ШАКИР Олжобай: Жаңы жыл жөнүндө жомок

Илгери-илгери дегендин көбү жок бүгүн. Илгери дегендин баары сансыз жомокко айланып, ошо илгери болгондун баарына терең акылмандуулук төнүп, бүгүнгө дейре жашайт экен. Жаңы жыл деген майрам да те илгеркиден бүгүнгө чейин бүтпөс жомокко айланыптыр. Ага балдар да, чоңдор да ишенет имиш. Илимдүү-билимдүүсү да, караңгы түркөйү да Жаңы жыл деген жомокко абыдан ишенип алышкандыктан, баарынын ишеничи жылыга таш каап келет экен, бурадар!

 

Ар адам ишеним, үмүт, каалоо, тилегин артып: Жаңы жыл менен кошо жаңырам; жаңы ийгиликтерди жаратам; жаңы досторду күтөм; жаңы кадамдары жасайм; жаңы иштерди баштайм; жаңы идеяларды табам; жаңы ачылыштарды кылам; жаңы үй курам; жаңы машине алам, телефондун эң жаңысын сатып алам деп, айтору, жаңы…жаңы… жаңысы бүтпөйт экен адамдардын. Жаңы бирденкелерди жаратканча эле ал жыл да эскирип, кайра жаңысы келерде баягы ишеним, үмүт, тилектерине жеткиси келген адам кургурдун өмүрү билинбей өтө берет экен, өтө берет экен.

Адамдарга жаңынын баары тез эле эскидей көрүнүп, тилеги кабыл болгон пенделер деле жаңыргандын көбүнө ыраазы болбоптур…

Жаңы жылга карата каалоо, тилектер акыры адамдарды ач көз кылып тынат. Эски жылды узатып, жаңы жылды тосуу мүнөттөрүндө адамдардын көбү Жараткан Теңирден чексиз байлык тилегени тилеген экен. Жараткан Теңир баарын орундатса да адамдардын тилеги, каалоосу арткандан арта берет.

Миллиондогон, миллиарддаган ач көз адамдардын арасында бирин серин гана дервиштер жашайт экен. Алар Жаңы жылды тосоордо жер пенделерине окшоп Теңирден эч качан эч нерсе суранбайт дешет. Ошол дервиштер Жаңы жыл келээр мүнөттөрдө Жараткан күчтөн аз гана нерселерди суранышат экен. Эмнени дебейсиңерби? «Жер үстүнө пенде баласы үчүн чачкан мол ырыскыңдан ажыратпа! Сен бизге Ай менен Күндү, Суу менен Отту жараттың! Сенин бизге тартуулаган эң кымбат белегиң ошол! Бизге ошол чексиз белегиң жетет! Жер үстүн солкулдаткан согуштарды болтурба, Көк асманыбызды муң-кайгыга толтурба!»

Дервиштердин Жарткан Теңирден Жаңы жылда тилегени болгону ушул экен, бурадар!

Олжобой ШАКИР