ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: МЭЭРИМСИЗ КАНЧЫК

АҢГЕМЕ

Өмүрүмдө балага мээримсиз адам сыягындагы энени көргөм, бирок өз күчүктөрүнө мээримсиз канчыкты көргөн эмесмин. Андай макулукту эми өз короомдон көрүп отурам. Үйгө аны балдарым таап келишкен. Өткөн жылы күзүндө нөшөрлөгөн жамгырлуу күндөрдүн биринде кенедей уул-кызым мектептен келатканда, көчөдөгү көлчүктө кыңшылап жаткан күчүктү көрүшөт… Көзү жаңыдан ачылган.

Күчүк кыңшыласа өздөр да кошо ыйлап, жамгырда үчөө бирдей шөмтүрөп кирип келишти. Күчүктүү балам бооруна кыса кирди.

– Сасыган немени сыртка ыргыткыла! – дегениме болбой экөө тең жарыша чырылдап ийишти:

– Ата, күчүк тоңуп калыптыр… үйдөн жылынып алсынчы, – жалдырап тургандарын көрүп, арга жок көндүм.

Ичимден ойлодум, «ыйлап болушсун, күчүктү барыбир сыртка ыргыттырам…»

Күнүгө балдарым эмне жесе, өздөрүнүкүн күчүктөн да аяшпай, үчөө тең шилекейлешкен доско айланышты. Тилдегенибизге карабай көрүнөөсүн көрүнөө, көмүскөсүн көмүскө бөлүшүп жешет. Ага Бетховен деп да шумдуктай ат коюп алышты. Башкасы башка, апасы менен мага бир тиштетип койбогон балмуздактарын күчүктүн оозуна салышканычы. Кайра аны эч жийиркенбей, өздөрү да жейт, тилдесең, күчүктүн оозу таза дешет. «Тамакты кор кылбагыла» дегенибизге болбой, үйдө эмне ырыстуу тамак болсо, өздөрүнөн мурда Бетховенге ооз тийгизишчү. Ошентип жүрүп чоңойтушту…

Бетховен жакында эки күчүк тууду, жок, бешөө экен. Адегенде үчөө деп ойлодук. Анын сарайга тууганын келинчегим көрүптүр. Үйдө балдар жок эле, мектепке кетишкен. Ит түндөсү тууптур. Көп өтпөй сарайдын ичинен даа бир күчүктүн кыңкыстаганы угулду. Муштумдай немени сарайдын бир жеринен далай убарачылык менен таап чыктык. Оозуна топурак толуп, араң эле дем алат. Макулукту энесинин алдына апарсам, тетири карап жатып алды. Энелик сезими менен жалап-жуктап ийеби десем, жок, кайра тумшугу менен түрткөнү таңгалтырды.

Алаканымда жүрөгү бүлк-бүлк соккон күчүк кургакка чыгып калган балыктан бетер оозун ачканынан, ачылган оозун арга жок энесинин эмчегин эмизүүгө аракет кылдым. Эч болбосо энесинин бир тамчы ууз сүтүнүн даамын татса, кубат болор дегем, эме алган жок. Эмчек сорор алы калбаптыр. Ошону менен ал күчүктүн кечке жатып жаны үзүлдү, анын жанын алып калышка колдо күч да жок эле…

Эми өлгөн күчүктү уулу-кызым көрүп, жүрөктөрү оорубасын үчүн кол барбай атса да, талаага ыргыткандан башка аргам калбады. Балдарым мектептен келери менен эки күчүк туулганын «сүйүнчүлөдүк». Экөөнүн кубанычтары коюнга батпай, айланчыктагандары эле Бетховендин күчүктөрү. Аларга бирок өлгөн күчүк жөнүндө үндөгөнүбүз жок.

