ШАДЫКАНОВА Адилет: АЛЕКСАНДР ГРИН: ЖАШЫЛ ЧЫРАК

АҢГЕМЕ

I

Лондондо 1920-жылы кышында, Пикадилли көчөсү менен кайсы бир кыска көчөнүн кесилишинде кымбат баалуу кийимчен орто жаштагы эки адам токтоп калышты. Ал экөө жаңы гана бир кымбат ресторандан чыгышкан эле. Алар анда тамактанып, шарап ичип, Дрюрилен театрынын артист кыздары менен шапар тээп чыгышкан эле.

Азыр алардын көңүлү тегерегине эл топурап чогула баштаган, былк этпей жерде жаткан жүдөө кийимчен, жашы жыйырма бештердеги адамга бурулду.

— Стильтон! – деди эткээл джентльмен жанындагы узун бойлуу ашынасына анын эңкейип, жерде жаткан немени карап жатканын көрүп. – Мындай тарпы эле калган немелерге алаксып кереги деле жок. Бул – же мас, же өлүп калган.

— Мен ачмын… тирүүмүн,  — деп күбүрөндү тиги бечара бир саамга  ойлоно калган Стильтонду көрүш үчүн бир аз обдула өйдө болуп. – Эсимди жоготуп коюптурмун.

— Реймер! — деди Стильтон. — Сонун тамаша куруунун оңтою келип турат. Кызыктуу мүдөө келди оюма. Мен кадимки таң-тамашалардан тажап кеттим, катуу тамаша куруу үчүн бир гана жол бар: адам тагдырын оюнчук кылуу.

Бул сөздү угузар-угузмаксан айткандыктан, жанагы жерде жатып азыр кашаага жөлөнө калган адам аны уккан жок.

Реймерге баары бир болгондуктан жактырбай ийинин куушурду да, Стильтон менен коштошуп, түндү кыскартуу үчүн өзүнүн түнкү клубуна жөнөп кетти, а Стильтон болсо жыйналган элдин коштоосунда  полисмендин жардамы менен селсаяк адамды кэбге отургузду.

Экипаж Гайстриттеги трактирлердин бирине бет алды. Жанагы бечара адамдын аты жөнү Джон Ив эле. Ал Лондонго кызмат же кара жумуш табуу максатында Ирландиядан келген болчу. Ив токойчунун үй-бүлөсүндө өскөн жетим бала. Башталгыч мектепте окуганы эле болбосо ал эч кандай билим да алган эмес. Ив он бешке келгенде аны тарбиялаган адам кайтыш болуп калды да, ал адамдын эр жетип калган балдары туш тарапка – бири Америкага, бири Түштүк Уэльске, дагы бири Европага жөнөп кетишти, Ив болсо бир фермерге жалданып бир аз иштеди. Андан соң көмүр казуучунун, матростун, трактирдеги малайдын түйшүктөрү башына түштү, 22 жашында өпкөсүнө суук тийип ооруканада дарыланып чыккандан кийин жолум болор бекен деп Лондонго келди. Бирок жумушсуздук жана жумуштагы атаандаштык жумуштун оңой-олтоң табыла бербесин көргөздү. Ал парктарда, пристандарда түнөп, ачкалыктан кесээрип, арыктап бүттү жана азыр биз көргөнүбүздөй Ситидеги соода складдарынын кожоюну Стильтондун аркасы менен, жардамы менен десек да болот, кулаган жеринен тургузулду.

Стильтон болсо тамак-аш жана баш калкалоочу жай издөөнүн көйгөйүн эч билбеген адам катары  ушул кырк жашка келген курагында акчасын пайдалануу менен бойдок адам эмнени көргүсү, даамын таткысы  келсе, ошонун баарын көрүп чыккандардан эле. Жыйырма миллион фунт байлыгы бар. Анын Ивдин тагдыры менен ойногусу келгени түккө арзыбас нерсе болчу, бирок Стильтон өзүн акылы тетик айлакер жана кыял чабыты амалга толо адам деп эсептегендиктен, өзүнүн ойлоп тапканы менен сыймыктанып турду.

Ив жакшылап тоюнуп, шараптан ичкенден кийин Стильтонго өз өмүрү жөнүндө айтып бергенде Стильтон мындай деди:

— Мен сизге азыр айтуучу сунушума көздөрүңүз жайнай түшөт ко. Угуп туруңуз, мен сизге 10 фунт акча берем, бирок бир шарт менен: эртең эле сиз борбордук көчөлөрдүн биринен 2-кабатта жайгашкан, терезелери көчө тарапты караган бөлмөнү ижарага аласыз. Күн сайын кечки саат бештен түнкү саат он экиге чейин дайыма бир гана терезенин текчесинде, ар кайсы терезе эмес, бир гана терезенин текчесинде жашыл абажур капталган чырак күйүп туруш керек. Чырак күйүп турган учурда, кечки саат бештен түнкү он экиге чейин сиз үйдөн чыкпайсыз, эч ким сизге келбейт жана эч ким менен сүйлөшпөйсүз. Бир сөз менен айтканда, жумуш жеңил, эгерде сиз буга макул болсоңуз, мен сизге ай сайын 10 фунттан жиберип турам. Аты-жөнүмдү сизге айтпаймын.

