ТОКТОМУШЕВ Абдырасул: АБДЫРАСУЛ ТОКТОМУШЕВ: БООГАЧЫ (ЭКИНЧИ БАЯН)

* * *

Боогачы жакшы атты, сулуу жарды, куюлушкан ырды жакшы көргөн ышкыбоз адам болуптур. «Кара көздөр жоодурап турса, шагын сындыргым келбейт…» дечү экен. Сөздүн чын-чынына келгенде көпкө чейин балалуу болбой жүрүп, туяксыз өтүп кетемби деп арман кылып, анан аялынын макулдугун алып, аял үстүнө аял алган себеби да ошондон экен…

Боогачы жер-сууну көркүнө чыгара ырдап, ынактык ыр саптары менен кынаптап, көркөм сөздүн кылдат күчү жана сонун обону менен коштоп, укканды өзүнө оп тартып алган таланттуу акын да, обончу да болгон.

Кара-Булуң, Алыштан,
Кабарың кымбат алыстан.
Калабы ичте арманың,
Каалап көңүл таанышсаң!..
Куру-Сай, Кургак, Дөбөлү,
Курбусуз жаштык өтөбү?
Кучактап сулуу жар сүйүп,
Курбулар жыргап өтөлү!..

* * *

Боогачыны сүргүнгө жөнөтүп жаткан күнкү чогулган жыйынга катышкан кишилер айтышат.

– Мен эл чогулуп калганда келип калдым, – дейт Каскан аксакал.

Бул 1929-жылы 29-февраль күнү болучу. Улгайганда көргөн жалгыз баласы Ийгиликти жетелеп келип баласын колунан кармап, калың элдин ортосунда ырдап турду:

Айланам жалгыз чырагым,
Амал жок турган убагым…
Аман бол элдин ичинде,
Амандык тилеп турармын!
Алдыман чуркап чыгарым,
Артыман ээрчип турарым.
Айланып кайра келгенче –
Амалым канча чыдармын.
Азамат болсо курагың
Айтпайт элем чырагым.
Арамдык кылган астыртан –
Адамга жетсин убалың…

* * *

Бороонду ичке сай калды,
Ботакан жалгыз бой калды.
Боздотуп ырдап мал тапкан,
Боогачы элден айдалды.
Ак-Күмбөз, Ак-Сай жай калды,
Аркардай көзүм жайнады.
Акындык менен мал тапкан,
Айылдан Бокең айдалды.

Боогачы ушинтип ырдап жатканда ыйлагандар көп болду. Ошол чогулуштан кийин Боогачы сүргүнгө Оренбург областына жөнөтүлдү.

– Ооба, ошондой болду, – сөздү Моңкош аксакал улады, – бир күн мурда өзүнүн жакшы көргөн, камчы салдырбаган семиз кула атын сойдуруп элге тамак берди. Малы кедейлерге таратылды, ошондо мага карагер ат тийди. Бапалак дегенге бир аты тийди. Ошентип, кайран Бокең кетти…

Мен суроо койдум:

– Боогачы элге келди деп уктук эле, качан келди экен, анан дүйнөдөн качан кайтканын билесиздерби?

Каскан карыя минтип айтты.

– Боогачы элге 1932-жылы келип, Нарында Шаркыратманын оозунда турду. Кийинчерээк Дөбөлүгө көчүп кеткен. Ал ошол жерде, 5-майда 1935-жылы, 69 жашында дүйнөдөн кайтты.

* * *

Боогачы кетип бара жатып Чолпонбай уулу Жапарга: «Мен эмне үчүн айдалып баратканымды өзүм да түшүнбөй турам» – деп айтыптыр. Жапар: «Орус баласы болуп калсаңыз, мындай болбойт элеңиз!»– дептир.

