АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: КАРЫЛЫК

АҢГЕМЕ

Бир аз тумоолоп калган карыган чалын аяган кемпири мештин жанындагы өзүнөн бетер карт мезгилдин түрдүү соккуларынан жедеп бырбыйып бүткөн, түбүндө тешиги жок үчүн гана алигиче колдонулуп жүргөн кап ортосуна чейин сууга көөлөнгөн көмүр салган чаканын жанына эскилигинен колдонуудан чыгып, көрүнгөн жерде тоголонуп,  капталындагы бир кезде көз жоосун алган бажырайган гүлдөрү жол боюнда өсүп, ары-бери көлчүк тебелеп өткөн машинелердин дөңгөлөктөрүнөн чачырап жабышкан ылай сыяктуу ар кайсы жерге уруна берип сыры ыргып, кебетеси кеткен, илгери чөп чабыкка барганда жарма куюп жүрчү, коңшуларынан сүт сурап алганда ооруканага тааныш-пааныштары жатып калганда буусун булоолонткон ысык тамак жеткизип жүрчү үч литрлик кол челекти чаңын сүртүп тазаламыш этип коюп:

– Абышка, сыртта ит өлчүдөй суук, анысы аз келгенсип эшиктин алды чатырдан тамган тамчылардан улам итапкан муз тоңуп,  караңгыны мындай кой,  чак түштө деле абайлап баспасаң тоголонуп жыгылчудайсың. Карыганда бир жериңди сындырып алсаң, менин эле башыма түшкөн азап. Түн ичинде табарсыгың толсо,  тиги челекке эле бошотуп ал, -дебейби.

Үйдөгү челекти кой,  сырттагы балдары салып берген полу тактайланган, жылда актап таптаза турчу дааратканага киргенде; үйдүн төрүнө отургансып тартынган, эзелки көчмөн бабаларындай таза абага, шамалга бетин тосуп бир тал куурайга,  тура калса белинен өйдө жагы көрүнүп турчу сай жээгине жакын чоң таштын далдасына, ар кайсы кокту-колотко, минип жүргөн атынын далдоосуна, болбоду дегенде тамын айлана калып бурч-бурчтарга ишин бүтүрүп көнгөн абышка кемпирине күңкүлдөп,  дилинде анын айтканына макул болбой мөңкүп туйлаган менен карылык салган капканга кептелгенин түшүнүп, айласы куруп макул болбоско чарасы калбады.

Түн ортосунан оой, абышка туруп барып, мурдунун алдынан күңк-мыңк этип үйгө сийгизген абалга жеткен тагдырына, ачып көздү жумгуча жөргөмүш желесиндей бүт денесин чулгап алган карылык деген балакетине, кайдагы челекти ойлоп таап коюп берген байбичесине нааразы боло, бир колу менен челектин кырынан кармап, мээлеп, бир топко ийибей кыйналып, үзүп-жулуп шылдыратып атып, сыртка тамчылатпай таза бүтүргөнүнө маашырланып алды да, дубалдагы мыкта илинген жүнү четинен түлөй баштаган чолок тонун жамынып, көрпө тебетейин тер сиңе берип жалтыраган малакайына бастыра кийип, бутуна кийиз батек салган кытай көлөчүн илип, бир колуна башы иймек табылгы таягын, бир колуна кол челекти аяр кармап сыртка чыгып баратканда – баятадан байкап жаткан байбичесинин үнү токтотот:

— Ээ,  кокуй чал, эми темселеп кайда баратасың? — десе чалы камырабай:

— Ой, муну төкпөймүнбү, — деп булкулдап коёт дейт.

— Ай байкуш, абышкам-ай, ошо сени сыртка чыкпасын деп алдагы челекти коюп бербедим беле. Өзүң чыга тургандан кийин челекти коюп, эки жумуш кылып сени кыйноонун кажети бар беле маа. Жат эми, алдагыңдын жытынан жийиркенип жата албасаң мен эле төгүп келейин, — деди байбичеси.