ШАДЫКАНОВА Адилет: АЛЕКСАНДР КУПРИН: ЧАТАШУУ

АҢГЕМЕ

— Менин билишимче, Рождествону 1896-жылы менин бир пациентим элде жок оригиналдуу тоскондой али эч ким тосо элек болуш керек, — деди шаардагы жакшы эле белгилүү болуп калган врач-психиатр Бутынский. – Бул трагикомедиялуу окуя жөнүндө мен эч нерсе айтпай эле коёюн. Андан көрө, бул жөнүндө негизги каарман эмне дегенин өзүңүз окуп чыксаңыз жакшы болот.

Муну айтып доктор өзүнүн жазуу столунундагы белгилүү тартип менен, ар кандай форматтагы жазылган кагаздар боо-боо болуп байланып жайгаштырылган ортоңку суурмасын тартты. Ар бир бооланган кагазга номер коюлуп, кандайдыр-бир фамилия жазылган.

— Мунун баары менин пациенттеримдин чыгармачылыгы, — деди Бутынский, суурманы аңтарып-теңтерип карап жатып. – Акыркы он жылдан бери мен алардын коллекциясын түзүп чыктым. Бир күнү анын баарын экөөбүз чогуу караштырып чыгабыз. Булардын арасында бир топ күлкүлүүсү да, зээн кейитерлиги да, ал тургай сабак болорлугу да бар… Азыр болсо… мына бул кагазды окуп көрбөйсүзбү?

Доктордун колунан төрттөн бир бөлүгүнө түз, чоң-чоң, тамгалары катуу басым менен тегиз бирдей эмес, өйдө-ылдый кол менен жазылган чакан дептерди алдым. Мына муну окуп чыктым (доктордун макулдугу менен колжазманы толугу менен калтырдым):

“N. ооруканасынын психиатриялык бөлүмүнүн консультанты, улуу урматтуу господин доктор Бутынскийге.

Жогоруда аталган бөлүмдө жаткан дворянин Иван Ефимович Пчеловодовдон

Сураныч кат.

Боорукер таксыр!

Акыл-эсинен ажырагандардын палатасында эки жылдан ашык убакыт жатканымдан бери мени, сопсоо адамды, ушул жакка алып келген арты кайгы менен бүткөн түшүнбөстүктү териштирүү үчүн бир нече ирет аракет жасадым. Ушул максат менен оозеки да, жазуу жүзүндө да башкы врачка жана оорукананын бардык медициналык кызматкерлерине кайрылып чыкканмын, эгер эсиңизде болсо, сизге да кайрылып кийлигишүүңүздү суранган элем. Азыр да мен жазган төмөнкү саптарга көңүл буруп коюшуңузду суранууга дагы бир жолу батынып турамын. Мындай кылганымдын себеби, сиздин жагымдуу сырткы кебетеңиз, оорулуу адамдарга адамгерчилик менен жасаган мамилеңиз, сизди али өз кесибинде теорияны гана жетекчиликке алган доктринёр боло элек, ак пейил адам деп эсептөөгө түрткү берет.

Көптөн-көп суранамын – бул катты аягына чейин окуп чыксаңыз экен. Эгерде менин жазганымдан грамматикалык каталарга же фраза түзүү жагынан байланышсыздыкка туш келсеңиз оңтойсузданбаңыз. Сиз деле туура дейсиз го деп ойлойм, эки жыл жиндиканада жатып, күзөтчүлөрдүн сөгүнгөндөрү менен оорулуулардын сандырак сөздөрүнөн башканы укпасаң, өз оюңду туура жазууга жөндөмүңдүн жоголушу күмөн эмес. Мен жогорку билимдүүмүн, бирок ушул тапта синтаксисти окуучу баланын деңгээлинде туура колдонгонумдан шегим бар.

Мага өзгөчө көңүл бурууңузду сурануумдун себеби бар, бардык психиатриялык оорулуулар өздөрүн соомун деп, түшүнбөстүктөрдүн натыйжасында же душмандарынын тымызын айла-амалынын кесепетинен ооруканага түшүп калдым деп эсептешери мага жакшы белгилүү. Муну алар докторлорго да, күзөтчүлөргө да, келип-кеткендерге да, чогуу жаткандарга да далилдөөнү кандай жакшы көрүшөрүн да билем. Ошондуктан алардын көптөгөн арыздары жана өтүнүчтөрүнө врачтар ишенбестик менен мамиле кылышарын толугу менен түшүнөм. А мен болсо сизди мен жазгандарды факт катары гана текшерүүңүздү суранар элем.

