ШАКИР Олжобай: МУЗДАК ТАШКА ТӨГҮЛГӨН ЫСЫК ЖАШ

АҢГЕМЕ

Карлыгаш адам башына келген апаатты, өлүм менен өмүрдүн аралыгын көрдү. Өлүм-өмүрдүн бир карыш жакын ортосунда далбастап ачарчылыктан самсып качкан эл ай-талаада ит-куштун таланган жемине айланган күнү аман калаар-калбасынан күмөнсүдү. Кумурскадай жайнаган кымгуут элди ажал тооруп келгенде жандан ширин, жандан кымбат эч нерсе көрүнбөдү баарына. Жан айласы үчүн жакын санаган адамдар таштай качаарын башынан кечирди. Үч жашар уулун жетелеп, эмчектеги ымыркайы менен самсыган элдин арасында илкий басып араң келаткан Карлыгашты кайын журту бурганактуу ай-талаада калтырып кете беришти. Алдан-күчтөн тайыган келин Саулесин бооруна кысып, буту баскан үч жашар уулу Жабайын алынын жетишинче сүйрөдү. Жабайды аягын тарталбай калганча жетелеп, акыры бирин эмес, экөөнү бирдей көтөрүп самсыды шордуу. Колу-буту талыды, бүтүндөй тулку бою талыды. Бооруна жабышкан Саулеси улам таштай муздак тумшугу менен эмчек издеп кыңкыстайт. Анын тыбырчылаганы да колунун каруусун кетирип шалдайтып таштады. Бирин жонуна, бирин бооруна көтөргөн келинди аяп, жаны ачыгандан кээси:
– Балаларыңның біреуін таста, – деди.
Көнбөдү ага. Энелик жүрөгү балдарынын бирин ай-талаада ит-кушка жем кылганга чыдабады.
– Қоржынның екі басына салып ал, балаларыңды, – деген ырайымдуу бирөөсү Карлыгашка өз куржунун карматты.
Куржундун бир көзүнө Жабайды, экинчи көзүнө Саулени салып көтөргөнү кыйла жеңилдеди мурдагысынан. Некин, жол арбыта албай, элден артта кала берди. Элдин карааны улам алыстаган сайын кадамын ылдамдатканга алынын жетишинче тырышты, үнүнүн жетишинче жардам сурап жалбарды. Кылчайган бирөө-жарым болбоду. Баары өз кара жанын араң сүйрөсө, Карлыгаш эки ымыркайын көтөрүп сүйрөлдү. «Бирөөңдү да талаага таштабайм», – деди көгөрүп. – «Өлсек, бір молада бірге өлеміз» – деди өзүнө өзү. «Екеуіңді ажалдың қолына салып бермеймін ешқашан» – деди дилинде.
Дарманы кетип, шал немедей шалак жыгылган бечара дем алып кайра тургуча элдин караанынан ажырап калыптыр акыры. Жетээр эмес. Боюн жерден теңселип араң көтөрсө, анда-мында адам өлүгүн тытмалаган карга-кузгун, шоңшоюп отурган жорулардын карааны эле болбосо, тирүү пенде баласы көзгө чалдыкпады. Жаны жер тартып дем алайын дейт, бирок өз денесинин салмагын жерден экинчи ирет көтөрө албачудай. Ага карабай чымыркана бут шилтеди.
