АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: ТҮШҮНБӨСТҮК

АҢГЕМЕ

Бул турмушта мен түшүнбөгөн нерселер ого эле көп. Жашыма жаш кошулуп, башымдагы ак чачым көбөйүп барат. Акылдуумун деген, билимдүүмүн деген көп адамдар менен табакташ болдум. Колума тийген китептерди калтырбай казып окугансыйм. Бирок мен түшүнө албаган нерселер азайган жок. Кээде баарын билген, баарын түшүнгөн адамдарга кезикенде өзүмдү бир макоодой сезем. Андай билерман адамдар өтө көп. Андайлар өздөрүн өтө жогору баалашат. Аларга жетиш кайда. Жогортодон туруп акыл үйрөтүшөт мага окшогон шоркелдейлерге. Мен ошондой баарын түшүнгөн адамдарды түшүнбөйм.

Мен деле эл сыяктуу музыка укканда жакшы көрөм. Комуз күүсүн болобу же классикалык музыкабы – жакшы, жаман деп бөлөм. Атайылап деле бөлбөйм дечи, бирок укканда эле өзү бөлүнүп калат. Жакшысын жата калып жыргап угам. Көңүлдүү же кайгылуу, жай же ылдам экенин билем. Такыр эле жинди эмесмин да. Жакпаганын дароо өчүрөм. Бирок угуп жаткан музыка эмне жөнүндө экенин түшүнө албайм. Акылдуулар болсо тиги музыка баланча окуя жөнүндө, тигил музыка түкүнчө жөнүндө деп эле жиликтеп киришет. Ой бул теманы катыра бериптир, образды укмуш ачыптыр дешет. Алар миң айтса да түшүнбөйм. Какшаса да түшүнбөйм. Мен дөдөймүнбү же тигилер өз фантазиясынын туткунунда адашып жүргөн немелерби. Муну да түшүнбөйм. Мен баарын түшүнгөн адамдарды чындап эле түшүнбөйм. Мен жөн кана эргип угам. Болду.

Эми сүрөттөр жөнүндө. Сүрөт көргөндү мен да жакшы көрөм. Музейлерге да көп бардым. Сүрөтчүлөрдү сыйлайм. Кадимки турмуштун бир көз ирмемин чагылдырган, жаратылыштын кооздугун көрсөткөн чыгармаларга, сүрөтчүнүн чеберчилигине суктанам. Анан эле бир кулагы желкесинде, бир көзү чокусунда жүргөн сүрөттөрү менен атагы чыкккан Пикассо деген немени, төрт бурчтукту чымкый кара боёк менен боёп кылымдан кылымга атак алган Малевич дегенин вообще түшүнө албайм. Өлтүрсөңөр да түшүнбөйм. Стили ошондой, символдор катылган дешет. Символу менен кара жерге кирсин ошол “кара квадраты”. Андайды тили жаңы чыгып келаткан бала деле тартат. Болгондо да жаңы эле ремонттоп, актап койгон дубалдын бетине. Квадрат Европанын символу экен айтымдарында…

Ал эми Азияныкы айлана экен. Төрт бурчтук чектелүү, ал эми айлана чексиздикти билдирет имиш. Эми ошол Малевич байкабай төрт бурчтукту чиймелеп отуруп сыясын төгүп алып караса эле символ экен да, ошол үчүн эле кылымдарга аты калыптыр, тобо. Менимче акылы тайкы, капчыгы калың байлардын акчаларын кагып алуу үчүн жөөттөрдүн эле чыгарган рекламасы окшобойбу. Жөөттөрдөн айла качып кутулабы. Бир жолу дүкөнгө келип сурайт дейт бир жөөт аял:

— Жумурка жаңыбы?

— Ооба, жаңы эле түштү.

— Анда мага кара тооктун жумуркасынан 15 даана бериңизчи.

— Ой, кызык экенсиз, кара тооктун жумурткасын мен кантип таанымак элем? Баары эле окшош, ала бериңиз.

— Жок, мага сөзсүз кара тооктун жумурткасы керек эле, уруксат этсеңиз мен өзүм таанып тандап алайын.

— Мейлиңиз, анда тандап алыңыз, — деп кара тооктун жумуркасын кантип ажыратып алаар экен деп сатуучу кызыгып карап калат. Жөөт аял шашпай оодарып, эң чоң жумурткаларын тандап алып баса бериптир.

Жанагы символдорду, символдоштурууну деле ошол жөөттөр чыгарган болуш керек. Жумуртканы тууган эч нерсе эмес, кукулуктап кыйкырып аны рекламалаш керек эмеспи. Чынында эң өтпөгөн товарга реклама керек. Муну соода тилинде товарды алга жылдыруу деп коюшат. Рекламанын күчүн көрүңүз, Пикассону же Малевичти түшүнбөйм десең мага окшогон “дундук” болосуң. Ал эми капчыктуулар эч качан өзүн акылсыз кылып көрсөтүүгө жол беришпейт. Биринен бири акылдуу сезишкен байлар жанагы майып сүрөттөргө кезекке турушуп, баасын асмандатып жиберишет. Өз кезегинде товардын баасы көтөрүлсө, даңкы ошончо көтөрүлүп талаш-тартыштар башталат. Аларды туурап биздин кыргыздар да символ издей башташты го. Мына, алыс барбай эле эчен кылымдан бери келаткан алдыңда жаткан шырдакты алалычы. Анын оюларынан шумдуктай символдорду таап жатышат. Айтайын десең акылың да, сөзүң да жетпейт. Тээ, илгери ыраматылык апам шырдагын шырып отурганда:

— Апа, алдагы оюларыңда бир катылган ойлор бар дешет, сенин оюларыңда эмне ой бар? — десем:

— Таң. Мен ой-пойу менен деле ишим жок, жөн эле өз апамдан көргөн оюмду ойдум да, — деп койгон. Мейли, символдорун түшүнбөсөм да ылайым эле биздин шырдагыбыздын баркы өсө берсин. Ал Пикассоң менен Малевичиңдин сүрөт сөрөйлөрүнүн жүзүн кошсоң да баасы жеткис буюм керек болсо.

Негизи биз кыргыздар башка эл мээ катырып жасаган иштерди “жөн эле” жүрүп жасап коймоюбуз бар. Бул биздин элибиздин эң улуу касиеттеринин бири эмеспи. Туурабы? Ал күтүүсүздөн суроо таштады:

— Эй, сен менин айткандарымды угуп, бирдеме түшүнүп атасыңбы?

— Ооба, угуп атам, баарын эле түшүнүп атам.

— Чындап эле баарын түшүндүңбү?

— Ооба.

Ал мени оңурая бир карап алды да, бурулуп басып кетти.