Бул окуя 1896-жылдын 24-декабрында болгон. Мен ал кезде “Карл Вудттун мураскерлери жана К®” деген болот куюучу (сталелитейный) заводдо улуу техниктин кызматын аткаруучумун, бирок декабрь айынын орто ченинде директор экөөбүз катуу чатакташып кеттик. Жумушчулардын айласын кетирген, ал киргизген шумдуктуу штраф системасынын айынан мен ага ачуум менен киши айтпас сөздөрдү айтып, кыйкырып тилдеп, эч ким мени кет дей электе эле өзүм кызматымды таштап кетип калдым.

Заводдо кылар ишим жок, ошентип, Рождествонун аягында Жаңы жылды жана Рождество майрамын жакын туугандарым менен N. шаарында өткөрүү үчүн ал жактан жөнөп кеттим.

Поездде жүргүнчүлөр толо эле. Мен түшкөн вагондо ар бир скамейкада үчтөн адам отуруп келатыптыр. Менин сол жагымда отурган жаш жигит Сүрөтчүлөр академиясынын студенти экен. Маңдай жагымда болсо ар бир чоңураак станцияда түшө калып коньяк ичкен кандайдыр-бир көпөс отурду. Сөз арасында ошол көпөс  N. шаарында Ылдыйкы көчөдө эт сатуучу жайы бар экендигин азыноолак айтып кеткен болчу. Ал өзүнүн фамилиясын атаган; бирок мен толук эстей албай койдум, Сердюк… Средняк… Сердолик… кыскасы, анын фамилиясы С. Р. Д. жана К. тамгаларынын айкалышынан турат. Анын фамилиясына токтолгонумдун себеби, эгерде сиз ошол көпөстү издеп тапсаңыз ал мен айткандардын баарын ырастап бермек. Ал орто бойлуу, толмочураак, кызгылтым жана сүйкүм жүздүү, бети болпойгон блондин, өйдө карай чыйратылган кичине муруту бар, сакалын кырып жүрөт.

Биз уктай албадык, убакыт өткөрүү үчүн аркы-беркини сүйлөшүп, бир аз вино ичип отурдук. Түн ортосуна келгенде уктабай отурууга чыдамыбыз түгөндү, а бирок алдыда уйкусуз түн күтүп турган эле. Коридордо турган кезибизде, жок дегенде 3-4 саат уктап, жаныбызды жай алдырыш үчүн оюн-чыны аралаш ар түрдүү айла издей баштадык. Капыстан академик айтып калды:

— Мырзалар! Эң сонун амал бар. Буга макул болосуздарбы, жокпу мен билбейм. Бирөөбүз жинди болумуш болуп калалы. Экинчибиз аны караган киши болуп туралы, а үчүнчүбүз обер-кондукторго (улуу кондуктор) барып, психикасы жабыркаган тууганыбызды алып бараттык эле, буга чейин жакшы эле жүрдү, азыр болсо нерви бошой түштү, башка адамдардын коопсуздугу үчүн аны күн мурунтан элден бөлүп коюш керек деген сыяктуу сөздөрдү айтсын. Академиктин планы эң эле жөнөкөй жана ишенимдүү болгондуктан биз буга макул болдук. Бирок бирибиз да жиндинин ролун ойноого биринчи болуп каалоо билдирбедик. Ошондо көпөс биздин олку-солкулугубузду көз ирмемде таратты:

— Чүчүкулак кармайлы, мырзалар!

Үчөөбүздүн ичинде мен эң улуусу болгондуктан акыл токтотсом болмок; ошондой болсо да мен ушул чүчүкулак кармоого катышып… чүчүкулак мага туш келди.

Обер-кондуктор менен ойнолгон комедия ушунчалык чындыктай болгондуктан, ошол замат бизге купе бөлүнүп берилди.

