна мураска калтырарымды баары жакшы билишет?

– Мен сага чочко уйга кантип арыз-муңун айтканын айтып берейин, – дейт анда таанышы, – «Адамдар дайыма сени ак көңүл дешип, сулуу көздөрүңдү макташат. Ооба, сен аларга сүт менен май бересиң, бирок мен сенден да көп берип жатпаймынбы: колбаса, сан эт, кол, эт, котлеттер жана башка тамактарды менин этимден жасашат, ал тургай шыйрактарымды да кайнатып жешет! Баары бир мени жакшы көрүшпөйт. Эмне үчүн андай?»

Уй бир аз ойлонуп туруп мындай жооп бериптир: «Балким мен бере турган нерселеримди көзүмдүн тирүүсүндө берген үчүндүр?»

Ката

Бир адамдын балтасы жоголот. Ал аны кошунасынын баласынан көрүп, аны аңдый баштады: карасаң ошол эле алгандай тартынып, жаныңдан оолактайт, сүйлөшсөң көзүн ала качат, – кыскасы, анын жүрүш-турушу балтаны ошол эле алганын айгинелеп турду.

Бир күнү ал балтасын топурактын астында калган жеринен таап алды.

Эртеси күнү кошунасынын баласын караса ууруга түк окшошпойт.

Бирөөнүн берген май токочун жегиче, каткан нан менен суу ичкен артык

Бир жолу Харун ан-Рашид тилинен чаңы чыккан думана чалыш Бухлух аттуу  адамга өзү жеген тамактардан берип жиберди. Бухлух шаар четиндеги таштанды төккөн жайдын жанында, жолбун иттер туруктуу конуш кылган жердеги кепесинде турчу.

Ага ар түрдүү, мурда атын да укпаган тамактарды алып келишкенде Бухлус жини келип мындай деди:

– Мага халифтин калдыктарынын кереги жок, тиги иттерге бергиле!

– Сен эмне, жиндисиңби! Бул халиф өзү жеген тамактар да! – деп кыйкырышты халифтин жөкөрлөрү.

– Эй, акырын! – дейт сөөмөйүн эрдине тийгизген Бухлух.– Иттер халиф жеген тамак экенин угуп калышса жебей коюшат!

Шамалга каршы түкүрбө

Бухлух анын жибергенин иттерге салып бергенин уккан султандын ачуусу аябай келди. «Бул айбанды кантип акылына келтирип койсом?» – деген ой күнү-түнү тынчын алды.

Бухлухтун кылганы анын намысына аябай тийип, жанын жай алдырбай, акыры ал эч кимге көрүнбөй жалгыз барып аны менен мамилесин оңдоп келүүнү чечти.

Бухлухтун жашаган жерине келгенде, ал жерде алды-артына ыргалып олтуруптур.

– Сага эмне болгон, Бухлух? – деп жайма-жай сурады султан.

– Мага эч нерсе болгон жок, – дейт думана, – а өзүңүзгө эмне болгон улуу өкүмдарым, ушундай эрте, маймылдарыңызды ээрчитпей жалгыз келип калганыңызга жол болсун?!

– Уксаң, Бухлух, – дейт султан, – менин падышачылыгымда бир нерсеге нааразы болуп жашаган адамдардын болушун каалабайм. Айтчы, сени ким таарынтты, эмне кем карчың бар? Эмне үчүн бирөөгө таарынгансып жүрөсүң?

– Мырзам, эмнегедир падышалар айтчу сөздү айтпай жатасыз! – деп жооп берди Бухлух.

– Эми, учуру келгенде айтчу нерселеримди айтып алайын.

– Билесизби, өкүмдарым, ар ким эмнеге умтулса ошого жетет. Эгерде мен таштандылардын жанында, ачка, жолбун иттердин арасында жашап жатсам – демек, мага ошондой жашоо жагат. Эгерде мен сиздин элчи-маймылдарыңызды кубаласам, алар кандайдыр бир жаңылыштык кетиришкен. Эгерде, менин сизди сыйлабай койгонум сизге жакпай, намысыңызды козгоп жатса – сиз бир жерден туура эмес кылгансыз. А эмнени туура эмес кылганыңызды өзүңүз менден да жакшы билесиз. Андай болгондон кийин  эмне жөнүндө сүйлөшөбүз?

