ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: КАЙНАГАН ШОРПОДОН МУЗДАГАН ЖҮРӨК

АҢГЕМЕ

«Э-к! макулук сени… Өз энесин сүзгөн ушуну көрдүм». Чоң күрөң уй бак коруктагы кичинекей күрөң уйга мүйүз челигенин көргөн кара кемпир картаң уйга болуша кетти. Бу кичинекей күрөң уй качанкы мал. Ага тап берип мүйүзүн челиген чоң күрөң өзүнүн эле этке төгүлбөй калган торпокторунун бири экени эсинде, анда күүлүү-күчтүү кези, бул уйду өзү саачу. Эми минтип эки уйдун чатагына көз салганча ийик ийирип отурган кемпирдин бөкчөйүп калган убагы.
Ыраматылык чалынын көзү өткөндөн берки жылдарды санап отурса, жыйырма жылдан ашыптыр. Бу кемпирдин ийиктен кийинки эрмеги эле убакыт санамай. Балдарынын эң улуусу канчага келди, кичүүлөрүнүкү канчага келди, кайсы небересинин туулган күнү качан, кайсы кызынын үйүндө көп жүрдү, канча күндөн кийин кайсы кызыныкына барат, кайсы уулунукунда көп жүрдү, кайсы уулунукунда аз жүрдү, айтор баарынын эсеби бар.
Уулдарыныкында көпкө жүралбайт, чукчуңдаган келиндери көпкө жүргүзбөйт. Бу кемпир кыздарынын үйүндө гана көпкө жүрө алат, анан бир күнү эле айылга жөнөйт, чалынан калган эски үйгө. Анда ортончу уулдарынын бири турат. Ал уулу караан болсун деп кемпирдин жанына бирөө-жарымын калтырбай, чоңунан кичинесине чейинки баарын алып, тоодогу кайын журтунукуна кеткен. Эртең келишет. Жанында азыр бир небереси болсо не.
Бул жалгыз караан кошуна-колоңдорун сагынганда айылга айда-жылда бир келет. Келгенде кемпир-кесек падрушкелери менен ушундай бир кулак кужурун кандырат десең. «Чоң эне, падрушке дебей, подружка дебейсизби» дейт неберелери. Неберелерин бир жолу туура кайталап айтат, кайрале көнгөнүндөй падрушке дейт. Падрушкелерине кетет.
Керээлдин кечке ичкендери чай. «Кайдасың, кайсы уулуңдун үйүндөсүң» дечү падрушкелерине дайыма «баягы жазуучу болуп жүргөн эң кичүү уулумдукунда эмесминби» деп калп айтат. А жазуучумун деп жүргөн уулу квартирадан квартирага тынбай көчүп жашаган бечара экенин кеп кылбайт. Мунусун шаардагы эркек балдарына сөз тийгизбеш үчүн гана айтат, болбосо кыздарыныкында эле жарым жылдап, бир жылдап жүрөт эмеспи. Падрушкелери болсо ишенчээк. «Балдарыңдын өркөнү өссүн. Бала кайрымдуу болсо ошо турбайбы» дешип үшкүрүнөт. Алар да шаарда жашаганды ичтеринен тилейт, бирок бирөөсүнүн шаарда жашаган балдары жок, а бирөөсүнүн таптакыр согончогу канаган эмес, багып алган кайрымсыз балдары бар…
Бак коруктагы чоң күрөң уй шылдырап аккан сууга жакындаган кичинесине дагы тап берди. Ага «э өлгүр!» деп наалыды кемпир. «Макулук десе…өз энесин жерийт» Экөө тең саан уй, сааган киши жок. Торпоктору кайда экени менен кемпирдин иши канча, «сатылып кеткендир да» деди ичинен.
Тизесине ийик чимирип отурган кемпир чак түштөн оогон маалда тоо жактан козу өңөрүп келаткан Жайлоону көрдү. Жайлоо балдарынын эң улуусу. Өңөрүп келаткан козусу мөңкүп кетчүдөй туйлаганынан ат тизгинин кагып, ээр үстүнө ныгыра басты. Козу туйлабай калды.
– Жеңе кандайсыз? – деди Жайлоо.
Илгери чоң ата, чоң энесинин колунда өскөн неме өз апасын ушинтип эскиче жеңе дейт.
– Шүгүрчүлүк… Кайдан келтасың балам?
– Тоодон. Тоодогу малды көрүп келейин деп баргам.
– Ооруп калыппы алдагың?
– Жо, үйдө шорпо-шилең кылып ичели деп баглан козулардын бирин апкелаттым эле, – деди уулу.
Кемпир унчукпай калды, уулу өтүп кетти. Бак коруктагы чоң күрөң уй кичинесине дагы тап берди. Кемпир дагы күңк-мыңк наалыды.
Күн кечтеди. Кемпирдин оозуна кермек даамданган кара суу келди. Уйлар жакты карап койду, саагандан коркту. Чака-чукам менен ыргыта теппесин, жөн өлөйүн деди. Эмне кылсын, сыртка кулак түрүп отурду. Ийиктен алакан оту жооруганынан ийикти таштап, ийрилген жиптерди Жайлоонун колуктусуна камдап алды, жөжүрөгөн чөбүрөлөрүнө бирдеңке токуп берер деп.
«Ботом, малдын батасына чакырбады да» деди ичинен. Уулу аны малдын батасына чакырбаганы күйдүрдү. «Шорпосу деле кайначу маал болду, козунуку эмне» деп ойлоду бир туруп. Каш карайды, кемпирдин оозуна кара суу келди. Этсиреп турган жаны шорпо ууртасам деди, баглан козунун жумшак этин эңседи. Бирок «чоң эне, жүрүңүз, эт бышты» деген чебересинин үнүн угамбы десе, сыртта тынч. Дабыш тыңшаган кемпир саатты карады, кечки тогуздан өтүптүр. Канча күндөп карандай чай, кара нан жегенденби, оозунан кермек даамдуу кара суу кетпей туруп алды. «А үмүт болбой куруп кал» дейт кайра, «чакыраар киши малдын батасына чакырат эле да».
Үшкүрүнүп улам саатты карайт, ондон өттү. Кемпир төшөгүн салып жатты, көзү илинээр эмес. Айылдагы иттердин жаң-жуңу эбак басылды. Кулак-мурун кескендей үйдө кемпирдин үшкүрүгүнөн башка шоорат угулбайт.
Уйку качкан көзүнөн бир убакта ысык жаш тамчылады. Бербестин ашы бышпас экенине көзү жеткенде гана ысык жашы буурчактап төгүлдү. Кемпир өз жатынынан туулган баласы бир чыны шорпо ичип кет дегенге жарабай, ошол бир чыны шорподон эртеден-кечке үмүт кылганы үчүн ызаланып төктү көз жашты.
Кемшеңдеген кемпирдин эриндери көз жаштын кермек даамын гана татып, чыракты өчүрдү. «Чакыраар киши чак түштө эле малга бата кылаарда чакырбайт беле» деп күбүрөнгөн бечаранын жүрөгү балдарынын улуусунан ошол күнү сууй түшкөндөй болду.

Октябрь, 2014-жыл.