Шамалга термелген бою кайыңдай ыргалат улам. Саулеси кыңкыстап эмчек издейт тыбырчылап. Бирок эмчегин бербеди. Ымыркай ага болбой колдору менен эмчек издейт кыбырап. А Жабайы эки күндөн бери наар ала элек, болгону кечээ акыркы жолу кайыңдын суусун саап беришкен ага. Аргасы түгөп бүткөндөн азыр Саулеге эмизбей келаткан эмчегинин бирин Жабайга эмизмек болду. Сүт чыгаар бекен, чыкпас бекен деди…
Карлыгаштын жонуна арта салынган куржундагы Жабайдын негедир кыңкыстаган үнү угулбады. Үнү басаңдап келатып, бир убакта таптакыр угулбай калган эле. Эне жүрөгү мындан селт дей түштү. Тыным алып, арка жонундагы Жабайдын үнүн тыңшады. Боздогон шамалдын үнүнөн бөлөк доош эшилген жок кулагына. Куржунду ийинден шыпырып караса, Жабайдын мойну шылкыят, кокуй! Баланын таштай муздак эрдине эмчегин салды, тирүүлүктүн жышааны туюлсачы балээ…
Жүлүнү сыздап, көз жашын кылгыртып мелтейген жалгыз келинге ээн талаада кеңеш айтаар жан табылсачы! Өксүп ыйлаарга да дарманы жетпей нес каткан келиндин көзүнө арыда тарп талашкан кузгундар көрүнүп, дене бою жыйрылды. Жан этинен бүткөн наристесин эми жем кылып таштайбы аларга?! Жок. Таштай алаар эмес. Ордунан туруп, куржунду жонуна кайра илди. Жүрүшүн мурдагыдан ылдамдатты караңгы түнгө калбаска. Суукка кайыгып калчылдаган кургур талаада тоңуп өлбөстүн жалгыз аргасы – кыбыраган кыймыл экенин түшүндү. Жолдун далайы артта калды. Алдынан да, артынан да тирүү адамдын карааны көзгө чалдыкпады. Качкындардын изин гана кууп келатты. Алма-телме эки жагын тиктеп, түзөңдө адам өлүгүн тытмалаган канаттуу жырткычтардан бөлөгүн кезиктирбеди.
Жонундагы ыркыйган арык уулунун өлүү денесиндеги муздак илеп өз денесинен өтүп баратты. Набыт болгон уулунун таштай каткан денеси мупмуздак. Өлүктүн мындай оор, мындай муздак экенин ал өз жонтериси менен өмүрүндө биринчи жолу сезди. Сөөккө сөөк урунду. Экөө бирдей ыркыят. Бирөөсү жандуу, бирөөсү жансыз адамдыкы. Өлгөн баласынын ыркыйган арык денеси жонуна урунуп, бара-жүрө зыл таштай салмакка айланды. Зыл таштай оор ал нерсе ширин тилдүү, күлкүсү тунук булактын шылдырындай угулган Жабайынын жасаты экенине ишенгиси келбеди. Кечээ эле улактай секирип ойноп-күлгөн баласынын сөөгүн көтөрүп баратканы жөн гана коркунучтуу түш сыяк… Куржундагы жүк өз ымыркайынын денеси эместей: жонуна урунган ал нерсе урчуктуу таш, урчуктуу музга окшоп сезилди. Жабайынын быртыйган алакандары, болбураган денеси жумшак кебездей эле го. Азыр ошол чыканактай баласынын жаны көккө учуп кеткенден кийин анын салмагы бир заматта зыл таштай оор, көпкөк муздай тоң нерсеге айланды. Өмүрүндө эки ийнине далай мерте чоң-чоң үймөк отун артып жашоо кечирди, бирок Карлыгашка ал жүктөрдүн бири дагы жонундагы кенедей Жабайындай оор сезилген эмес. Көрсө, эне үчүн жаны көккө учуп кеткен наристенин салмагы оор болот окшобойбу…
Карлыгаш далай жолду артка таштап алдан тайый берди. Ошондо гана Жабайдын жансыз денеси жөн гана ашыкча жүк экенин түшүндү, куржундун бир көзүндө тыбырчылап кыңкыстаган Сауленин үнүнөн да эсин жыйды. Ээн талаада бир эмес, эки баласынан бирдей ажырап калбоону ойлонуп, Жабайына эмизмек болгон эмчегин Сауленин оозуна салды. Эки эмчегинен тең жарытып сүт чыкпаса да, ымыркайына өзөк жалгатты.