– Ой, Бухлух! Сени менен эч келише албайт окшойбуз, – деп титиреңдей баштады султан. – Бирок жок дегенде түшүндүрчү, эмне эле бардыгын шылдың кыла бересиң? Ошондон кандай ырахат аласың?

– Бул сурооңуз мага аябай жакты, – деп ажыккыстанды Бухлух. – Адегенде мага жооп бериңизчи: өзүңүз кол алдыңыздагы элди коркутуп, зордук менен башкарып тургандан кандай ырахат табасыз?

– Кандай ырахат!? – деп бакырды өзүн кармай албай калган султан. – Бул деген мамлекеттин зарылчылдыгы, менин милдетим! Сен саясат менен олчойгон чоң мамлекетти башкаруу тууралуу эмне билесиң?!

– Эч нерсе билбейм, билгим да келбейт. Ар кимдин өз көйгөйү бар, – Бухлух көңүл ача баштады. – Андай эле мамлекеттин иши оордук кылса, ал тургай султандын милдеттеринин оордугуна мага келип даттанып жатсаңыз, анда эмне ушул убакытка чейин баркыт шымыңызды тактыга сүртүп, жыртып олтурасыз?!

– Жаагыңды жап, айбан! – өзүн жоготкон султан шилекейин чачыратып, толгон токой жаман сөздөр менен сөгүнүп кирди.

А Бухлух турду да унчукпай басып кетти.

– Токто! – деп бакырды султан. – Мен уруксат бере электе басып кеткенге кантип батындың!?

– Мен сиздин камыңызды ойлоп кетип баратам, кымбаттуу өкүмдарым, – деп түшүндүрдү Бухлух. – Бизде, шаардын четинде катуу шамал болуп турат. Мына азыр да ал сиз тарапка сого баштады. Эгерде бир аз унчукпай турсаңыз, өзүңүздүн сөзүңүз кайра өзүңүзгө кайтып келип жатканын байкайсыз. Ошондуктан шамалга карап түкүргөндөн сактаныңыз!

Чындыктын өз убагында айтылганы жакшы

Бухлух султандын жакшы мамиле түзөлүк деген сунушун четке каккандан кийин, кошоматчылары аны соттомок болушту. Бухаралыктардын баары чогулуп келишти: бай чиновниктер, көпөстөр, карапайым калк, ал эмес көчөдөгү ээн баш балдардан бери келишти. Алардын бардыгына сот эмне менен бүтөрү кызык эле. Анын үстүнө шаардыктардын Бухлухка болгон мамилелери да өзгөчө болчу: кээ бирлери ага өлгүдөй таарынып жүрүшсө, кээ бири достук мамиледе, үчүнчүлөрү аны менен жолугушуудан чочулап турушчу. Бир сөз менен айтканда, кызыктуу окуя күтүлүп жаткан.

Айыптоочулар топурап кезекте турушту.

Биринчи сөздү султандын кеңешчиси Мурза алып сүйлөп, тилдерине алы келбеген немелерден мамлекет кандай зыян тартарын кеңири баяндап бергенден кийин, ал сотко Бухлух, аны кантип күндү кармоонуу үйрөтөм деп көп акчасын алдап кеткенин айтып арызданды.

Экинчи болуп сөз алган хан сарайдын жөкөрү, аны эркиндиктен чектен ашык пайдаланып, өкүмдардын жиберген белектерин кудайга жакпаган сөздөрдү айтып алгандан баш тартып, урматтуу султандын кадырына доо келтиргени тууралуу дооматын айтты.

