АБЫКАЕВ Абийирбек: ВАСИЛИЙ СУХОМЛИНСКИЙ: ЖЕТИ КЫЗ

Бир аялдын жети кыз, бир уулу бар эле. Бир жолу ал уулунукуна барып, бир жумадан кийин келди. Ал үйгө киргенде кыздары, улам бири кучактап, аны сагынгандарын айтып жатышты.

— Мен сени кызгалдак таң нурун күткөндөй сагынып күттүм, — деди тун кызы.

— А мен сени кургак чөл жаанды сагынгандай сагындым, — деп жагалданды экинчи кызы.

— Мен сени энесин сагынган балапандардай сагынып ыйладым, — деди үчүнчүсү.

— Мага сен жок, гүл таба албаган аарыга кандай кыйын болсо, ошондой оор болду, — деп назик шыбырады төртүнчү кызы.

— Сен роза гүлүнүн түшүнө бир тамчы шүүдүрүм киргендей, түшүмө кирип жаттың, — деп билдирди бешинчиси.

— Мен сени булбул алча багын издегендей издеп жаттым, — деп энесинин мойнунан жыттай кетти алтынчы кызы жаракөрлөнүп.

Ал эми жетинчи кызы эч нерсе деп айткан жок. Ал унчукпастан апасынын бут кийимин чечип, бутун жууганга жылуу суу даярдап келди.

Жомоктон чыккан суроолор:

Жетинчи кызы эжелеринен эмнеси менен айырмаланды? Силер кандай ойлойсуңар: жагымдуу кооз сөздөр менен сүйлөгөн кыйынбы же жагымдуу иштерди жасаган кыйынбы? Ойлонуп туруп айткылачы, ар бир кыз энеси үчүн кандай жагымдуу иштерди жасай алат эле? Силер апаңар чарчаганда эмне кыласыңар?

Беш кыска аңгеме

  1. Бир жолу чычкан ферманын кожоюну ага капкан салып койгонун байкап калды. Ал бул тууралуу тоокко, койго жана уйга кабарлады. Үчөө бир ооздон: «Чычканга капкан салынса — биздин эмне тиешебиз бар, ал сенин көйгөйүң!» — деп жооп беришти. Кийинчерээк ал капканга жылан түшүп калып, аны байкабай жанына бара калган фермердин аялын чагып алды. Ал төшөккө жатып калганда жеңил тамак деп, тоокту союшуп, ага сорпо жасап беришти. Анын төшөктө жатканын угушкан алыстагы туугандары келишкенде, койду союуга туура келди.

Жыландын уусу денесине тарап кеткен фермердин аялы төшөктөн турбай каза болду. Жаназага келген элге уй союлду.

Болуп жаткан окуяларды кичинекей тешиктен байкап жүргөн чычкан, эч кимге тиешеси жок нерселер жөнүндө ойлонуп жатты!

Тыянак: Эгерде, бир нерсе түздөн-түз коркунуч келтирбесе, ал келип чокума тийбейт деп ойло!

  1. Чоң асканын башында эч иш кылбай, керели кечке олтурган бүркүттү көргөн кичинекей коён андан сурайт:

— Мен дагы сендей болуп эс алып жатсам болобу?

— Албетте болот, жата бер, — дейт тиги.

Коён асканын түбүнө жайгашып, эс алып жатты. Капыстан, жойлоп жүргөн түлкү жаткан коёнду көрө коюп, баса калып жеп салды.

Тыянак: Жатып алып, эч нерсе кылгың келбесе, жаткан жериң өтө бийик болуш керек.

  1. Фермада ат ооруп калды.

Мал доктур келип мындай деди:

— Эгерде, эртең мененкиге чейин жакшы болуп калбаса союш керек.

Эртең менен ат дагы эле тура албай жаткан. Короодогу жанаша жаткан кой:

— Тур, болбосо союп салышат!— деди.

Ат болгон күчүн жыйнап туруп кетти.

Аттын туруп калганын көргөн фермер сүйүнөт:

— Оо кудай берди! Ат жакшы болуп калыптыр, койду союп түлөө өткөзүш керек!

Тыянак: Эч качан бирөөнүн ишине аралашпа (бирок чычканга салган капкан жөнүндө унутпа).

  1. Үч адам таш чогултуп жүрүштү. Биринчи адамга суроо беришти:

– Ташты эмнеге чогултуп атасың?

Ал маңдайындагы терин сүртүп, мындай жооп берди:

– Бош олтургандан көрө тырмалаңдап жүрөм да.

Экинчисине ошол эле суроону беришти:

– А сен ташты эмне кыласың?

Ал жеңин түрүп, олуттуу жооп кайтарды:

– Акча табыш үчүн иштеп жүрөм.

Үчүнчүсү ал суроого мындай деп жооп берди:

– А сенчи?

Ал жүзүн асманга бурду да:

– Храм салып жатам, — деди.

Тыянак: Жашоо алдыга максат койгондо гана мааниге ээ болот.

  1. Таксист шаардагы белгилүү миллионерди үйүнө жеткизди. Ал эсептегичте канча акча көргөзсө, ашык кеми жок ошончо акча берет.

Анда таксист ага мындай дейт:

— Кечээ мен сиздин уулуңузду жеткирсем эсептегичтегиден тышкары 100 доллар берген эле.

— Туура, анын атасы миллионер, а мен жетиммин.

Тыянак: Акчанын баркын, иштеп тапкан адам гана билет.

Которгон Абийрбек Абыкаев