* * *

Боогачы сүргүнгө кеткенден кийин анын ырлары, обону өз атынан айтылбай калды. Аны айтуучулар өз жандарынан чочулап, Боогачыны саясый зыяндуу, коркунучтуу киши катары эсептеп, ал эми кайра келбейт, ың-жыңсыз жоголот деген ой менен жүрүштү. Анын жакшы обон, жакшы ырын өзүнө ыкташтырып пайдаланып жүргөндөр да болбой койгон жок.

* * *

Бүбү «келин» Боогачынын жакшы жары, сүйүктүү жолдошу болуп, ак милдетин аткаргандыгын айрымдар аңыз кылып айтышат. Элде калып, ай-күнүнө жакындап калган Бүбү Бокеме барып учурашып, эл-журттан салам-дуба айтып, жакшы төлгө катары жанына барып төрөйүн, уулу болобу, кызы болобу, аман-эсен көз жарсам, ырчы сүйүнөр – деп, алыскы Ат-Башыдан ашуу-бел ашып, суу кечип, конуп-түнөп эчен күндөр жол азабын моюнга алып, Фрунзе шаарына чейин атчан келген. Минген атын сатып, каражат камдап алып, от арабага түшүп Оренбург областына барган. Ал жерде, кайрадан өмүрлүк жарына кошулган. Чын эле тилегениндей болуп, Бүбү Оренбургда жүрүп эркек төрөйт. Кучакка батпаган сүйүнүч!..

Бул жер акжолтой жер болду дешип, баланын атын Орунбор коюшат. Ошол Орунбор элге келип, эр жетип, үйлөнүп-жайланып, бала-чакалуу болот. Кызы Нуржамал Кыргызстан мамлекеттик университетинин тил-адабият факультетин ийгиликтүү бүтүрүп, азыр Нарын шаарындагы орто мектепте алдыңкы мугалимдердин бири болуп кызмат өтөп жүрөт. Мен Нуржамал менен 1988-жылы, 9-январда жолугушуп, бир топко чейин сүйлөшүп олтурдук. «Чоң атамдын мурастары эл оозунда…» – деди. Өзү да иликтеп-изилдеп, жыйнап жүрүптүр. Сөзгө устат, ички маданияты күчтүү – чоң атасынын мурастарын эң бийик баалаган, сезимтал, ойчул жаркылдаган жылдыздуу кыз. Мага чоң жардамы тийди.

* * *

Боогачы эл ичине келип, тууган айылына кетип баратканда, тоону сагынып, элди аралап жайлоолоп жөө жөнөптүр. Айылдан-айылга ат менен жеткирип коюшат деген ой менен чоочун айылга келип, аркы айылга ат менен жеткирип коюуну өтүнөт. «Тээтиги чоң үйгө барыңыз, таң-тамаша ошондо…» деген куру жооп алат. Барса, үй толо киши, кымыз ичип, комуз черттирип, «Үкөйдү» ырдатып дуулдап олтурушат, көңүлдүн баары ошондо… Жолоочу салам айтып кирип, улага жактан орун алат. Саламын алик алганы менен мындай өт деген сөз жок. Боогачы кымыздан кере жутуп, демин ичине тартып, кулак төшөп, кечикпей жөнөп кетмекчи болуп, бирок обондун бузулуп жатканына кабатыр болуп: «Обон саал бузулуп атат» – дейт.

Ырдап жаткан неме ызалана түшөт. «Барыңыз абышка, барар жагыңызга, бул Боогачынын обону деген болот, эмне кылат экенсиз, алдыңыздагы кымызды тартып жиберип майпаңдап жөнөңүз!..»

Боогачы саал жылмайып, сакалын сылап ордунан жеңил турду: «Капа болбогула, Бокеңдин обонуна анча-мынча окшогону болбосо?» Ат сурагысы келбей калды. Бараткан жагын бет алып кадам шилтеди.

Үй ичинде ырааты жок сүйлөгөн сөздөр. «Жанагы жөнөкөй киши эмес… карагылачы, узап кетелек болсо чакыргыла, ким экенин билели! Бул өрөөндүн кишиси эмес. Барар жери алыс болбосо, ат менен жеткирип койгула!»