Үчүнчү болуп текчеге курсагын салаңдаткан семиз көпөс чыкты, ал Бухлухтун базардагы тартипти кандай бузганын айтып жатты. Анын айтымыда, ал үкүнү боёп алып, аны адамдан да ашкан акылман деп мактап, элдин баарын тегерегине чогултуп алгандыктан, башка соодагерлердин соодасына кедерги болгон имиш.

Андан башка да доогерлер болду.

Акыры соттун үнү жаңырды:

– Кана, Бухлух! Бул коюлган доолорго эмне деп жооп бересиң? Сүйлө!

– Кымбаттуу соттор! – деп сөзүн салтанаттуу баштады Бухлух. – Жана дагы элдик соттун мүчөлөрү, күбөлөр, айып тагуучулар, ошондой эле көрүүчүлөр! Мени акыйкаттуулугу менен белгилүү болгон ушул сотко кадырлап чакырганыңызга кубанычтуумун. Бардыгынан да, мени бүткүл шаардын эли сөзүмдү көңүл коюп угуп жатканы ырахатка бөлөйт. Урматуу сот мага сүйлө деп буйрук берди. Бир жолу менин тааныш корозума да тоокканадагы тооктор “Ырда” дешкен. Ал аларга мындай жооп айткан: “Ар нерсенин өз убагында болгону жакшы”. Андан кийин кечке чейин үн каткан жок.

Бухлух да андан кийин таптакыр унчукпай койду. Соттор айлалары кетип, жөнү жок чыр башталып кеткенден сактанышып, сотту кийинкиге жылдырышты.

Чындыкка тамаша кошуп айт

Базардагы эл бир күнү чогулуп алып, Бухлухту ыңгайсыз абалга кептеп, андан өч алууну чечишти. Анткени ал дайыма аларды шылдыңдап, өзү суудан кургак чыгып кетчү.

Ошол учурда Бухлух базарга үкү сатканы келип калды. Ал үкүсүн жерге-сууга тийгизбей мактап жатты: бул чет элден келген окумуштуу үкү, мындай үкү дүйнөдө аз эле, ким муну сатып алса, жаңылбайт – ал акылмандыкка жана башка нерселерге да үйрөтөт.

Сүйлөшүп алышкан эл аны тегеректеп алышты. Алдыда турган бирөө тийише баштады:

– Мен сенин үкүңдү сатып алайын, бирок сен бир номур аткарып беришиң керек.

– Ал эмне болгон номур? – деп таңгала түштү Бухлух.

– Сен бийлеп бер, биз карап турабыз!

Бардыгы Бухлухтун бийге жок экенин жакшы билишчү.

– Бийлеп бермекмин, бирок менин буттарым ийри! – деп күлдү ал.

– Анда казды туурап басып бер! – дешти турган эл.

– Мага бир тааныш карга, казды туурайм деп шыйрагын сындырып алган. Эмдигиче айыга албай жүрөт.

– Бухлух, сага айла жок экен го! Мындай акылды кайдан аласың?

– Мына бул үкү үйрөтүп жүрбөйбү! – дейт Бухлух. – Ким сатып алса ал да акылдуу болот.

Ошентип ал үкүсүн сатып жиберди. Бир тобу талашып, жетпей калышты.

Жиндиге мактоо жарашат

Бир күнү Бухлухка баягы үкүнү сатып алган адам келип, доомат кыла баштады:

– Алдамчы! Сен мага үкү акылмандыкка үйрөтөт дебедиң беле. Ал күндүз кечке уктап, түнкүсүн көзүн балбылдатып,  гу-гу-ку дегенден башканы билбейт. Үйрөткөн акылы кайсы?

– Тууганым, сен кандай акылды кааладың эле?

– Мен чыныгы акылды үйрөнсөм дегем!

– Оо, шумдугуң кургур! Чыныгы акыл эмне экенин билет да, анан да эч нерсе үйрөнгөн жокмун деп коёсуң! Аны сага үкү үйрөтпөгөндө ким үйрөттү! Түнкүсүн сен уктап жатасың, ал эмне үчүн уктабай олтурат? Ал сени сыйкыры менен, мээңе акыл киргизип жатат!