Айланада карга-кузгунга көз чаптырды. Өзүнөн бөлөк жандык көрүнбөгөн соң Жабайдын сөөгүн ташка корумдашты ойлонду. Ага мындан аркы азап да оңой болбос. Алдыда түн турат. Жолду улоону, жашоону улоону ойлонду. Жетээр жери анчалык алыс эместигин болжоду. Качкын казактардын оозунан кыргыздын Үлкөн-Капка аттуу жерине жетүүгө жакын калганын уккан жаны тирүүлүктөн үмүт үзбөдү. Бирок ошол Олуя-Атага канча жол калганын билсечи. Жолдун алыс, жакыны белгисиз болсо да дуңку сезими ага жакшылыктын жышаанынан үмүтүн үздүрбөдү. Бир түндү баштан кечирсем, жетип барармын деп өзүн сооротту. Агер тагдыр жазмышы тирүүлүктүн ырыскысын буюрбаса, эки наристе менен ушул жерде сөөгүм калар деген Карлыгаш айланага көз чалып, тырмалап таш чогултту. Карк эткен карга, курк эткен кузгун үнү угулбаган ушул жерге баласын ташка корумдоодон бөлөк аргасы калбады.
Термелеп таш терген колуна тамыр урунду. Тамырды оозуна салып, ачуу даамына карабай чайнады. Кайсы өсүмдүктүн тамыры болсо да ээн талаада өзөк жалгашка башка эмне колго урунмак. Эч болбосо какшыган эмчегине сүт барсын үчүн тамырды күрмөп жутту. Тамырдын өзөгү да жердин үстүнкү катмарынан тереңге кеткендиктен кургак эмес эле. Карышкан жаак­тары иштегенге, оозунда шилекей пайда болду. Бир карыштан узун тамыр анчалык катуу, анчалык кургак болбогондуктан өзөгүнө тез эле жетти. Өзөгүнө жеткен тамыр эмчегинде сүт болорун ойлоп, бир карыштан ары жагы үзүлүп калган тамырдын түбүн суурга окшоп тытмалап казды жан үрөп.
Кеч күздөгү тоң жердин алдына жашынган өсүмдүк тамырын сууруп чыкканга манжаларынын каруусу жетпей, тырмактары сынды. Өжөрлөнгөн бечара тамырдын дагы бир учун үзүп алды эле, тамырдын даамын татып калган оозуна шилекей толо түштү. Башкасын издеди сыйпалап. Табылган жок. Аргасыздан урчуктуу таш издеп, кайрадан тамырдын өзөгү житкен жерди ойду. Колуна илинген тамырды сууруп чыкты акыры. Канча күндөп жарытылуу наар албаган куругур тамырды чайнаганга – карышкан жаактарынын булчуң эти талып, бирок жаны септенип, кубат алгансып калды. Оозундагы ачуу даамдан сетиркенип турганы менен өзөк жалгаткан кудайдын ушул насибине тооп келтирип, боорундагы наристесине кобурады:
– Шыда қызым… Шыда біраз. Сүт болып қалар қазір…
Уулун корумдоого айланадан бир далай таш терип келип, бирок Жабайын ошол таштардын алдына бастырып кетүүгө колу барбай көпкө отурду. Отуруп, Сауленин оозуна эмчегин салды. Кудайдын насиби белем, эмчегинин бүртүйгөн үрпүнөн дүртилдеп сүт чыкканын сезди. Кызынын ууртунан сүт көбүктөп, энтигип сорду тынымсыз. Мемиреп уктап да кетти.