— Эгер чын айтып жатсаңыз, — деди бул сунушка абдан катуу таң калган Ив, — мен өз атымды унутууга  да макулмун. Бирок айтсаңыз, менин мындай жыргал жашоом канчага чейин созулат?

— Бул али белгисиз. Балким, бир жыл бою, а балким — өмүр бою.

— Мейли, андан бетер жакшы. Бирок суроого батынып коёюн, бул жашыл иллюминациянын сизге эмнеге, кандайча кереги тиет болду экен?

— Бул жашыруун сыр! Эң эле чоң жашыруун сыр! Чырак адамдар үчүн жана дагы бир иштер үчүн белги катары кызмат кылат, бирок сизге ал жөнүндө билүүгө болбойт.

— Түшүндүм. Чынында, эч нерсе түшүнбөдүм. Жакшы болот, акчаны бере бериңиз, эртең эле билдирилген даректе Джон Ив терезеге жашыл жарык жандырат!

Селсаяк менен миллионердин ортосундагы таң каларлык келишим эки тараптын тең ыраазычылыгы менен мына ушундайча түзүлдү.

Коштошуп жатып Стильтон айтты:

— Талап боюнча деп почтага мындайча жазыңыз: “3-33-6”. Дагы эсиңизге түйүп алыңыз, качандыр-бир белгисиз убакта — балким, бир айдан кийин, а балким бир жылдан кийин сизге капыстан келген адамдар сизди байлардын катарына кошуп кетишет. Эмне үчүн жана кантип анын болорун мен сизге айтууга укугум жок. Бирок бул сөзсүз болуп өтөт…

— Шайтан алгыр десе! – деп күбүрөндү Ив жөнөп бараткан кэбди карап, колундагы он фунттук кагазды ойлуу тегеретип. – Же бул адам акылынан айныды, же менин бактым тоодой. Бир күн ичинде жарым литр керосин жагып койгонум үчүн эле ушунчалык көп жакшылыкты убада берүү деген эмне!

Кийинки күнү кечинде Ривер-стриттеги түнөргөн-бозоргон № 52 үйдүн экинчи кабатындагы терезелердин биринен жумшак гана жашыл жарык чачырап турду. Чырак терезенин рамасына такай коюлган эле.

Жолдо өтүп бараткан эки адам бир сааамга токтой калып, тротуардын аркы тарабындагы үйдүн жашыл терезесин карап калышты; Стильтон анан:

— Мына ушинтип, сүйүктүү Реймер, кыларга эч нерсе жок болуп зериккенде бул жерге басып келип, жылмайып коюңуз. Тигинде, терезенин ары жагында бир келесоо отурат. Далай убакытка, арзан сатылып алынган келесоо. Ал акыры зериккенде же ичип кетет, же акыл-эстен ажырайт, жинди болот… Бирок эмненидир бир нерсени өзү деле  билбей күтө берет. Мына, ал өзү! – деди.

Чынында эле бир караан терезеге чекесин кадап, көчөдөгү жарым-жартылай караңгылыкты карап: “Тигинде ким бар? Эмнени күтүп жүрөм? Ким келет?” – деп суроо салгандай эле.

— Бирок сиз деле келесоосуз, — деди Реймер, ашынасын колтуктап автомобиль жакка бет алып. – Мунун эмнеси тамаша? Эмнеси менен кызык?

— Оюнчук… Адам тагдырын оюнчук кылуу, — деди Стильтон, — бул баарынан таттуу нерсе!

II

1928-жылы Лондондун чет жакасында жайгашкан кедейлердин ооруканасы чаңырган кыйкырык-өкүрүккө толуп чыкты: жаңы гана ооруканага түшкөн, эски кир кийимчен, арыктап жүдөп бүткөн карыган абышка бир жери катуу ооругандан улам бакырып-өкүрүп жатты. Караңгы притондун тепкичинен тайып кетип буту сынып калган экен.

Оорулууну хирургия бөлүмүнө алып келишти. Бул чоң кырсык эле, сөөктүн татаал сыныгынын кесепетинен кан тамырлары жарылып кеткен болчу.