– Демек, мен акылман турбаймынбы? – тынчтана түштү тиги адам.

– Ооба, бир топ эле акыл кириптир! – деп ишендирди Бухлух.

– Анда эмне сенден башкалары аны байкабай жатышат? Тескерисинче, үкүдөн акыл үйрөнгөн жинди дешип шылдыңдап жатышпайбы.

– Өзүң ойлонуп көрчү, акылы жок келесоолор сенин акылдуу экениңди түшүнүшмөк беле? Белгилүү да, жиндилер дайым элдин баарын өзүңдөй көрүшөт.

– Туура айтасың. Мен муну кантип ойлонбой калдым?!

Тиги сүйүнүп калды, Бухлух ага дагы бир себетин сатып, жолго салды.

Кантип акылдуу болуш керек?

Жаш жигит акылманга келип кеңеш сурады:

– Акылманым! Айтыңызчы, мен акылман болуш үчүн эмнеден башташым керек?

Акылман жооп берген жок. Суроосун бир нече жолу берип жооп ала албай артына кайтты. Бирок жаш жигит тажап калбай ал суроосун кайра-кайра келип берип жатты. Бир күнү акылман аны жакын жердеги дарыяга ээрчитип барды. Чечинишип сууга киришти. Терең жерге жеткенде акылман жигитти эки ийнинен бекем басып, аны сууга тумчуктура баштады. Жигит тыбырчылап, такыр шайы кетип калганда коё берди да, ал бир аз эс алган соң ага суроо берди:

– Уулум, суудан чыга албай жатканда эң биринчи эмне жөнүндө ойлодуң?

– Аба! Аба! Абадан башка эч нерсе эсиме келген жок! – эч ойлонбой жооп берди жигит.

– Ошол кезде, байлык, бийлик, мансап, сүйүү сунуш кылса алар белең? Алар жөнүндө ойлогон жоксуңбу? – деп суроосун улантты акылман.

– Жок, акылманым, мен абадан башка эч нерсе ойлогон жокмун! – жоопту күттүрбөй берди жаш жигит.

– Мына, – дейт анда акылман, – акылман болуш үчүн жана абаны кандай кааласаң, аны ошондой каалашың керек. Ал үчүн башка максаттарыңдын баарын унутуп, ага умтулушуң керек. Акылман болууга бүт эркиңди жумшасаң гана акылмандуулукка жетесиң, уулум.

Сезим көп болсо, кайгы көп

Аксак Темир Иранды багындырганда, элге аралашай, өз алдынча бекинип жашап күн көргөн атактуу акын Хафизди алдырып келип, ага мындай дейт:

– О Хафиз! Мен көп өлкөлөрдү багындырдым, өзүбүздүн динге бир канча элди кийирдим. А ошонун баары эмне үчүн?  Бухара менен Самарканддын атагын алыска таанытуу үчүн! А сен ошонун баарын сулуунун бетиндеги бир калына алмашууга даяр экениңди ырларыңда айтыптырсың. Бул кандай…

– Ошон үчүн мен жакырга айланбадымбы, – деген экен Хафиз.

Ким кандай баага татыйт?

Персид акыны Жами аксак Темирдин хан ордосуна чакырылды. Эл падышасы акылдуу адамдар менен аңгемелешкенди жакшы көрчү. Сөз кандай киши кандай бааланат деген нукка кетти…

– Мени канчага баалайт элең? – деп сурады Темир Жамиден.

– Мен сени он алты динарга баалайм.

– Кантип?! – дейт Темир. – Менин олтурган көпчүк эле он алты динар турат!

– Көпчүктүн баасын кошо киргиздим, – дептир анда Жами.

Накта ырахат кайда

Бир жалкоо жигит жашаптыр.  Керээлдин кечке эмне кылышты билбей, ары-бери темселеп, эч нерсени жактырбай басып жүрчү.

