ШАДЫКАНОВА Адилет: АДИЛЕТ ШАДЫКАНОВА: КЫШКЫ ЫЗГААР

Кышкы ызгаар…
Үшүгөн бут астында кычырайт кар.
Кар астында жайында биз тепсеген
Жайкалган жашыл шибер, тулаң чөп бар.

Шибер чөптөр…
Ысыкта тебеледи сени көптөр.
Шүүдүрүмдөн таңдагы бир тамчы суу
Ичээринде бир тал чөп өсүп көктөөр…

Далай буттар
Тебеледи. Билбеди сенде кут бар.
Тебелеген шол буттар бүгүн тоңуп,
Көк шиберди көрүүгө азыр куштар…

Кышкы ызгаар…кышкы ызгаар!

*  *  *
Асмандан жаап жатат апакай кар,
Ар бир кар бүртүгүндө жылдызча бар.
Андан кооз Ай менен Күн, бирок неге
Ай, Күнгө окшош болуп жаабайт алар?

Асмандан жаайт жалаң жылдызчалар,
Ар бир кар бүртүгүндө жылдызча бар.
Жылдызчалар бычырап биз басканда,
Үн берип кычыр-кычыр сынат алар.

Жер үстү майда-майда жылдызчалар,
Жылдыздарга чагылып карайт алар.
Асман дагы, жер дагы толо жылдыз,
Бүт аалам куралыптыр жылдыздардан.

Кар жана карга
Айлана сур, карасам көз тунарып,
Шаңдуу дарак шапайган өң кубарып.
Күндүн нуру күңүрттөп алсыз тийет,
Асман бопбоз айланам боз мунарык.

Агарды анан жер үстү. Аппак карда
Отуруптур чокуп кар кара карга.
Ак-кара айкалышы кандай сонун!
Аппак кар анык аппак карга барда.

Шамал ыры
Шуудуратып камыштын жалбырагын,
Шамал чертет түр-түркүн ыр ыргагын.
Шайды оодарып шапа-шуп кирип келет,
Шашылгын деп ырдайбы кыштын ырын?

Камыштын шамал күүлөп жалбырагын,
Күү чалып күңгүрөнөт күүгүм ырын.
Күзгү шамал саламын кыштын айтты,
Күт-күтпө келет окшойт кыш акырын.

Мажүрүм тал
Арык жээги. Ийилет бир
Мажүрүм тал суу сурап.
Тамыр терең турса дагы,
Үч бүктөлүп умсунат.

Мажүрүм тал үч ийилет,
Жерди көздөй умтулат.
Жел соккондо майда толкун,
Жетип-жетпей суу сунат .

Бойду түзөп, бойду керип,
Күндү карап суналып,
Өссөң боло, мажүрүм тал,
Тура бербей суранып!

Назиктикти, уяңдыкты,
Бар баалабас, баалаган.
Мажүрүм тал, көтөр башты,
Бийикке жет каалаган!

Азыркы арман
Сүйүү сунган “сүйөм” — дебей бир дагы,
Сүйлөгөндөн сүрдөнүшкөн бир даары.
Туягынан таш жарылган туйласа,
Тулпар сындуу жигиттер жок мурдагы.

Алтымыштан ашып калган жаштары,
Арак көрсө калчылдаган баштары.
Алжып калган чалдар мага тийишет,
Аргымактай жигиттер жок баштагы.

Октябрдын эң алгачкы күнүндө
Октябрдын эң алгачкы күнүндө
Оолак жактан эч күтүүсүз келдиң да,
Оодарылтып кеттиң бардык сезимди.
Отуз жылдык айрылышуум чийилип,
Отуз гана көз ирмемдей сезилди.

Октябрдын эң алгачкы күнүндө
Ортодогу уланбады сөзүбүз.
Окторулуп турсаң дагы камданып,
Окчундадым. Чоочун эркек-аялга
Окшоп турдук өзүбүздү карманып.

Октябрдын эң алгачкы күнүндө
Онтотпогон оору болуп келдиң сен.
Обого учкан бакытымды эстетип.
Оомал-төкмөл бул дүйнөдө чайпалам,
Оргуштаган жаштык деген кез кетип.

Эң алгачкы октябрдын күнүндө
Эңшерилтип, эзилтип да кеттиң сен,
Ээнсиреп калган байкуш жүрөктү.
Эсте баары. Сен деп жүргөн кездерде,
Эсептегемин ай-жыл эмес мүнөттү.

А азырчы? Эң жакын да, эң алыс,
Адамсың сен тааныш дагы, бейтааныш.
Отуз жылдык муздак дубал ортодо,
Оолуккан да андан ашып өтө алгыс.
Опаасы жок сүйүүлөрдөн не таптык,
Ойку-кайкы тагдыр күтүп мен жалгыз…

Пародия
“Бир ч
өнтөк ырлар”(70-беттен)
Тоолор бизге кайда жүрсөк кол сунат,
тоолор бизди коштоп-таяп олтурат —
аял дебей, эркек дебей баары
ңар
ачайса
ңар – алаңарда тоо турат!
Кожогелди Култегин

Ачайсаңыз – алаңызда тоо турат,
Ылдый жактан өйдө жакка кол сунат.
Кызыкканы анын эмне? Турабы
Өзүндө жок, сизде барды же сурап?

Ачайсаңыз – алаңызда тоо турат,
Алсамбы деп алда-нени кол сунат.
Бар болсо эгер, сураганын бериңиз,
Тоо болсо да колу куру калса уят.

(Ошол эле жыйнактан, 24-бет:)
Башканын бизде иши не?
Баспады
ң жайлап кичине.
Супсулуу ырды жазгым бар
сумке
ңдин кирип ичине!

Сулуу кыз, жайлап басып тур,
Сумкаңды кенен ачып тур.
Секирип барып бир акын
Сумкаңа кирсем экен деп,
Сунула кууп шашып тур.

Акын ыр окуй калганда,
Уккандар калат арманда.
Аттиңай! Барбай калдым деп,
Арманда укпагандар да.

Качпастан, ага бар жакын,
Сумкаңа кирсин ал акын.
Ыр жазып бүтүп чыкканда,
Помада, пудра сыйпанган,
Кыздардын атыр жыттанган
Супсулуу ырын аласың.
Анан…
Сумкамдан чыгып кетти деп,
Эми, акынга кайдан жеттим деп,
Арманда сен да каласың!
27-июнь, 2011.