Карга-кузгун, жорулардын тырмагы, курч тумшугу баласынын сөөгүн кайра ачып салбагандай таштарды биринин үстүнөн бирин үйө баштады акыры. Башка аргасы не?! Таштай каткан Жабайдын жасатынын үстүнө үйүлгөн таштар көмөрүлгөн тай казандай дөмпөйгөн кезде куранын окуп, андан ары жолун улоого буту тартпады. Улам кылчактап алыс кеталбай, баласынын сөөгү корумдалган таштардын арбирин өпкүлөп чыкты айланып келип. Жансыз таштарга жандууга кайрылгандай сүйлөдү:
– Силер таш боор адамдардан мээримдүү болгула балама. Баламдын жасаты курт-кумурскага жем болсун… Карга-кузгунга жем кыла көрбөгүлө, кагылайын таштар! Баламды кара жердин алдына көмө албадым, силерге корумдадым. Силерге тапшырдым. Менин бооруман ажыраган таалайсыз баламды силер торколуу топурактын боорунан ажыратпагыла. Балам ушул касиеттүү топурактын астынан гүлдүн тамыры болуп өссүн, чөптүн тамыры болуп өссүн. Жакшылыктын тамыры болуп өссүн… Жабайымдын жамалын көктөгү айдын нуру өпсүн, саамайын ушул касиеттүү жердин шамалы сылап өтсүн. Ата-бабадан калган ушул жердин үстүндө баламдын тамыры куурабай гүлдөсүн…
Таштардын арбирин өпкүлөп, арбирине баласынын сөөгүн тапшырды шордуу эне.
Көз байлаган караңгы басты талааны. Эненин ысык жашы муздак ташка тамчылап өксүдү. Баласынын сөөгүн таштап кеталбады. Жабайынын жасатын таштарга аманат кылган эне корумдалган таштын жанында түндү кечирмек болду. Ансыз көксөөсү суубачудай. Уулу менен акыркы жолу коштошоор түндү – корумдалган таштын жанында өткөрүүнү чечти. Айланада жайнап жаткан кургак сөксөөлдөрдү жыйып, улуу от жакты. Сөксөөлдүн ысык табы бетке урганда уйкусу карашалады. Жабайдын жонунан сыйрып алган кементайга эмчектеги кызын жылуулап ороп, бооруна кыса кыңкайды. Коюнга аралаган сууктан боюн кымтылап, улуу оттун табынан алыс жайгашып, куш уйку салды. Чыйрыккан сайын улам ойгонуп, кызарган сөксөөлдүн отун күчөнтөт кайра…
Таң каракчы маалына жетпей ойгонуп, тиши тишке тийбей калчылдап үшүгөнүнөн жолго чыкты. Өлүккө улам кылчактап, тирүүлүктүн сапарын кайра улады ЭНЕ…
Таң куланөөк атып калганда ар жерде быкшыган түтүн көрүндү. Ат чабым алыста самсыган эл баратат. Элдин карааны жанына кубат бергендей жүрүшү ылдамдады.
Акыры элдин агымына кошулду сербеңдеген жалгыз караан. Карлыгаштын арттан келип элге кошулган-кошулбаганы менен жан кишинин деле иши болгон жок. Үшүп-тоңуп, илкий басып буттарын сүйрөгөн аркимиси өз кара жаны менен алек. Арып-ачып келаткандардын арасынан Карлыгаштын көзүнө бирөө жылуу учурады. Кулагына дароо «Куржундун эки көзүнө салып ал балдарыңды» деген алиги ырайымдуу адамдын үнү эшилди. Эр ортонунан өтүп калгандагы бул адам алиги куржундун ээси эле.
Тушуна келген келинди көрөрү менен ордунан селт эте түштү:
Аман-есен келе жатырсыңдар ма, балам?
Карлыгаш үндөй албады… Үнү буулуп калды. Тиги да түшүндү, куржундун бир көзү бош келатканын көрүп…
Үлкен-Қақпаның ауызына кіріп қалдық, балам. Шыда біраз… Қасиетті Әулие-Ата құтты жер… Құтты жерден өлмейміз. Қырғыз бауырларымыз бар… – деп сооротумуш этти, өзөгү өрттөнүп келаткан келинди аяп…

Олжобай ШАКИР
«Куюн доо» романынан