Анда-санда, поезд узагыраак токтогон маалда кээ бирөөлөрдүн кыйкырганын, ачууланып сүйлөгөнүн угуп калып жаттык:

— Жакшы болот… А бул купечи? Муну ачпайсызбы! Ачыңыз!

Мындай буйруктан кийин кондуктордун абайлап, акырын сүйлөгөнүн уктук:

— Кечириңиз, бул купеде сизге ыңгайсыз болот ко… мында оорулуу адам бар… акылынан айныган адам бар мында, азыр ал бейтынч абалда.

Сөздөр үзүлүп, кетип бараткан гана адамдардын кадамдарынын добушу угулуп турду. Биздин план абдан туура болуп чыкты, ага боорубуз эзилгенче күлдүк да уйкуга кирдик. Бирок менин алдымда күтүп турган жамандыкты жүрөгүм сезгенсип, уйкум тынч болбоду. Мени түшүмдө оор жүк басып, муунуп жаттым, таңга жакындап калганда бир нече жолу өз кыйкырыгымдан өзүм чочуп ойгонуп кетип жатканым эсимде. Саат ондордо гана толугу менен уйкум канып ойгондум. Менин компаньондорум жок болуп чыкты (алар экөө тең поезд эртең менен эрте келген бир станциядан түшүп калыш керек эле). Бирок менин карама-каршымда, диванда темир жолчулардын формасын кийген өңү кызыл чийкилинен келген бою узун, алибеттүү, москоол жигит мени аябай көңүл коюп көз албай тиктеп отуруптур. Мен кийим-кечемди иретке келтирип, топчуланып, саквояждан сүлгүмдү алып чыгып, ажатканага бармакчы болдум. Бирок мени эшиктин туткасын да кармоого жетиштирбей, алиги москоол, алибеттүү жигит ордунан шапа-шуп тура калып, артымдан колдору менен катуу кучактап, диванга баса жыгылды. Мындай бетпактыкка жиним келип, жулунуп чыгууну көздөдүм, бет талаштыра бир койгум келди, бирок былк этерге мүмкүнчүлүк болбоду. Мунун болоттон жасалган аттиштей колдору бүт денемди катуу кыса кармап турду.

— Сизге менден эмне керек? – дедим мен, анын денесинин оор салмагынан араң дем ала. – Жоголуңуз!.. Мени жайыма тынч коюңуз!..

Алгач мен аны акылынан ажыраган жинди неме го деп ойлодум. Күрөштүн кызуусуна кирген ал жигит мени андан бетер салмагы менен ныгыра баштады да: — Шашпай тур, тууганым, сени чынжыр менен байлашканда билесиң эмне керек экенин… ошондо билесиң, — деди ачуулуу бышылдап-күшүлдөп. Мен болуп өткөн коркунучтуу чындыкты баамдап түшүнө баштадым да, ага жоошуй түшкөнгө тыным берип, анан айттым:

— Макул, мен ордумдан эч жылбаска убада берем. Мени коё бериңиз. – “Албетте, — деп ойлодум мен, бул келесоого бир нерсени түшүндүрүү кыйынга турат. Чыдап турсам, бул түшүнбөстүк менен болуп өткөн окуя, сөзсүз, чечилет”. Маңыроо чалыш неме мага алгач ишенбеди, бирок менин тыптынч жатканымдан улам ал акырындап колун бошотуп, аздан кийин өзүнүн темирдей катуу кучагынан коё берди да, маңдайыма диванга отурду. Бирок чычкан аңдыган алгыр мышыктай болуп анын көздөрү менин ар бир кыймылымды көз жаздымынан кетирген жок. Мен берген суроолорумдун бирине да андан бир сөз менен да жооп алалбадым.

Поезд станцияга токтогондо кимдир-бирөөнүн:

— Оорулуу ушундабы? – деп сураганын кулагым чалды.

Башка бир үн ага тез-тез жооп берди:

— Так ошондой, начальник мырза.

Мунун артынан кулпу шырт этип, купеге төбөсү кызыл фуражка кийген бирөөнүн башы сунулду. Мен ошол фуражкачанга бакырып ыйлап умтулдум:

— Начальник мырза, кудай үчүн уксаңыз!…

Ошол замат фуражкачан баш артка кайра кетип, эшик шарт жабылып, мен дивандын үстүнө баягы москоол жигиттин оор салмактуу денесинин астында басылып, чабалактап жатып калдым.