Карыялардын нускалуу сөздөрүн урматтап, эстүү-баштуу бир киши жанагы ырдаган жигит экөө чыгып караса, узап кеткен эмес экен. Аттана чабышат. Жолоочуну токтотуп алышып, ким экендигин, кайдан келатканын сурашат. Мен Боогачымын дегенде «ырчы» жигит аттан ыргып түшөт. Берки киши жалынат: «Айланайын Боке, кагылайын Боке, биз ит болдук, кечириңиз, жүрүңүз үй жакка, аксакалдар жиберди!» Атка көтөрүп миңгизишип кайра алып келишет.

Алдына кара көлдөлөң төшөлүп, Бокең төрдө олтурду. Алиги «обончу» жигит эшиктен кызыл күрпөң жетелеп кирип бата тиледи. Курун мойнуна салып, Боогачыдан кечирим сурады. Боогачы: «Андан чоңду да кечиргем, балам» – деди. Үйдөгүлөр Боогачыны кондуруп, эс алдырып, эртеси чапан жаап, жакшы атка мингизип, барар жерине жеткирип келүү үчүн киши кошуп жөнөтүшөт. Боогачы, эми алчактаган ат минип, айылын карай баратты.

Үкөйдүн чуусу

Каскан аксакалга талдын көлөкөсүндө теңтуштары менен сүйлөшүп өткөн-кеткенден кеп салып олтурганда, талаанын ырчы торгойлору чурулдап, канаттарын лепилдетип ободо сайрап, күн нуру жерге төшөлүп турганда Ак-Муздан жолуктум. Көп жылдар агартуу кызматында эмгектенип, жаштарга илим-билим, тарбия-таалим берген, кадырлуу, көптү билген, көп жашаган нускалуу карыя экен. Кыйладан бери эмгектин татыктуу үзүрүн көрүп пенсияда, эркелеп өз эркинде боштоң жүрүптүр. Сөзмөр, шайыр адам экен. Төбөдө кактап тийген күндү көзүн жүлжүйтө карап:

– Үйгө киргиле! – деди, бутакка илинген калпагын алып жатып.

Үйгө кирдик. Сонун үй экен. Жаңы салынып, жакында эле кириптир. Терезелери түштүктү карап, күн нуру үй ичине төгүлүп турат, заңгырайт. Мен өз ичимен кубандым да:

– Үйүңөр куттуу болсун! – дедим жайдары.

Каскан аксакал жана башкалар:

– Айтканыңыз келсин, айтканыңыз келсин! – дешип, сүйкүм менен жылуу кабыл алышты.

Дасторкон жайылды. Мени көңүлдүү олтурсун дегениби же чоо-жайын тартайын дегениби, Боогачынын обонуна салып бир түрмөк ырын ырдап жиберсе болобу!

– Мына эмесе! – депмин каткырып.

– Бул биздин элетче! – деди күлкүгө күлкү кошулуп. – Боогачынын обон, ырынан кабарыңыз бар беле?

– Ооба! Биздин Чүй жакта Боогачынын обонун, ырларын алда небактан бери эле билишет, айрыкча улгайгандар. Анын: «Күйгөн», «Секетпай» деген китептерин бир кездерде окуганбыз. Боогачынын Үкөйү жөнүндө кызык окуялуу сөз уланып эл арасында, мен уга жүрүп кызыкканымды айтпаңыз! Кийин-кийин, тагыраак айтканда, 1941-жылы декабрь айынын баш ченинде атайын издеп барып, Үкөй менен жүз көрүшкөнмүн. Партиянын райондук комитетинин кызматчысы Зарлык Саалыбаев жана элеттик бирөө баштап алып барышкан. Үкөйгө Баш-Кайыңдынын өйдө жагындагы Өзгөрүш деген кичинекей кыштакта, жапыз тамда жолугуштум. Жанымда Мукай, Саткын бар эле. Орто бойлуу, буудай өң, кылгырган сурмалуу кара көз, мурду кырдач, мүнөзү коңур, суйсалган ак жоолукчан аял экен. Кол алышып, аты-жөнүмдү айтып учурашкан соң, олтурбастан бетме-бет чукул туруп сүйлөштүк. Боогачы жөнүндөгү менин берген суроолорумдун бирине да жооп берген жок. Эмнеликтен экенин билбейм, беркилерден тартындыбы? Кайра-кайра сурасам да менден көзүн албай жылмайып, шыпшынып улутунуп коёт да, унчукпайт. Бир гана айтканы бул болду: «Алда чебеленген жаш кайним ай, эрте келбей, же кеч келбей жаман кыйнадың го?..» Ал жерде тургандар күлүп калышты. Мен эң акыркы суроомду бердим Үкөйгө:

