АБЫКАЕВ Абийирбек: ИЛЬЯ ИЛЬФ & ЕВГЕНИЙ ПЕТРОВ: КЕНЕН ЧАБЫТ

АҢГЕМЕ

Дуб жыгачынан жасалган, эки капталындагы бетине жүзүмдүн шиңгилдери оюлуп тартылган, чоң столдо мекеме жетекчиси Семен Семенович олтурган. Анын алдында, аскерлердин капталында сары сызыгы бар галифе шымын кийген чарба башчысы турду. Чарба башчылары эмнегедир өз милдеттери жөнөкөй эле лампочкаларды алмаштырып, шкафтар менен стулдарга жез номурларды алмаштыруу эмес эле, кылычты ары-бери шилтеп, келишкен аттарды чапкылап, жоо чаап жүргөн жоокер жигиттерден бетер, өзүлөрүнүн граждандык денелерине жарым аскердик кийимди чаптап алганды  жакшы көрүшчү.

— Демек, мындай, жолдош Кошачий, — кызууланып сүйлөп жатты Семен Семенович, — семгадан алыңыз, балким лосось  алсаңыз андан жакшырак болор, колбаса, сыр, кымбатыраак консервадан кош.

— Шпротпу? — Дагы эле баягы бойдонсуз, жолдош Кошачий. Шпрот деп! Балким, фаршталган баклажан же консерваланган буурчак алып жүрбөңүз? Резинокомбинат акыркы банкетинде столго налимдин консерваланган боорун коюшпадыбы, а сиз — шпрот дейсиз! Шпрот эмес краб деңиз. Жазыңыз. Эки коробка краб деп жазыңыз. Чарба башчысы бир демекчи болуп оозун камдап барып, унчукпай жазып калды.

— Краб алыңыз, — деп кайталады Семен Семенович, — анан беш кил кызыл икра жаз.

— Көп эмеспи? Баягыда үч кил кенен жеткен.

— Сиздин оюңуз боюнча жеткен, а менин оюмча жетишсиз болгон. Мен деле байкап тургам.

— Кили кырк сомдон, — көңүлсүз күңк этти чарба башчысы.

— Эми, андан эмне болуп кетет экен?

— Эмне болсун, икрага эле эки жүз сом ыргып кетет.

— Мен сизге көптөн бери айтайын деп жүргөм, жолдош Кошачий, сизде чабыт деген жок. Банкетпи? Демек, банкет. Ысытмасы, ысык тамагы, ысык тамактан экини кылса да болот, пломбир, мөмө-жемиштер.

— Анча чоң масштабдын кереги барбы? — деп кобуранды Кошачий. — Алибетте, талашпайм, биз айлык милдеттенмебизди аткардык. Абдан жакшы. Бирок чай, сыра менен кызыл икра кошулган бутерброддорду койсок жетет эле да. Эмне жарашпай калабы?  Мурдакы аптада эле иш башкармалыгынын элүү жылдыгына арнап банкет өткөзбөдүк беле.

— Мен баары бир сизди түшүнбөйм, жолдош Кошачий. Кечирип коюңуз, бирок сиз кандайдыр бир сараңдык оорусуна чалдыккан адамдайсыз. Биз эмне — бакалея саткан дүкөнбүзбү? Же биз жеке ишкербизби? – Чарба башчы мындай аргументтердин алдында абдырап, мокой түштү.

— Анан, — деп сөзүн улантты Семен Семенович, — деги бир жакшыраак идиш-аяк алыңызчы, кудай жалгагыр, тамагыңызды эптеп эле бир нерселерге куюп бересиз. Бир табагың эпсиз чоң, экинчиси тамагы менен кошо жутчудай кичинекей. Рюмкаларыңызды айтпай эле коёюн. Акыркы жолу винону чыны менен ичтик ко. Түшүнөсүзбү бул деген эмне экенин?

— Түшүнөм.

— Түшүнсөңүз, комиссиондук дүкөнгө барыңыз да керек нерсенин бардыгын алыңыз. Антпесеңиз болбойт.