«Чыныгы ырахат кандай болду экен? – деген ой келди анын башына, бир күнү. – Издеп көрүш керек экен!»

Ошентип ал жолго чыкты. Бир канча убакыт өткөн соң, тоо этегинде жер сайып жүргөн дыйканды жолуктурду.

– Чоң ата, сиз өз өмүрүңүздө көптү көрдүңүз, сиз накта ырахатты кайдан жана кантип алышты сөзсүз билсеңиз керек, мен аны кайдан тапсам болот?!

– Мен го билем, – дейт аксакал. – Бирок аны айтып берип олтурганга убактым жок, кылып жаткан жумушумду таштай албайм!

– Анда мен сиздин жумушуңузду бүтүрүп берейин, андан кийин сиз мага айтып бериңиз, макулсузбу?

– Мейли анда, иштеп көр!

Жигит күрөктү алып, жер сая баштады. Күн кактап, жонунан тер чыпылдап чыкты… Ал токтобой жерди каза берди – анткени, суроосуна жооп алууну аябай каалаган эле. Аксакал бактын көлөкөсүндө жамбаштап жатып алып, жигитти байкап жатты. Эки, үч сааттан кийин ал жигитти чакырды:

– Эй, жигит, кел бир аз эс алып ал!

Жигит күрөктү таштап, дыйкандын жанындагы салкын көлөкөгө келип олтура кетти.

– Ах, кандай жакшы! Кандай ырахат! – деген сөз оозунан кандай чыкканын өзү да байкабай калды.

– Мына, өзүңдүн сурооңо жооп таптың! – дейт аксакал. – Эгерде, чеке тердетип, ак эмгек кылсаң, ырахат сени өзү издеп табат.

Коркунучтуу болжол

Бир даабатчы ар дайым бейиштин жыргалы тууралуу айткандан тажачу эмес.

– А эмне үчүн тозок жөнүндө эч нерсе айтпайсың? – деп сурашты андан.

– Ал жөнүндө айтуунун кажети жок. Барганда өзүңөр көрөсүңөр.

Туура жолдо

Бир хасиддик окутуучуга бирөө келип суроо берет:

– Акылман болуу үчүн эмне кылышым керек?

Устат мындай деди:

– Сыртка чык да, тигил жерге барып тур.

А көчөдө нөшөлөгөн жамгыр жаап жаткан. Тигил таң калды: «Бул жерде тургандан мага кандай жардам?» Бирок устаттын тилин угуп, көчөдө жети катарынан суу өтүп, кургак жери калбай калгыча турду. Анан үйгө кирип сурады:

– Тур деген жериңе туруп келдим, андан эмне болду?

– Сен сыртта турганда,– деп суроо узатты устат, – башыңа бир ачылыш келдиби?

– Кайдагы ачылыш? – таң кала түштү тиги. – Мени сырттан караган киши жинди деп ойлоду болуш керек!

– Бул чоң ачылыш! – дейт устат. – Бул акылмандыктын башталышы! Сен эми туура жолдо турасың. Өзүңдүн жинди экениңди түшүнө баштасаң, өзгөрүү башталды деп эсептей бер.

Сызыктын сыртында

– Сен көп жашадың, – деди окуучусу устатына. – Тажырыйбаң мол, окубаган китебиң калган жок! Анан эмне дайыма билгеним аз деп кейий бересиң?

Акылман жерге бири кичирээк, бири чоң эки тегерек чийди да окуучусуна көргөздү:

– Биякты кара, уулум. Сен алган билим – бул кичинекей тегерек, меники – чоңу. Бул чийиндин сыртындагылар, – бизге белгисиз нерселер. Тегерек канчалык чоңойгон сайын анын белгисиздик менен болгон чек арасы көбөйөт.

Ошондуктан, канчалык көп нерсени үйрөнүп, жаңы нерселерди үйрөнсөң, ошончолук көп суроолор пайда болуп, билбеген нерселериң арбыйт.

Которгон Абийрбек Абыкаев