– Эчедесиң?

– Кырк эки. Өзүңчү?

– Жыйырма тогуз.

Ошону менен Ак-Музду карай жөнөп кеттик.

– Сөз бүткөн экен, – деди эртеден бери унчукпай кулак төшөп олтурган Каскан карыя. – Көргөн экенсиң, Үкөйдүн так өзү. Мен аны көрүп жүргөн кишимин. Жакшы жолугуштук, сөз бир жерден чыгып, бир жерге куюп жатат. Мындай оро-пара келербизби! Боогачы менен Үкөй окуясы чынында эле эң кызык, узак, жомок… Боогачы менен мен Кичүү кыйраданбыз, мындайча айтканда, тууган болобуз, кеп анда эмес. Боогачы боз улан кезинде Нарын өрөөнүнө келип, Ногойбай деген манаптын эшигинде жүргөн. Кыз оюндарда, жаштар арасында ырдай коюп жүрүп, кадыр-баркы ыр менен көтөрүлүп, элге жага баштайт. Жанагы ошол обон Боогачынын обону, өзүндөй келтирүү кайда?! Мен ошону туурадым. Ошол обонду жакшы көрөм.

Боогачынын ырдап жүргөнүн Ногойбай угуп: «Аңылдабай жүргүн!» – деп эскертет. Ырдаганды жакшы көргөн көпкөлөң жигит анын айтканын этибарга албай коёт.

– Дээринде болсо!..

– Талант манапка баш иймек беле?! Жигит эл аралап ырдай коюп жүрүп кадыры көтөрүлө баштаганын туюп, күндөн күнгө ырдаганын арбытып, «ырдасам-койсом өзүм билем», жаш адамдар тим эле үзүлүп түшүп баса берет. Ал ырдаганда бөтөнчө ырды эч кимден сурабайм… – деп калчу… Ыры менен обону төп келишип, ырды мөндүрдөй төгүп жибергенде жаш гана эмес, кары адамдардын да делебесин козгоп, коргошундай эритип жиберчү эле… Обон ошондой болсо атаганат!

Күндөрдүн биринде Нарындын Дөбөлү айылына келип, кыз тоюна туш болот. Уккандардын көңүлүн ыр менен өзүнө тартып алып, тамаша куруп олтуруп, Уулкан деген кызга көзү түшүп калат. Жылдызы жайнаган селки Боогачынын жүрөгүнө астыртадан чок ыргытып, өзүнүн сүйүүсүн сездирип коёт. Ырдын касиетин кара!

Боогачы ырдайт:

Сурмалуу көз, ак маңдай,
Сүрөткө боюң тарткандай.
Экөөбүз билер күн болсо,
Өмүрүң өтсүн картайбай!
Көмүскө жерде калтардай,
Жүрүпсүң элде байкалбай…
Зээри учуруп жаштыктын,
Сергек болгун шалкайбай!

