ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: ЭНЕ

АҢГЕМЕ

– Бир конуш айылдын эки катыны ортосундагы чыр калмактын чатагынан өтүп кетмей болду го бизге.

– Өткөн жылкы тополоң-тоздо бир айыл журт кыйрап, бул бала ошол ээн журтта калыптыр. Эки катындын бала талашкан чатагы ошондон бери…

– Бүбү кемпир деле калыс кебин айтты, а тиги экөөнүн кеп жей турган түрү жок.

– Кой деген кишини угушпаса, тытыша беришсин.

– Экөөнүн тең үндөрүнүн ачуусун кантесиң.

– Ажылдашкан эки катындын чатагын кеп кылбаган силер калдыңарбы?! – отургандардын кебин жактырбаган түлөгөн тебетейчен жигит шаштырбаганда булар дагы отурмак.

Ошол жигиттин:

– Тургула, күн шашке болуп кетелекте аттарды нымшыталы, – деген үнүнөн кийин уй мүйүз тартып отурган эркектер ордуларынан козголуп, басмайылдар тартылды.

Топураган атчандар көкбөрү тартышына тез эле чогулуп, тыз коюшту. Айыл чаңызгый түштү. Эркек тана аттуунун бири калбай жөнөй берди. Айылда өңчөй катын-калач калгандан: тиги үйдө деле үшкүрүк, бул үйдө деле үшкүрүк. Айыл ичи үшкүрүккө толду…

– Бала кимисиники болсо шонуку болсун, ой деги наристени тытып жешеби булар?..

– Экөө тең жеткен долу немелер турбайбы.

– Баланы ким эле күлгө оонап тууп алсын, эне деген талашпай коёбу… Кимиси болсо да өз баласына ээ болсо экен.

– Кимисинин айтканына ишенээрди да билбейсиң.

– Экөө тең эле зар уруп атса, кимиси калп, кимиси чын айтканын биз эмес Бүбү кемпир айталбады бечара…

– Экөөнүн ортосундагы бала да бала эмес эле балээ болду го. Мындайды ким көрүптүр… Тигинисине деле «апа» деп чуркайт, мунусуна деле «апа» деп чуркайт.

– Бала Бүбү кемпирдин да башын айлантып тынды. «Мен эки жакка тең тартпайм, бала кимиңерди апа десе, бала ошонуңардыкы» десе, бала балалыгын кылганы да… Бүбү кемпир баланын энеси же тигил, же бул дей алсачы, кайра бурдагысынан өтүп экөөнүн чырын ырбатып кеткенден башка не болду?

Моңолдор ичиндеги кеп ушул. Жаки эркектер, жаки ургаачылар арасында болобу, тиги эки катындын ортосундагы талаш жөнүндөгү кеп узарды. Оозунда омок кеби, калкка кадыры бары жөнгөрө албаган чатак ырбап, кеп акыры канга жетти. Кеп кан кулагына кандай жеткени белгисиз.

Бир күнү чакчырылып ат минген Самансурдун жигиттеринен эки атчан алдыны көздөй дүпүрөтүп чаап жөнөп, кажы-кужу жаңырган бозүй тушуна келгенде өктөм үн заңк этти:

– Баланы талашкан эки катын сыртка чыксын!

– Кан өзү келди, тигине… – деген шыбыр-күбүргө улай, эл чегесин курчаган жигиттердин бири топту жара үн салды:

– Жол ачкыла, кан келатат!

Ортого жалгыз баланы талашкан эки катынды чыгарышты. Экөөнүн тең ыйдан көздөрү шишип, тилегендери адилеттик. Адилеттикти кудайдан да, өкүмдардан да күткөн экөө гана. Эл жым. Өкүмдар тиги экөөнүн кимисине калыс чечим чыгарат? Баланы кимисиники дейт? Самансурдун оозун тиктеген эл ичинде көгөөндүн дыңылдаган гана үнү угулуп турду.

– Баланы мында апкелгиле! – деди өкүмдар.

