ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: МОЛДОКЕ

АҢГЕМЕ

Мончонун кассасында кезекке тургандардын арасынан бир чокчо сакалдуу чал менен сакалы батектей, узун чапанчан сомодой жигит кер-мур айтыша кетти. Кезекке тургандардын саны деле көп эмес эле. Чатак сомодой жигиттин «аксакал, намазга кечигип калбайын, өткөрүп жибериң» деген өтүнүчүнөн чыкты.

– Ат-та-ааңдын оозун урайын! Сага окшогондордун азабы өттү! – деп чунаңдаган чал тигини жекире карап, андан аркы кеби да сакалчан жигиттин итатайын козгоду. – Намаз окуган сен эле бекенсиң! Сен да эл катары кезекте тур, намаз окусаң эле эмне?

– Аксакал, өзүңүз намаз окуйсузбу?

– Окубайм, намазга өзүң эле жыгыла бер. Мен сага окшоп кудайга кошомат кылбайм.

– Аксакал, това деп сүйлөң!

– Това-ааа деп сүйлөбөсөм эмне кыласың?! – Чал муну кадимки актерлордон бетер чеберчилик менен айтты. Андан ары да кызуу кандуулукка алдырып жиберди чал. – Ыйманы жок атаңдын оозун урайын десе…

– Өзүңүздүн ыйманыңыз жок экен, аксакал!

– Опе-ей… эй! – чал тигиге тап берип калды. – Макул… менин ыйманым жок экен, намазга жыгылган сенин ыйманың кана? Ыйманыңды көрүп атабыз, мечиттен алган ыйманың ушулбу? Атаңдай болгон киши менен…

– Сизди аксакал экен десе, ак шакал экенсиз!

– Эй-эй-эй… – Чал менен тиги жигиттин ортосундагы чатак ырбап баратканын көргөндөр экөөнү араң ажыратып тынды:

– Койгула эми, койгула.

Ангыча кезекке тургандардын арасынан бирөөсү:

– Болбогон жерден чырдашасыңар, мына баарыбызга кезек келди, – дегенден кийин чындап эле тургандардын колдоруна тез-тезден белет тийип, котологон сүрмөтоп мончого кирип кетти.

Чал менен сомодой жигиттин ортосундагы чыр Теңирбердини ойго салып койду. Жанараактан кезекте бирге туруп, мончого чогуу киргендерди караса, баары күлүп-жайнап бажактап, тиги чал менен сакалчан жигит деле эчнерсе болбогонсуп жуунуп атышат. Мончодогулардын арасында жалгыз Теңирберди гана ой жүгүнөн бошоналбай көңүлсүз. Башка бир нерсеге өзүн алаксыталбай отуруп, муздак бассейнге секирди.

Мончонун ысык буусуна даа бир ирет кирип баратып, шыпыргысын койгон ордунан таппай калды. Тизилген шыпыргылардын баарын кармалап көрүп, кызыл жип байланган өзүнүкүн издеди. Жок. Карайлап издеди. Акыры ысык бууга шыпыргысыз кирмей болду. Кирсе, баягы узун сакал жигит «ахалап-охолоп» шыпыргы менен чабынып отурат.

– Молдоке, шыпыргы өзүңкүбү?

– Өзүмкү, – деп ишенимдүү айтканына карабады…

– Берчи, өзүм койгон белги бар бекен… Эй, меники турбайбы, молдоке!

– Жоо… өзүмкү.

– Ой бул меники, мына өз колум менен байлаган кызыл жиби…

– Аа… анда мен өзүмкүн эмес, сиздикин алып алган турбаймынбы, – деди тиги да оозу-мурду кыйшайбастан.

Теңирберди тиги неме жанын жеп «сиздикин алып алган турбаймынбы» дегени өтүрүк экенин дароо түшүндү. Жанараактан кезекте турган чал менен кыжыңдашып аткандагы бу неменин колунан шыпыргыны кой, самын-сумун салаар баштык-үштүгүн көргөн эмес. Атүгүл «мончого келген киши ушинтип келеби» деп ичинен таңгалып да койгон.

Өз буюму табылганына каниеттенди да башка үндөгөн жок. Тиги чамынган үчүн жийиркенип, шыпыргысын ысык сууга матырып-матырып жууду. Сакалчан жигит да жанында жуунуп атыптыр. Анын жуунуп атканына деле көңүл бурмак эмес, тиги арампөш бирөөдөн самын сурай баштады:

– Бир чайканып алганга самыныңызды берип турасызбы?

Жанараактан өзүнүн шыпыргысын көтөртүп ийгенде мынчалык жини кайнабаган Теңирбердинин чындап ачуусу келген экен, өктөм үнү менен мончону жаңырта берди:

– Эй, молдоке! Сен кандай немесиң?! Азыр эле менин шыпыргымды уурдап алып, эми бирөөнөн самын сурап… Эми сага дагы бирөөсү мочалкасын берип туруш керекпи?!

– Эй, ака… мени ууру тутпаң?

– Уурусуң! Момун мусулман болсоң, бирөөнүн буюмун суроо-сопкутсуз алат белең?! Сурабай алдыңбы, болду, уурусуң! – деп күчөндү Теңирберди.

– Мен мусулмандай сурап атам. А сиз мусулман адамсызбы?

– Сен менин мусулман, мусулман эмес экеним менен ишиң болбосун! – деп жаагын жап кылып, ары басты.

Теңирберди шыпыргысын силкип-силкип алды да, ысык бууга кирип кетти. Кирген менен демейдегидей мончонун ыракатын сезбеди. Тек, бүгүн кайдан мончого келгенине кейиди.

2011-ж.