Акыры N. станциясына жеттик. Поезд токтогондон кийин 10 минутка жетип-жетпей мага… жүк ташуучу келди. Алардын экөөсү колдорумду артка кайрышты, үчүнчүсү менин мурдагы кыйноочум менен биргеликте пальтомдун жакасына жармашты.

Ушундай жол менен алар мени вагондон сүйрөп чыгарышты. Платформада алгач эле көргөн адамым фуражкасынын көгүлтүр кыргагына опокшош көгүлтүр көздөрү өтө токтоо караган, жарашыктуу узун мурутчан жандармериянын полковниги болду. Мен ага кайрылып кыйкырдым:

— Офицер мырза, суранам сизден, мени уксаңыз экен… Ал жүк ташуучуларга белги берип токтотту да, мага жакын келип, өтө сылык, жароокер тон менен сурады:

— Сизге кандай кызмат кыла алам?

Ал оор басырыктуу жана токтоо болууга канчалык аракет кылганы менен бейтынч көз карашынан жана оозунун тегерегине бырыш чогула калганынан анын сактанып, чочулап турганы билинип турду. Мен токтоо жана сылык сүйлөп гана аман каларымды билип, болуп өткөндү алымдын келишинче ишенимдүү, шашпай, жай жана чыпчыргасын коротпой толук айтып бердим.

Ал мага ишендиби же жокпу? Кээде анын жүзүнөн чындап эле менин тагдырыма күйүү байкалса, кээде шектенгендей, кичине баланын же келесоонун сандырак сөзүн укканда эптеп-септеп кутулуш үчүн макулдугун билдиргендей башын ийкеп жатты.

Мен аңгемемди айтып бүткөндө, ал мага тике кароодон көзүн ала качып, бирок сылык жана жумшак гана:

— Көрүп турасыз го… мен, албетте, эч шектенбейм… бирок, биз ушундай бир телеграмма алдык эле… Ошондой эле, сиздин жолдошторуңуз… О, мен сиздин сопсоо экениңизге толугу менен ишенем. Ошондой болсо да, доктор менен он чакты минут сүйлөшүп коюунун сизге кыйынчылыгы деле жок эмеспи. Албетте, ал сиздин акыл-эсиңиз соо экендигине ишенет да сизди эркин коё берет; өзүңүз деле билесиз, мен мындай иштерден түшүнүгүм жок, компетенциям жок.

Ал кантсе да мага ушунчалык боорукерлик көрсөтүп, бирок алдын ала менин жолдо нааразычылык билдирип ачууланбайм жана качып кетүүгө аракет кылбайм деген убадамды алып, жанымда бир гана жүк ташуучуну калтырды.

Биз ооруканага элди кабыл алуу жүрүп жаткан убакта келдик. Көп деле күтпөдүм. Кабыл алуучу бөлмөгө башкы врач бир нече ординаторлордун, психиатриялык бөлүмдүн күзөтчүсүнүн, кароолчунун жана жыйырма чакты студенттин курчоосунда келди. Ал түз эле мага келди да көпкө чейин көз албай тигиле карап турду. Мен терс карап кеттим. Мага эмне үчүндүр бул адам мени жек көрүп калгандай сезилди.

— Бейкапар болуңуз, кудай жалгагыр, — деди доктор менден оор көз карашын айырбастан. – Бул жерде сиздин душмандарыңыз жок. Сизди эч ким куугунтукка албайт. Эч ким сизге тие албайт. Караңызчы, тегеректе баары ак пейилдүү, сонун адамдар, көпчүлүгү сизди жакшы билишет жана сизге боор тартышат. Мисалы, мени тааныган жоксузбу?

Бул сөзүнө караганда ал мени күн мурунтан эле оорулуу деп эсептегени көрүнүп турду. Мен ага каяша айткым келди, бирок өз учурунда өзүмдү токтотуп карманып калдым; менин ар бир ачууланганым, ар бир кескин сүйлөгөн сөзүм жиндиликтин белгиси катары кабыл алынып, өз башыма келтек болуп тиерин сопсонун түшүнүп турган элем. Ошондуктан үн катпадым. Андан соң доктор менден атымды, фамилиямды, канча жашка келгенимди, алек болгон ишимди, ата-энемдин ким экендигин жана башкаларды сурап чыкты. Бардык суроолорго так жана кыска жооп берип жаттым.