Үкөй бул ырдын маанисине түшүнүп, жүрөгү эч убакта болуп көрбөгөндөй бир нерсеге кабылып жатканын сезип турса да, ыр өзүнө арналганын билген жок. Анткени Боогачы атын буруп койду, анын үстүнө бул ырды биринчи угуп олтурат. Ата-энеси эркек бала көрбөй жүрүп, ушу кыз төрөлгөндө: «Артынан уул келсин» деп ырымдап Уулкан койгон экен. Бул ыр желдей тарап кетет, бирок кайсы кыз экенин ачык билбей, «Үкөй» деп озондоп ырдап жүрүшөт элет жаштары. Ыр менен жашап калган Боогачы эл арасында көбүрөөк болуп, арааны ачылып, турмуш кызыгына батып, сулууларды көргөндө ого бетер толкунданып ырдайт. Үнү да каргылданбайт, коңгуроодой кетет. Ырдагандан чарчабаган адаты бар.

Эл бөксөлөрдөн чоң жайлоого көчө баштаган маалда, кулакдар болуп жүргөн неме Үкөйдүн айылына барып жолугат. Эки-үч күндөн кийин эки жолдошу менен атын ойноктотуп жол тосуп чыгат. Кыйла жерден көч көрүнөт, жете барса башка көч болуп чыгат. Сурамжылап, ылдамдай бастырып олтуруп, издеген көчкө келишет. Үкөй Дөбөлүдөгү колу бардар Түмөнбай деген кишинин кызы болгон соң жана бой жетип көзгө чалдыгып калган селкини жакшы кийинтип коюптур. Чачылуу нокто каткан ингенге жүк артып, үстүнө калың килем жаап, бир жак капталына самоор, бир жагына кымыз куюлган көөкөр байлап, Үкөй жал-куйругу төгүлгөн чаар жорго минип, үкү тагынган кундуз тебетейин, көк тубар кош этек көйнөк, кызыл күрөң баркыт бешмантчан төө жетелеген жеңесинин жанында баратканда Боогачы эки жолдошу менен карагайдын этегинен шоп этип чыга келет.

Кыздын ата-энеси, көргөндөрдүн баары таанышат. Көч үстүндө болгондуктан түшүрүп, көөкөрдөн кымыз берип узатышат. Эл, жер кыдырып бараткан ырчы башка жакка бараткан болуп кете берет. Үкөй кымыз сунуп жатканда: «Убадаңа бек бол, секетим» – деп сунулган аяктын кырындагы бармагын акырын кысып коёт. Кыз жылмайып астыртадан үн катат:

– Сөз бир.

– Боогачы ичинен кымыңдап ордунан турат. Кыз жеңеси Бурулкан аттандырып барып: «Кыз белеги» – деп чөнтөгүнө бирдеме салат. Мындайраак чыга берип караса, сайма бет аарчы. Ырдайт:

Белекке берген жоолугуң,
Белгиси жубай болуунун.

Экөөбүз күткөн күн келет
Үкөйүм,
Тилеймин дендин соолугун!
Сыймыгы жалын колуңун,
Сыйкырлап сайган жоолугуң,
Айлыңдан алыс кетирбей,
Үкөйүм,
Арбап да салды жоругуң…

Бул тез эле айылдан айылга тарап кетет. Боогачынын даңкы ого бетер чыга баштайт. Тигилер аттанып кеткенден кийин Үкөй төө жетелеп баратып жеңесине айтып күлүптүр: «Жана кокусунан мени кошуп ырдап жибереби деп, жаным калсачы… Кудай жалгап анткен жок. Ушул жерде, көч үстүндө заңылдап ырдап олтурса, эмне бетим калар эле, жеңекебай!»

Жеңеси күлө карап жооп айтат: «Эстүү киши антпейт. Ал сага, сен ага ашык эмессиңерби, садагаң кыз! Антыңар бар эмеспи. Өзүң айтпадың белең, ошондой болуп калды деп. Мен макул болбодум белем, садагаң кызыке! Бактың бар! Бул жолу атайын эле сага келгени айдан ачык болуп турбайбы. Көч үстүнөн жолугуп, кайып өтпөдүбү. Туура кылат, ыржалаңдап жүрмөк беле!..»

