ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: ТҮШҮМДӨ ТОЗОКТО ЖҮРҮПМҮН

АҢГЕМЕ

Тозок жакты мага. Себеби ага кыйналбай жеттим. Ал эмес кандай жеткенимди да билбей калдым. Эки жагымды карасам эле – гүл багы, жемиши жайнайт. Куштары сайрайт. Көк кашка тунук суулары тияктан мөңкүп, бияктан мөңкүп агып жатат. Йе, дедим, мурдале келбей бу жакка: тозогу ушунча керемет болсо, бейиши кандай болду экен…

Көз күйгүзгөн мөмө-жемиштеринен ооз тийсем дейм, бирок колум барбады. Ток пейил тартып, напсиме буюргандын баарына ыраазы болуп, бирине да кол сунбадым. Ансыз да бейишине барганда жээрмин дедим. Дедим да бейишти карай сапар тарттым. Бейиш болбой куруп калсын. Жетмегиң азап экен ал жакка.

Бейишке карай тарткан сапарымда көрбөгөн кордуктарды көрдүм. Кай жагыма бурулбайын: оң жагымда деле, сол жагымда деле тыйуу салуулар. Кайра артыма кайтып кете берсемби деп кылчактайм, кайра кеткенге да катуу тыйуу салуулар бар экенин угуп, алдыга сапар улай берүүгө аргасыз болдум. Сапарым уланган сайын кыйноого түшкөнүмдү айтпа: «Тигини кылба – күнөө»; «муну кылба – күнөө». Айтору, бейишке жеткен сапардын ар бир кадамы сайын эле пенде баласын күнөөгө батырган тыйуулар бүтпөйт экен, түгөткүрдүкү.

Ошол тыйуу салынган ар балакеттин чегинен чыкпай отуруп, акыры бейиштин босогосун аттадым десең. Мына анан башталды. Бейишти мындан кийин желкемдин чуңкуру көрсүн. Барбайм. Эмнеге барбай турганымды эми баяндап берейин, сенин да ал жакка баргың келбей калат…

Сөздүн кыскасы да, нускасы: кашайып, бейишке жетиш үчүн баардык эркиндиктен ажырайт экенсиң. Жолуң болгур молдокелер жомок кылып айтып жүргөн бейиштеги кереметтин баарын эбак эле басып өтүптүрмүн. Артта калыптыр баары! Баарыбыз коммунизм алдыда деп алданып жашап келген сыңары, бейишке жетем деген кыялдын баары куру үмүт, куру жомок болуп чыкты…

Баягы эки жагымды карасам эле гүл багы, жемиши жайнап, куштары сайрап, көк кашка тунук суулары тияктан мөңкүп, бияктан мөңкүп аккан укмуштардын бири жок! Айлананын баарыле мечит, баарыле медресеге толуп, азан чакырган эле киши. Кулак-мээм тунуп калды эй.

Жанымды жай алдырар кенедей бурч табылбайт десең. Айланамдан сулуулук көргүм келип: тиягына карайм, биягына карайм. Адамдардын жүзүндө да нур жок. Кыз-келиндердин ажайып сулуулугуна көз кумарым канбаган жаным, сук артып карай турган бир жан тапсамчы. Кыз-келиндердин коюн кумарын деле эңсебедим, алардын ажарына суктанып тиктегим келди. Бирок баары эле оронуп-чулганып, эри өлгөн катындай тетири карайт. Көчөт кыздан тартып, өчөйгөн кемпир-кесегинен өйдө чүмбөттөнгөндөрдүн бейишинен кайра кантип кетиштин жолун издейм. Табылбады.

Мүмкүн бейиштин төрүнө жете электирмин деп, төрүнө дейре бардым. Барганым курусун, бейиштин төрү төр эмес эле көр экен. Ал жакта жалаң такыбасынган таксырлар толуп алыптыр. Андаза-талашы көп экен алардын. Диний баяндары бүтпөй, бириникин экинчиси жокко чыгарып, пайгамбарлардын тарыйкасын талашып-тартышкан чырлары бүтөр эмес. Алардын арасында отурууга чыдай турган эмесмин. Кайра босогосуна кайтып барып «өх!» дедим.

Босогону кайтарган бирөөсүнө бардым. Чыгып кетейинчи дедим. Каякка барарымды сурайт. Тозокту карай барарымды угуп, «ал жак күнөөгө баткандардын жайы» деп кайра артыма кайтарды. «Жок, барам» дегениме көнөр эмес. «Сен бейишке чыккан пендесиң» деп каалгасын бекем жаап салды. Ошону менен бейишти аралап жүрдүм. Мен барбаган, мен көрбөгөн эч нерсеси калган жок. Баарынан тажадым.

Кадам сайын тыйуу салууларынан кутулар эмес пенде. Баягы музыка уккан, театр көргөн, музей аралаган, поэзия окуган жыргалдуу жашоомдун баарынан ажырапмын. Капаска камалган чымчыктай эркиндикке жете албай тыбырчыладым. Көөдөнүмө бук толуп: «Кайдасың, тозо-оок!» деп кыйкырдым эле, ырас кыйкырыптырмын – ойгонуп кеттим. «Өх! – дедим ойгонорум менен, – Бейишиңе ыраазымын!»

Ушундан көрө шайтанымды карматып, эркиндикте шапар тээп жүрүп – тозокко кабылганым оң экен дедим. Адамдай жашоодон ажыроонун кереги барбы?..