Самансур кандын эки катынды сынап караган көздөрүндө ырайымдуулук жок эле. Чогулган элди чормоюп тиктеген наристе менен мелтиреген көк асман гана эч нерседен бейкапар. Аалам кулак-мурун кескендей мелтиреди. Эл термелип турду. Карап тургандын жүрөгү үш. Бирде тигил энесине, бирде бул энесине тызылдап чуркаган «оома» баланы талашкан эки катындын санаасы дүрбөлөң. Арабөк аңкайган баланын гана көңүлү бейпил. Ага кандай чечим чыгары барыбир: маңдайында кан турабы, кул турабы – капарсыз. Канды эмес кудайды тааныбайт ал азыр. Өз энесин да тааный элек…

Бала кандын колундагы кооз камчыны көрдү. Тамтаңдап, ошол кооз камчыны көздөй буйдалбай басты. Эл кандын каардуу көзүнөн жалтанып жер тиктеди. Кандын алдына барган наристени көргөн эки катын да көздөрүн ала качты. Моюндарын тетири бурду. Жаңыдан тамтуң баскан бала кандын колундагы камчыны булкуп-булкуп тартып алды. Эликтин шыйрагынан жасалган мындай кооз камчыны көрбөгөн ал бала…

Чогулгандарды удургуган санаага салган наристенин тагдырын эл чегеси кандай чечээрине кудуреттүү кудайдан башка калыстык кылар күч жок энди. Өкүмдар кандай кааласа, анын чечимине каршы тиги эки бечаранын кимиси кандай чыркырамак… Кан деген кан. Кандын сөзү бир. Анын чечими караламан калкка амир.

– Баланын энеси ким экенин кайсы бурадар билет? – Самансур кандын бул соболуна үн каткан жан чыкпады. Топ ичинен жооп укпаган өкүмдар өз суроосун тиги эки катынга бүрктү:

– Бул наристеге «апа» дегенди кимиңер үйрөттүңөр?

– Мен!

– Мен!

Эки катын тең жарыша үн катты. Самансур оозун чурмуйтуп, башын жерден көтөрбөдү, үндөбөдү. Кандын башында Сулайман падышанын адилет чечими турду. Шол чечимди кайталоо кезмети келди башына. «Ылыйгыт[1] ушул» деди ичинде. Жөкөрүнүн бирөөсү кымырыла басып, наристенин колундагы камчыны кандын колуна кайра апкелип карматты.

Эки катынды бир сыйрадан сынай караган кан эми өктөм сүйлөдү:

– Ортого чыгып баланы бириң оң колунан, бириң сол колунан кармагыла.

Кандын буйругуна эки катындын элеңдеп эси кетти. Бүжүңдөтүп шаштыларын алды бу кеп. Экөө эки жактан баланы колдон алды.

Самансурдун кабагы карышып, үнү ырайымсыз эле…

– Наристени тең экиге бөлө чаап бер экөөнө! – деди колунда кылычы жалаңдаган жигитине.

Үрпөйгөн эл ичин гүү-гүү… дуу-дуу аралады. Шыбыр-күбүр күңкүлдөштү бирине бири:

– Жексурдун бул эмнеси, кокуй?! – деди уккан кулагына ишенбегени кудайга шыбырап.

– Ырайымсыз канкор! – деди башы жерге киргени, көзүн чылк жуумп.

– Буйругуңа наалат! – деди кандын өкүмүнөн калтырап-титирегени кара жерге түкүрүп.

Жалаңдаган кылыч көтөрүлө бергенде; жамандыкты көз көрбөсүн дегени жең астына көзүн жашырып, артына шарт кайрылды.

Жалт-жулт кылыч мизи өйдө көтөрүлгөнүн тиктеген наристе кылыч шилтечү жигиттин бут учунан кол учуна дейре аңкайып карап турганда анын оң колун кармаган зайып колуна чок кармап алгандай ордунан секирди. Наристенин колуна чап жабышкан колун тартып алды. Жүрөгү серпилип, бедени селтийип чочуду.

– Баланы зыянга учуратпаң! Мен аны талашпайм! Бердим баланы…– деп зарлаган үн элдин баарын селейтти.

Көтөрүлгөн кылыч асманга илингенсип токтоду.

Самансур кан баланы сол колдон кармап чапкенедей жармашкан аялдын колунан оома наристенин экинчи колун шарт жулуп, буйруктан баш тарткан зайыпка карматты. Наристенин ажалы үчүн чыркырап жиберди ал кургур.

– Бала меники эмес! Алсын ушул катын… Ушул катынга бердим баланы!

– Жок! Наристенин энеси сенсиң! Буга мына, эл күбө. Баланы өлүмгө кыйбаган ким болсо, энеси ошол! – деди кан.

Олжобай ШАКИР
Февраль-ноябрь, 2015-ж.,

[1] Ылыйгыт — заң-закүн.