Экөө тең шыңкылдап күлүп, кечмеликтен өтүшөт. Көч үстүнөн Үкөйдү көргөндөн бир аз күн өткөн соң, жаңы журтта эртең менен эрте тура калып, үйдүн жанындагы сандыктай кызыл ташка отуруп алып, көк мелжиген карагайлуу тоолорду карап, коңгуроодой тунук, бийик, таанымал коңур, жагымдуу обону менен ырдап коё берет.

Күмүштөн чачпак сооруңда,
Күнчүлүк кетсе оюмда.
Күмүштөй болгон Үкөйүм,
Тээ-ти-ги
Күн тийбес тоонун боорунда.

Алтындан чачпак сооруңда,
Айчылык кетсе оюмда.
Алтындай болгон Үкөйүм,
Тээ-ти-ги
Ай тийбес тоонун боорунда.

Сүйүүнүн жалынына башын тосуп, муң-зарын ыр менен чыгарган, ыр менен ыракат таап, өмүрүн сүйүү менен чаян түйүштүрүп койгон ырчы дөөлөттүү жүрчү эле. Андагы манаптар: атка нокто катпай, чылбыр какпай, чаболоң тартпай, куюшкан тартпай, колго камчы албай кыйылуу ак калпакты чекесине саал баса кийип, желкесинен топунун четин чыгарып коюп, кабыткан жеңил көк чаар чыт чапан кийип, артынан бир жигитти ээрчитип алып, камчы керек боло калса аны кылчак карап коюп, ошенткенде жигит артынан келип камчы чаап, үзөңгүнү бутунун учу менен чирене тээп, эки тизгинди тең кармап сөөлөттөнүп бастырчу. Боогачы алардан башкача короздонуп, ырдын зээри учуруп жүрчү. Мингени сулуу тору ат, жыландай сойлогон кула ат, ага эмине, эл кадырлап турганда!.. Чынын айтканда, кай бир манаптар басырынып калган. Боогачынын антип жүргөнүн көрө албагандар көп эле.

– Боогачы көпкөн го?

Көптү дешке болбойт. Баа жеткис обон, мындайча айтканда, тубаса укмуш талант ага дем берип, экилентип учуруп, кадыр-баркын көкөлөтүп жиберген. Үкөйдүн мурда кайындап койгон жери бар. А дагы моңолдор, Бөгөнөктөн Салмаке деген эме. Мунун бир тууганы Чоюбек ошол кезде болуш. «Үкөй» деген кайдагы бир кызды Боогачы ырдап жүрүп элге-журтка жайып жибергенин баары уккан. Бирок «Уулканды» ырдап жатат деп эч кимисинин оюна келген эмес. Ал тургай эне-атасы ырды укканы менен сөз өзүнүн кызы жөнүндө болуп жатканын туюнган эмес. «Үкөй» деген башка кыз деп ойлошкон. А Боогачы дагы Үкөйгө таанышып, антташканга чейин анын кайындап койгон жери бар экенин билбеген. Кыз-жигитке махабат данакер болгон. Эми ажыратып көр!..

Боогачы күз тарта, эл жайлоодон түшкөндө алмакчы. Бул окуя революциядан мурда болгон. Эл арасында уруучулук, тууганчылык, жаатташуу өкүм сүрчү. Кудалашкан манап жайдын толук кезинде беш киши менен алып кетип баратканда артынан Боогачы эки киши менен жетет. Үкөй Боогачынын келатканын көрүп, баары эсине түшөт… «Булар эмне болушар экен?» – деп сарсанаа боло түшөт. Өзү жөнүндө ойлоп, «өзүм билем» деп чымырканып, окуяга кылдат көз салып турат. Боогачы жакындаганда кылчактап карап, колундагы камчысын түшүрүп жибергенин сезбей калат.

– Камчың түшүп калды, – деп узатышып келаткандардын бирөө аттан ыргып түшөт. Үкөй токтоло калат, жандап келаткан Салмаке да ат тизгинин тартып: «Боогачы эмнеге келатат? Адатынча эл кыдырып бараткандыр?..» деген гана ойго келет.