— Көптөн бери өзүңүздү оорулуу деп сезесизби? – деп күтүүсүздөн доктор сурай калды.

Мен ага өзүмдү эң сонун сезеримди, эч жеримде оору-сыркоом жок экендигин айттым.

— Албетте, албетте… мен кандайдыр-бир катуу кесел жөнүндө айткан жокмун, бирок… айтыңызчы, көптөн бери башыңыз ооруйбу, уйкуңуз качабы? Көзүңүзгө көрүнүп, кулагыңызга угулбайбы? Галлюцинация болдуңуз беле? Башыңыз айланбайбы? Кээде тарамыштарыңыз эрксизден тартылбайбы?

— Тескерисинче, доктор мырза, мен дайыма жакшы уктайм жана баш оору дегенди билбейм. Болгону өмүрүмдө бир жолу гана – кечээги түнү жаман уктадым.

— Бул жөнүндө билебиз, — деди доктор токтоо. – Эми мага сиздин жолдошторуңуз поездге жетишпей Криворечьеде калып кетишкенден кийин эмне кылганыңызды ирети менен айтып бересизби? Мисалга, кичүү кондуктор менен мушташууңузга эмне түрткү болду? Же ошондон соң эле купеге башбагып койгон станциянын начальнигине эмне себептен кыйкырып опузалап жулундуңуз?

Ошентип, мен жандармериянын офицерине айткандын баарын докторго кайрадан айтып бердим. Бирок бул жолку сүйлөгөнүм мурункудай байланыштуу жана ишенимдүү чыккан жок, — кыларга иши жоктон уят-сыйытсыз кызыгуу менен тегеректеп турган жоон топ элден кысындым. Мен сүйлөп жаткан сөзүмдүн ортосуна келгенде башкы врач студенттерге карап мындай десе болобу:

— Көңүл бурсаңыздар, мырзалар, жашоодо кандай гана эч ойго келбес, ойлоп да таппас нерселер болот. Эгерде жазуучунун башына ушундай идея келсе – публика ага эч ишенбес эле. Муну мен ойлоп тапкычтык деп атаймын.

Мен анын сөздөрүндөгү келеке-шылдыңды, иронияны ачык түшүндүм. Уятымдан кызара түшүп, унчукпай калдым.

— Уланта бериңиз, уланта бериңиз, сизди угуп жатамын, — деди доктор жалгандан эле жароокерленип.

Бирок мен ойгонгонум жөнүндөгү эпизодду айтып жатканымда, капыстан эсимди эки кылган суроо берип калды:

— Айтыңызчы, бүгүн кайсы ай?

— Декабрь, — дедим мен катуу таң калганымдан тез эле жооп бере албай.

— Мурда кайсы ай болду эле?

— Ноябрь…

— Андан да мурдачы?

Чынымды айтсам, ушул “-брь” менен бүткөн ай аттары мен үчүн дайыма кедерги болуп келер эле, кайсы ай кайсы айдан кийин келерин эстеш үчүн мен августтан баштап оюмда санап чыгышым керек эле. Ошондуктан мен бираз күймөлө түштүм.

— Ошондой деңиз… Ай аттарынын катар келиши эсиңизде анча жакшы жок экен, — деп эскертти ал, үстүртөдөн белгилегендей, көбүнчө мага эмес, студенттерге кайрылып. — Мезгилди бир аз чаташтыруу бар… бул эч нерсе эмес. Мындай боло берет… Андан ары. Мен угуп жатам.

Албетте, меники туура эмес, жүз жолу туура эмес, өзүмө-өзүм жамандык кылдым, доктордун эки жүздүүлүк ыкмасы менин каарымды келтиргендиктен үнүмдүн жетишинче, тамагым айрылганча кыйкырдым:

— Акмак! Рутинёр! (эскичил, өспөгөн, жаңыланбаган адис)! Мен эмес, сиз жиндисиз!