Күн карайган маалда сарай ичинен чычкандын үнүндөй угулар угулмаксан кыңкыстаган үн эшилди. Бирок чычкандыкына да анча окшобогонунан, сарайдын жарыгын күйгүзүп, болгон кычыкты тинте келгенде бир эмес, эки күчүк жатат. Бирөөсүнүн жаны жок, экинчисинин деле жаны үзүлөргө аз калыптыр. Эмне кылышты билбей, мөдөйүп отуруп калдым. Жаны үзүлө элегин энесине апарсам, көрөйүн деген көзү жок. Күчүктүн кычкачтай ачылган оозуна ууз эмизейин десем, майнап чыкпады. Эми анын да жаны үзүлгөн маалды күткөндөн башка аргам калган жок, а тирүүлөй кантип ыргытам…

Азыр кеч күз, суук. Эң аянычтуусу – Бетховендин эки күчүгү. Бирок алар энеси жок күчүктөрдөн да бактысыз. Күчүк дегенди энеси жалап-жуктап, эркелетип ойнотот экен, а биздин канчык ойнотконду кой, күчүктөрүнө көрбөгөндү көргөзөт. Көздөрү ачылып, экөө тең биздин көзүбүзгө эле абыдан сүйкүмдүү көрүнгөнү болбосо, Бетховендин өзүнө желмогуздай көрүнөт окшойт. Туруп туруп эле күчүктөрүн каңшылатып талап же экөөнү бурчка камап алып үрүп калат. Алар бүжүрөп, бурчка тыгылып алышат. Муну адегенде иттердин өз тилинде тарбиялаганы го дедик, бирок Бетховендин өзүндө бир мандем бардай…

Бүгүн таңга жуук сыртка чыксам, ырылдап бир күчүгүн катуу талап, ал байкуштун каңшылаганы далайга чейин басылбай зээнимди кейитти, бир жерин ооруксунтуп койгон көрүнөт. Бул макулук күчүктөрүнө эрте эле эмчек эмизбеген адатты да таап алды. Эмизбесе эмизбей койсун, күчүктөргө тамакты биз деле берип жүрөбүз. Бирок анын эки күчүгүн талаган «иттигин» койдуралбадык, айлабыз куругандан майып кылып салбасын деп күчүктөрүнөн таптакыр бөлүп таштадык эми. Анысынан мурда, күчүктөрүнүн алдына тамак алып келсек, тартып алат. Жөн эле тартып албайт, итаякка жакындаганын жонунан кабыштыра тиштеп, силкип ыргытат. Коргологон эки күчүккө тамакты өзүбүз бермейин, экөөнү жугунду менен кошо жутуп койчу түрү бар. Деги мындайды ким көргөн?..

Күчүктөр деле татты жегиси келген балдарга окшоп, эне сүтүн шимигилери келет окшобойбу, бирок алар эмчек эмээрде эле Бетховен түйүлүп секирип, артынан калбай ээрчиген байкуштарды аёсуз талаганын койбоду. Анын мындайын көргөн уул-кызым канчыкты күчүктөрүнө мойнунан кармап берип, экөөнүн курсагы чардайганча эмизмейин бошотушпай, айласын кетиришет.

Бир сапар суукта үшүгөн күчүктөрүн жонуна чыгарып алып уктап жатканына ичибиз жылып калган, бирок анысы деле жакшы кыялы кармаган күндөрдүн бирөөсү болсо керек. Алдылары сыз болбосун үчүн келинчегим үчөөнүн астына атайы төшөнчү даярдап салып койгон. Эртеси карасак, күчүктөрүн төшөккө жолотпой өзү жатып алса болобу, мунусун да түшүнсөк буюрбасын…

Бала күнүмдөн он, он бирден күчүк тууп деле бирок бир да күчүгүн өлтүрбөй чоңойткон канчыктарды көргөм, ушу Бетховендей канчыкты көргөнүңөр барбы? Ал да кудум азыркы замандагы айрым мээримсиз адам сыягындагы энелерге окшош. Канчалаган наристелер бу жарыкка келип, мээримсиз энелердин таштандысы болуп калган сымал, Бетховендин үч күчүгү эмнеге таштанды болуп калганына эч акылым жетпейт…

Деги ал күчүктөрүн тууп атканда аларга энелик сезими менен үйрүлдү бекен, болбосо сарайдын аркай жерине тууп таштап салбайт эле го! Мүмкүн ал өз энесинен мээрим көрбөгөн үчүн ушундай макулук болуп жаралып калдыбы дейин десең, канчалаган ит тукумун көзү ачкандан тартып багып алган адамдар бар, бирок ошол иттер адам мээрими менен чоңоюп деле жаратылыш берген энелик инстинктен айрылбай, баласаак болуп жүрөт ко.

Азыр эле ушул аңгемемди жазып бүтүп, сыртка чыксам, Бетховен күчүктөрүнө ырылдап атат, бул эмне деген шумдук!?

2011-ж., ноябрь-декабрь.