— Ал дүкөндө бардыгы кымбат, Семен Семенович. Биздин бюджетибиз чектелүү эмеспи.

— Бюджетти мен сизден жакшы билем. Биз ууру эмеспиз, лососту жеңибизге катып үйгө алып кетели деген жокпуз. Анан эмнеге калп эле жакырлана беришибиз керек? Биздин ишканабыз зыян алып келген жок. Эгер биз жолдоштук тамак уюшурсак, анда жогорку деңгээлде өткөзүшүбүз керек. Сөзсүз, «Жаз» ансамблин ырчылары менен жалдаш керек, жанагы тамбов капелласы менен жанагы кандай аталчу эле…

— Лириктердин ансамбли, — деп кыркырады чарба башчысы.

— Ооба, ооба, ошол балалайкачандардын кереги жок. Жакшы ырчылардан чакыргыла, бизге: «Укта менин кубанычым, чырак өчтү, уктай гой» деген сыяктуу ырларды ырдап бергидей болсун.

— Андай артист кымбат, — деди көзү жашылдана түшкөн Кошачий, — ал үч катар терибизди сыйрып алат.

— Опурай! Деги кандай кишисиз! Ал эмне сиздин үч катар териңизди сыйрып жатабы? Эки катарынбы, үч катарын сыйрыйбы, биздин бюджетте миллион турганда, ал эч кандай маанилүү эмес.

— Артистке такси жалдоого да туура келет, — деди моюнун шылкыйтып, чарба башчысы. Семен Семенович маңдайында турган чарба башчысын оңурая бир карап алды да, жекиргенсип мындай деди:

— Кечирип коюңуз, жолдош  Кошачий, сиз саныңыздан кессе кан чыкпаган, тырышкан неме экенсиз. Сараңдын да сараңысыз. Ал эмес сиздей адамдардын адабиятта жалпыланган кейипкерлери да бар. Сиз — Плюшкинсиз! Гарпагонсуз! Ооба, ооба жана да ооба, байболгур каяша айтпаңыз. Сиздин дайыма каяша айтмай адатыңыз бар. Сиз Плюшкинсиз. Болду. Мына, менин жардамчым да сиздин негизсиз сараңдыгыңызга даттанган эле. Ушул убакка чейин анын иш бөлмөсүнө ылайыктуу эмерек алып бербептирсиз.

— Анын эмереги жакшы эле, — деди жактырбагансып Кошачий. — Ишке керектүү нерселердин бардыгы бар: швед стулдарынан — алтоо, жазуу столу — бирөө, дагы бир кичирээк стол — графин, иттин башына окшотуп, колодон жасалган тамеки күлүн түшүргүч, кооз кленка капталган диван.

.— Кленка капталганбы! — деп онтолоп жиберди Семен Семенович. — Эртеңден калбай булгаары диван алып бер, уктуңбу?

— Булгаары капталган, Семен Семенович, он беш миң сом турат.

— Ой тобо, кайра эле баягы акча. Уккуң да келбейт. Биз эмне жардыбызбы? Кенен жашоо керек жолдош Кошачий, жолдош Кошачий, социалисттик чабыт керек. Түшүндүңбү?

Чарба башчысы колунда кармалап олтурган бүктөмө метрин чөнтөгүнө салды да, булгары курткасын кычыратып иш бөлмөсүнөн чыгып кетти.

Семен Семенович кечинде, чайдан ууртап коюп, көңүлү ачык аялы кагазга жазып койгон бир нерселерди окуганын, көңүлсүз угуп олтурду.

— Төрт бөтөлкө вино, бир литр арак, эки коробка анчоус, үч жүз грамм лосось балыгы жана колбаса. Андан кийин жаңы бадыраңдан жазгы салат жасайм. Бир кил сосисканы сууга бышырам. Аш болумдуу анан арзан болот.

— Дени-кардың сообу?

— Сен бирдеме дегендей болдуңбу?

— Мен дени-кардың сообу деп атам.

— Сага эмне бир нерсе жакпай калдыбы? — деп тынчсыздана кетти аялы.