Боогачы атын энтиктирип, Үкөйгө жакын келип токтоп, эч кимге а-бу дебестен, камчысын бүктөй кармап, эки колун ээрдин кашына коюп, талааны жаңыртып ырдап кирет:

Жоргого бутуң артарсың,
Жол жомогун айтарсың?
Жоругу менен чер жазган,
Үкөйүм,
Жолдоштун зарын тартарсың…

Бул ырды уккан Үкөй аттан ыргып түшөт. Тигилер атка кайра көтөрүп мингизишет. Алып жөнөшөт.

Боогачы дагы ырдайт:

Күлүккө бутуң артарсың,
Күн жомогун айтарсың.
Күндө эч убак чер жазган,
Үкөйүм,
Күйөөңдүн зарын тарарсың!

Үкөй аттан дагы ыргып түшөт. Тигилер кайра мингизип алып жөнөшөт. Боогачы кайра баштан ыр төгөт:

Айтканыңдан танбагын,
Акылга кайгы албаган.
Артыкча козгоп айтпайын,
Үкөйүм,
Ардактуу кыргыз арбагын!
Убадаңдан танбагын,
Убайга башты салбагын!
Убара болуп айтпайын,
Үкөйүм,
Урулуу журттун арбагын!

Үкөй кайрадан аттан ыргып түшүп, Боогачыга карай кучак жайып басат. Бул окуя талаада болуп жатат. Боогачы тигилерди буйтап, адилеттүү ырдын күчүнө таянып, жакшылыктан үмүт үзбөй улам артын карап коюп ырдай берет. Аңгыча бир топ караан ат удургуп келе жатышканы көрүнөт. Бул Боогачынын кишилери. Ал Үкөйдү алып баратат деген кабарды угар замат Кичүү кыйранын таасирдүү адамдары жайлоого киши чаптырып жиберген экен. Бул келаткандар сарбагыштар, туугандык кылып жиберген кишилери.

Боогачы күчкө келе түшөт жана анын үстүнө Үкөй аттан үч метрге түшө качканына чыртыйган манап ызаланып көңүлү сууй түшөт. «Бу кейпине караганда… мага катын болчу түрү көрүнбөйт, көптөн бери эле «Үкөй» деп белгилүү болуп калган шерменде мени эртедир-кечтир уятка калтырар? Эмитен минтип аттан түшө калып атат… Ушул абалга жеткен Боогачы жарамазанчы эл ичине аңылдап алда кандай укмуш сөздөрдү чыгарар?.. Айтар сөздү ыр менен жаадырат эмеспи… Эл мунун сөзүн кубаттайт, тигинде дабырап келатышпайбы, ит кубарлар, ушуларды да бир атанын тукумдары деп коёбуз ээ?! Мага катын табылбай калмак беле? Ушу жерден эле ары-бери боло калсам эмне болот? Эл ичине: «Менин катынымды алган» – деп жайып жиберсе, баладан-чакага калып, атым булганар ээ?.. Сабаша кетсем… Алар да сабашат, мынча беттеп келген немелер аянмак беле?.. Андай болгондо түгөнбөс чырга айланып, ансыз деле нааразыланышып жүргөн Улуу кыйра менен Кичүү кыйра бириге калышып, Бөгөнөктөргө камчы ойнотуп чыгышар?!» деп – башы маң болуп, Салмаке жолдошторуна кайрылат.

– Эмне кылалы?

Жолдошторунун бири: «Бирдеме дебейсизби, Саке! Биз дагы тирүү жанбыз го акыры…» – дейт. Окуянын мындайча болуп кетерин ойлобой, ток көңүл турган Салмаке эми тынчы кетип, атын ойкутуп-кайкытып камчысын көтөрүп зекийт:

– Сенин тукумуңду… Кет ушунчаңда, биерден кордук көрүп каласың, чуу куйрук…

Боогачы анын опуруп-жапырганына көңүл бурган жок. Келаткан азаматтарды көрүп санаасы тына түшкөн. Аларды: «Боогачынын таламында болгула, туугандыкты ушу жерде көрсөткүлө! Бөгөнөк Чоюбекке таянып бизди эмне кылбай келатат?..» – деп Сарбагыш тапшырма берип шашылыш жөнөткөн. Жулунуп турган жигиттер аттын оозун коё беришкен, тартынуу жок. Салмаке бирдеме деп көрсүнчү?..