Дагы кайталап айтамын, менин күйгөндөн кыйкырышым акмакчылык жана абайлабагандык эле, бирок мунум доктордун мени кордогон, шылдыңга толгон суроолорунун жүздөн бирине да жетпейт.

Ал көзү менен акырын белги берер замат мага туш тарабымдан күзөтчүлөр жабылып калышты. Ачуум катуу келгенинен кимдир-бирөөсүн жаакка чаптым. Мени жерге жыгып байлап салышты…

— Бул көрүнүштүн аталышы – raptus — капыстан катуу жини келүү, — деп башкы врач мени күзөтчүлөр көтөрүп кабыл алуу бөлмөсүнөн чыгарып баратышканда бир калыпта, токтоо сүйлөп жатканын арт жагымдан уктум.

……………………………………………………………………………….

Көптөн-көп суранам сизден, доктор мырза, менин жазгандарымдын баарын текшерип чыгыңыз, эгерде жазгандарым чын экени далилденсе, бир гана тыянак келип чыгат – мен медициналык катанын курмандыгы болуп калдым. Сизден жалынып-жалбарып суранарым, мени тезинен эркиндикке чыгарыңыз. Бул жерде жашоо адам чыдагыс. Көзөмөлдөп кароочудан (смотритель), өзүңүзгө белгилүү болгондой – пруссиянын шпионунан, пара алып жүргөн малайлар күн сайын оорулуулардын жей турган тамагына абдан көп өлчөмдө синильная кислота жана стрихнин кошуп салышат. Үчүнчү күнү бул айбандардын зордук-зомбулугунун ашынганы ушунчалык күчөгөндөн, менин төшүмдү, ичимди кыпкызыл болуп ысытылган темир менен каарышты.

Ошондой эле келемиштерчи. Бул жаныбарлар, көрүнүп тургандай, өнөрлүү…”

— Бул эмне дегендик, доктор! Мистификация? Жиндинин жөөлүмөсүбү? – деп сурадым мен, Бутынскийге колжазманы кайтарып берип жатып. – Бул адам жазган фактыларды кимдир-бирөө текшерди бекен?

Бутынский кайгылуу жылмайды.

— Аттиң, кантели! Мында чын эле медициналык ката кетирилген, — деди ал барактарды столго кайра ордуна салып жатып. – Мен жанагы сөз болгон көпөстү издештирип таптым. Ал азыркы сиз окуган окуяны толугу менен чындык деп ырастады. Ал адам андан да көбүрөктү айтты: сүрөтчү экөө станциядан түшүп калгандан кийин, чайга ром кошуп көп ичип алышкандыктан, болгон тамашаны улантууну чечишти да, жөнөп кеткен поезддин артынан: “Поездге жетишпегендиктен Криворечьеде калдык, оорулууга көз салып карап коюңуздар” деген мазмундагы телеграмма жөнөтүп жиберишиптир. Албетте, адам тагдыры менен ойноо бул орунсуз тамаша. Билесизби, бул адамдын түбүнө ким жетип, тагдырын талкан, оюн ойрон кылды? “Карл Вудттун мураскерлери жана К®” заводунун директору. Андан Пчеловодовдун жүрүш-турушунда кандайдыр-бир таң калтырарлык же нормадан тышкары нерселерди байкадыңар беле деп сураганда, түптүз эле улуу техник Пчеловодовду ал көптөн бери акыл-эси жайында эмес катары эсептээрин жана акыркы кезде оолукма жинди болуп калгандыгын айтты. Менин оюмча, ал өч алыш үчүн гана ошентип койду.

— Эгерде сизге ушунун баары белгилүү болсо, анда эмне үчүн бул бечараны кармап отурасыздар? — деп мен толкундана түштүм. – Коё бериңиздер аны, сураныңыз коё берүүнү, аракет кылыңыз!..

Бутынский ийинин куушурду.

— Сиз эмне, ал жазган каттын аяк жагына көңүл бурбадыңызбы? Биздин мекеменин атактуу режими кыларын кылды, кыл жип менен бууду. Мындан бир жыл мурун бул адам айыкпас дарттуулардын катарына киргизилди. Ал башында куугунтуктоо маниясы менен оору деп эсептелген, а кийин идиотизмге туш болду.

1897

Орусчадан которгон Шадыканова Адилет Рыскановна