— Ооба, кээ бир нерселер, — деп салкын жооп берди Семен Семенович. — Мага, мисалы, ар бир бадыраңдын бир сом он беш тыйын турганы жакпайт.

— Бирок бардык салатка болгону эки бадыраң эле жетет да.

— Ооба, ооба, бадыраң, лосось, анчоус. Сен булардын бардыгына канча кетерин билесиңби?

— Мен сени түшүнбөйм, Семен. Менин туулган күнүм, куттуктап коноктор келебиз деп жатышат, ансыз деле эки жылдан бери эч кимди чакыра элекпиз, а өзүбүз чакырган жерден калбай жетип барабыз. Алардын тамагын жеп алып унчукпай жүргөнүбүз уят экен.

— Эмнеге уят?

— Уят да, эмне биз элден кем белек.

— Мейли, эми, — деди Семен Семенович айласыздан. — Келе бери тизмеңди. Анда мунун баарын чийип таштайбыз. Так… эмне калды тизмеңде. Эч нерсе деле калбайт экен. Катя, сен бир бөтөлкө арак, жүз элүү грамм сельд ал. Болду, ошол эле жетет.

— Жок, Семен, андай болбойт.

— Сонун болот. Кимден болсо да сура, селедка – бул классикалык аш. Ал тургай ал жөнүндө адабиятта да айтылат, мен бир жерден окугам.

— Семен, бул сенин конокторду шылдың кылганың.

— Макул, макул андай болсо бир коробка шпрот кошуп кой. Бирок Ленинграддан эмес, Туладан чыкканы аш болумдуу жана арзан. Ошондон ал.

— Биз ошондой колунда жок байкуш эмеспизби! — деп кыйкырды аялы.

— Биз өзүбүздүн жашообузда ар бир тыйынды үнөмдөп, сарамжалдуу пайдаланууну эреже кылып алышыбыз керек, — деп олуттуу жооп кайтарды Семен Семенович.

— Сен айына миң сом аласың. Кудайга тобо дебейсиңби. Ошол эмне, азбы?

— Катя, мен ууру да эмесмин, акчамды оңго-солго чачкан акмак да эмесмин, мен өзүмдүн маңдай териме тапкан акча менен бекер тамак аңдышкан тааныштардын бандасын тойгузушка милдетүү эмесмин.

— Тьфу!

— Сенин бул жоругуңду көрмөксөн эле болуп коёюн. Менде бюджет деген бар, мен анын чегинен чыга албайм. Аны бузганга акым жок, түшүнөсүңбү, акым жок!

— Ушундай мээ чакма, эзме болуп деги кимди тартып калдың экен? — деди аялы, тетири карап.

— Уруш, уруша бер, — деди Семен Семенович, — бирок эскертип коёюн, финансалык тартипти сен эмне айтсаң да буза албайм.

— Айтам, айта берем! — деп бакырды аялы. — Коля бир айдан бери айрык батинкеси менен жүрөт.

— Бул жерде Колянын эмне тиешеси бар?

— Тиешеси бар. Ал биздин балабыз.

— Макул, макул, кыйкырба! Ал каракчыга батинке сатып беребиз. Бир аз күтө тургула. Дагы эмне керек? Батыраак айт. Балким рояль сатып аларбыз, же арфа алалыкпы?

— Арфаңдын кереги жок, ал эми ашканага табуретка алыш керек.

— Табуреткабы! — Семен Семеновичтин көзү чакчая түштү.

— Табуретканын эмне кереги бар? Аны эмне кыласың! Кел анда, ашканага булгаары капталган эмерек алалык! Болгону он беш миң сом турат. Жок, Катенька, мен бул үйдө темирдей тартип орнотом.

Ал андан кийин да көпкө чейин аялына жөндөн жөн эле чыгымдарды кыскартуу керек экендигин, тойлорго жана ошол сыяктуу керексиз иштерге социалистик тыйынды чача берүү кылмышка барабар экендигин түшүндүрүп жатты. Ал ошол түнү тынч уктады.

Которгон Абийрбек Абыкаев