Иш оңунан чыкпай турганын Салмаке билип, айла табалбады. Карбаластап калды, ат үстүнөн курулай чамынып. Анан мындай акылга келди: «Чабышканда жакшы болбойт, үч атанын балдары эки бөлүнүп бир катын үчүн чабышып… Кой, ушу жерден шыдыр барып эле Жаманбайдын кызын ала качып кетейин, ал дагы сулуу кыз, жакшы көрүп калгам. Бул шерменде Уулкан эмес «Үкөй» болуп калган тура, муну ушу жерге, талаага таштап, жарамазанчыга: «Жаагыңды басып жүр!» – дейин.

Чыдамы жок, ызакор, морт манап өзүнчө жыйынтык чыгарат: «Мен мындай атасынын төрүндө бузулган жүзү караны башы алтын болсо да албайм, сөзүм бир…»

Манап буркан-шаркан түшүп, жакындап келип калган Боогачынын кишилерин көрүп, жан-жөкөрлөрүн ээрчитип, Үкөй минген жоргону жетелетип алып, аттын башын бура тартат.

Боогачы:

Акылы жакшы Үкөйүм,
Ажырап кантип түтөйүн!

Бөгөнөк кетти таарынып,
Бөбөгүм сыңар күтөйүн.
Күлгөнү жакшы Үкөйүм,
Күдөрүм кантип үзөйүн.
Күлүктүн оозун чойдуруп,
Күттүрбөй жолго түшөйүн.

Аттын башын Бороондуну карай бура тартат.

* * *

Боогачы менен Үкөй окуясы эл арасында мен уккандан эки түркүн айтылып жүрөт. Мезгил созулуп уламдан-улам ооздон оозго өтүп кеңири жайылып кеткендиктен, кошул-ташыл болуп өзгөрүп кеткени байкалат. Үкөйдү мурунку кайындап жүргөн күйөөсү алып келе жатып, жолдо Боогачыга тарттырып жиберген соң, кыздын – Үкөйдүн төркүнүнө токтоосуз кайра барат. Ал жерде айла-амал таап, «кыздын атасы аттан жыгылып ара жолдо жатат…» делинип, шашылыш киши жиберилип Үкөйдү алдырып кетет. Барары менен атасы Үкөйдү мурунку күйөөсүнө аттандырып жиберет. Бул учурда Боогачы үйүндө жок болот жана Үкөй анда канча турганы белгисиз…

Үкөйдү Боогачы алган эмес, ал Үкөйдү келин кезинде көрүп, ашык болуп ырдаган делинип, Нарын тарапта айтылат. Кийинчерээк ачык айтканда, 1986-жылы 2-июлда Ат-Башыдагы Ак-Муз кыштагында жашаган, 35 жыл мугалим болгон 81 жаштагы Ашырбай уулу Каскан карыяга, Боогачынын жакын тууганына жолуктум. Аңгемелештим, андан да: «Боогачы Үкөйдү алган» дегенди уктум.

Ат-Башыда бир жерде аңгемелешип олтуруп, карыя Өмөр Касымакунов да: «Боогачы Үкөйдү алган» – деди. Адабиятка, искусствого шыктуу, ырдай коюп жүргөн Моңкош карыя да кыйла кызык окуяларды айтып берди.

Эмнеси болсо да ыр Боогачыныкы. Үкөйдү ырдаганы чын. Эл ырды, окуяны өз кызыкчылыгына айландырган. Эл деген эл да! Чыгарма деген ошол бутактап кетмейи бар. Боогачынын ырлары өзү эле окуяны айкындап турат.

«Жаңы Ала-Тоо» 2013 №2 (46)