АБЫКАЕВ Абийирбек: КОНСТАНТИН УШИНСКИЙ: ААРЫЛАР ЖАНА ЧЫМЫН

ЖОМОК

Кеч күздө мемиреп, жазда да чанда болчу чайыттай ачык, жылуу күндөрдүн бири эле: абада үлп эткен жел, асманда томуктай булут жок, күн куурап бара жаткан чөптөр менен коштошкусу келгенсип, жер бетин тунук нурга бөлөп турду. Жылуулукка жана жарыкка умтулган сары түктүү аарылар чөптөн чөпкө учуп-конуп жатышты. Ооба, бул убакта чөп катып, ширеси жогун аарылар билишет, алар бал чогултуу үчүн эмес, жөн гана көңүл ачып, канаттарын жазып эс алып жатышкан.

— Өлгөнү жатып, көңүл ачкандын балакетин аласыңарбы,— деди аларга чөптүн арасында шүмүрөйүп, көңүлсүз конуп олтурган чымын. – Силер эмне билбейсиңерби, күн бир аз тийгенден кийин эле шамал болуп, муздак кар аралаш жаан жаап, баарыбыздын ишибиз бүтөрүн.

— Зум-зум-зум! Ишибиз эмнеге бүтмөк эле? – деп жооп беришти көңүлдөрү ачык аарылар чымынга. – Биз күн ачыкта ойноп-күлүп жатабыз; а аба ырайы бузулса жылуу үйүбүзгө кирип, жайлата камдап алган тамагыбызды жеп жата беребиз.

Которгон Абийрбек Абыкаев