АБЫКАЕВ Абийирбек: МОНАХ ВАРНАВА: АКВАРИУМ БАЛЫГЫ

Аквариум балыгын дарыяга коё беришти. Аны жергиликтүү балыктар тегеректеп алышып, кооздугуна таң калышты, андан үй шартында кандай жашаганына кызыгып сурап киришти.

— Жакшы! — деди сууктан калтырап үшүгөн балык, үйдөгү жылуу аквариумду эстеп, – бирок бир гана жаман жери –деп даттанды ал: — Бир күндө бир эле жолу тамак беришчү!

— А бул жагынан бизде жөнөкөй! — деп тынчтандырышты аны балыктар. — Каалашыңча, кайсы убакта болсо да жей бер! Албетте, аны таба алсаң…

Балыктар ар кимиси ар кай жакка тамак издеп сүзүп кетишти. Алардын айткан сөзүнүн маанисин ал кечке жуук түшүндү. Ал жарым-жартылай ачка эле.

Ак ниет чычкан

Чычкан капкандагы сырды жегенди үйрөнүп алды. Ушунчалык чеберчилик менен аракет кылгандыктан, бир да жолу капканга түшкөн жок! Андан да таң калыштуусу – капкандагы сыр менен гана тамактанып, столдогу сырга жана башка тамактарга жолочу да эмес.

— Эмне үчүн? — деп сурады мышык, бир жолу аны кармап алып.

— Кожоюндарга зыян кылгым келбейт! — деп жооп берди чычкан. — Мага эмне, кичинекей эле нерсе жетишет…

«Карасаң, кандай ак ниет чычкан!» — деп ойлогон мышык, аны коё берип жиберди да, ал жөнүндө кожойкесине айтып берди.

Ошондон кийин капкандын ордуна кичинекей табакта чычкан үчүн бир кесим сыр турчу болду. Анткени, үйдүн кожоюндары — алар да ак ниет, жакшы адамдар эле!

Уламыштын автору Монах Варнава (Евгений Санин). «Балдар жана чоңдор үчүн кичинекей уламыштар» китебинен.

Которгон Абийрбек Абыкаев