Сезгенүүдөн оору күчөп, тегерегине жайыла баштаганынан улам бечараны карап текшерген хирург операция жасоо керек деген бүтүмгө келди. Операция ошол  замат эле жасалып, алы-күчүнөн тайыган абышканы керебетке жаткырышты, ал тез эле уйкуга кирди. Ойгонгондо өз маңдайында анын оң бутун кесип салган хирургдун отурганын көрдү.

— Мына ушундайча жолугуштукпу! – деди узун бойлуу, олуттуу, көздөрү муңайың тарткан доктор. – Мени тааныдыңызбы, мистер Стильтон? – Мен – сиз күн сайын кечинде жашыл чырак жактырып, жанында карап отурууга тапшырма берген Джон Ивмин. Мен сизди көрөр замат тааныдым.

— Мына шайтандыкы десе! – деп оозун араң кыбыратты аны караган Стильтон. – Эмне болуп кетти эле? Ушундай да болобу?

— Ооба. А сизге эмне болуп жашооңуз өзгөрүп кетти?

— Мен жакырланып калдым… бир нече жолу чоң утулушка дуушар болдум… анан биржада ызы-чуу башталды… Мына, кедей  болгонума үч жылдын жүзү болду. А сизчи?

— Мен бир нече жыл бою жашыл чыракты жагып жүрдүм, — деп жылмайды Ив, — Башында жөн гана зериккенден, а кийинчерээк зор кызыгуу менен колума эмне тийсе, ошонун баарын окуй бердим. Бир күнү мен жашаган бөлмөнүн этажеркасында жаткан эски анатомия китебин ачып окуп абдан таң калдым. Менин көз алдымда адамдын денесинин бардык сырларын камтыган эң кызыктуу бир өлкө ачылгандай болду. Ал китепти баш көтөрбөй таң атканча окудум да, эртең менен китепканага барып доктор болуу үчүн эмнени окуп үйрөнүш керектигин сурадым. Мыскылдуу жооп алдым: “Математика, геометрия, ботаника, зоология, морфология, биология, фармакологияны, латынь ж.б.” Болбой көшөрүп дагы башкаларын сурай бердим да, баарын эсиме бекем түйүп алдым.

Ал убакта мен жашыл чыракты жагып жүргөнүмө эки жыл болгон,  бир күнү кечкисин  жолдо келатып (баштагыдай жети саат бою үйдөн чыкпай отурууну туура көрбөй калган элем анда), цилиндр калпак кийген адам менин жашыл тереземди жек көрүү мененби, же өкүнүч мененби — тигилип тиктеп турганын көрдүм. “Ив келесоонун келесоосу! – деп мени байкабай булдурап сүйлөнүп жатты ал. – Ал дагы деле мен убада кылган жомоктогудай нерселерди күтүп жүрөт… Ооба, анын жок дегенде үмүтү өчө элек, а мен… мен болсо жакырланып бүткөнү калдым!”  Бул сиз болчусуз. Андан соң кошумчаладыңыз: “Жиндинин тамашасы. Акчаны бекер эле талаага чачпашым керек эле”.

Мен ал учурда керектүү китептердин баарын сатып алып койгон элем, кандай болбосун, эмне болбосун мага окуу, окуу жана окуу гана керек эле. Ошондо, кечинде мен сизди бир чапкым келди, бирок сиздин мага кылган шылдыңкор жоомарттыгыңыздын аркасы менен билимдүү боло аларымды эстей калып, сизге кол көтөргөн жокмун…

— Андан арычы? – деп акырын сурады Стильтон.

— Андан арыбы? Жакшы. Эгер адам бир нерсени катуу кааласа, ал тез эле ишке ашып аткарылат. Мени менен квартирада чогуу жашаган бир студент жигит мага каралашып, бир жарым жылдан кийин экзамен тапшырып медициналык колледжге кирүүмө жардам берди. Көрүп турганыңыздай, мен жөндөмдүү адам болуп чыктым…

Жымжырттык өкүм сүрдү.

— Мен сиздин терезеңизге басып да барбаганыма канча болду, — деди Ивдин айткандарына эси ооп, айран таң калган Стильтон,  — көптөн бери… далайдан бери. Бирок ушул убакка чейин анда жашыл чырак… түн караңгылыгына жарык чачып, жашыл чырак дагы эле жанып тургандай сезилет. Мени кечирип коюңуз.

Ив чөнтөгүнөн саатын чыгарып карады.

— Саат 10 болуптур. Сизге укташ керек, — деди ал. –  Болжол менен үч жумадан кийин ооруканадан чыгасыз. Ошондо мага телефон чалыңыз, — балким мен сизге биздин амбулаториядан жумуш таап бере алам: келген оорулуулардын аты-жөнүн жазып туруу жумушун. Караңгыда тепкичтен ылдый түшкөндө жарык жагып жүрүңүз… жок дегенде ширеңке.

1930-жыл 11-июль

Орусчадан оодарган Шадыканова Адилет Рыскановна