ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: ТЕЗЕКТЕЙ ТЕРИП КЕЛГЕН ОЙЛОРУМДАН

ЭССЕ

Ажары төгүлгөн келин экен. «Эмнени жакшы көрөсүң?» – десем, «Тишиң тийгенде ширеси чачыраган алманы» дейт. Ошондон бери мен дагы алманын колго тийгенин эмес, ширеси чачырагандарын жакшы көрөм…

* * *

Ымала санашып жүргөн саламы түз бир иничек бар эле. Иш боюнча телефон чалып калсам, дал ошол саатта анын үйлөнүү үлпөтү болуп атыптыр.

– Байке, кечикпей келе калыңыз… – дегенинен, «жок» дей алганым жок…

– Барайын, – дедим.

Куру кол жетип барбай, ылайыктуу кандай белек-бечкек алсам деп ойлонуп, иш үстөлүмдүн алдындагы бирөө белекке берген кооз жасалгалуу камчы эсиме келди. «Ии – дедим, – бул жакшы болду… Эми бир тутам гүл сатып алсам, келинчегинин колуна карматармын…»

Эки жаштын үлпөтү өтүп аткан жердин босогосун аттаарым менен отургандар төр жактан орун бошотуп, жабылып тура калышты. Эки жакты карасам, мен курактуулар жок экен. Төргө жайгашарым менен чөйчөктөргө шака-шука арак-шараптар куюлуп, сөз кезеги мага келди. Шаштым менен мынамындай каалоо-тилек оозуман чыгып кетти:

– Ылайым эки жүрөк, эки жан бирге болсун. Экөөңөргө башка нике буюрбасын… Ал эми мынабул колумдагы камчыны үйбүлөө башчысы болор иниме кандай маани менен белекке берип атканымды кепке кыстара кетейин… Муну кыргыздар айтмакчы «Камчы катуу болсо – катын ыймандуу болот» деп ойлобо, иним! – деп, сөзүмдү оңдоп кеттим.

– Ушул камчы эч качан келин баланын соорусуна тийбесин, экөөңөрдүн балдарыңардын көтөнүнө гана тийсин. Камчынын илинип турганын көргөн балдарыңар тарбиялуу болсун. Силер болсо көзүңөр анан каш-кабагыңар менен гана сүйлөшкөн түгөйлөрдөн болгула! – деп үйбүлө башчысына камчыны, ышкындай солкулдаган ак жоолукчанга кызыл-ала гүлдөрдү кучактаттым да, чөйчөк толо куюлган шарапты тартып жибердим.

* * *

Каражандын кыйналганы эч нерсе эмес, жаздыкка баш коюп жатып, жакшы бир уктап алсаң: эс алып, колго кайра кетмен-күрөк алып жер казасыңбы, чалгы чабасыңбы, айтор кандай кара жумуш болсун, иштей бересиң. Акыл эмгегинен кыйналып, чарчаганың жаман. Уктап турасың, бирок эс алганың билинбейт… Ишиң иришпейт… Кайпаңдап канча аракет кылганыңдын баары бекер убара. Акыры акыл күчүңдү кайра толукташ үчүн кайра ошончо акыл күч толуктаганга убактыңды коротосуң. А натыйжасында – кайра ошончо акыл күчүң кеткенин туясың.

* * *

«Айтылган сөз – атылган ок» демекчи, кыргызда төкмөлүк өнөр – кудум турнирде мелдешкен шахматчылардын эрежесиндей болуп колуң тийгенден кийин кайта жүрүш жасамай жок. Гроссмейстер 2-3-4 жүрүштү алдынала ойлонгон сыяктуу төкмө акын да алдынала кабат-кабат уйкаштыктарды, ойду учурга, кырдаалга карата тилдин учуна даярдап турбаса – «мат».

* * *

Жаманчылык-жакшылыкта жаныңда ишенер кишинин бар экенине ишенгендин өзү да жаман… Так ошол ишенимиңе кирип алган киши башыңа кысталыш түшкөн убакта сени каалаганындай калчап, сен тапшырган ишти каалаганындай өзүм билемдикке салганычы… Бирок бул жашоодо баарыбир бирөөгө ишенишибиз керек экен, ансыз коколой башыбыз менен эмне кыла алабыз?

* * *

Сен үчүн жалын отко жанымды таштайм деген досторду көрдүм, бирок турмушумда жалын оттор көп эле болду… Ошол достор жандарын ала качты. Жанымда калса калды… тээ качантан бери кайталанып окула берген китептер калды. Качан болбосун мени алаксыткан кыйышкыс достор ар дайым текчеде турган китептер экен дедим акыры. Алар менен акыретке чейин антташкан досмун деп төш кагышып, шерттешкен эмесмин, бирок түбөлүккө кыйышкыс досторго айландык. Мен дайыма алардын чаңын сүртүп, анан бир жым-жырт бурчту тандап алып, мурда окулган китеп экенине карабай окуй бергенден жадабайм. А досмун деп бажактаган нечен түрдүү достор менен масилеттешкенден тез жадайм да, тез чарчайм. Мени жадатпас чаң баскан текчедеги досторум менен керек убакта үн чыгарбай сүйлөшөм да, үн чыгарбай алардын айткан акыл-кеңешин угам.

Мен сагынсам, дайыма үнсүз, тилсиз досторумду сагынам.

* * *

– Үркөр жылдыздай болуп, көрүнбөй кайда жүрөсүң? – дейт бирөө.

– Эмнеге үркөр жылдыздай? – десем:

– Караңгыда асманды карасаң, жылдыздар толтура, бирок үркөр жылдызын оңой менен таппайсың, – дейт…

Минтип мени бирөө издегени үчүн көңүлүм көкөлөп, асманга чыгып кеттим.

* * *

Кээде эл көзүнө көрүнбөй кетет окшойм. Жолуккандар «эмне көрүнбөй кеттиң» дейт. А ичимен, кайсы көрүнүктүү адам болуп калганыма акылым жетпейт.

* * *

Көчөдөн эски тааныштарымдын бирине жолугуп калдым. Кыйма-чийме өткөн элден четке бөлүнө берип, ал-жайыбызды билишип, жаңылык сураштык. Эмне иш кылып жүргөнүн сурасам, алтын чайкаган бир жерге кароолчулукка жумушка орношконун айтты да, колунда көтөрүп жүргөн оозу ачык чүпүрөк баштыгын көрсөтүп, мактанып кирсе болобу… «Мынабул жерде оокат кылайын деген төрт килограмм алтыным бар, эми ушуну бир жерге өткөргөнү алып баратам. Буюрса, көрөсүң эми… мындан аркы жашоомду түп орду менен өзгөртөм» деп бажаңдаганын угуп, жүрөгүм оозума кептеле түштү…

Баштыктын ичиндеги чын эле алтын экен! Мынча алтын менен коркпой-үркпөй шаарды аралап жүргөн эргулдун баягысындай эле баёо, энөө экенине эмне дээримди билбей, селейдим да, «эй, эрдиги бар, эси жок! – дедим, – сен мени эски таанышым деп эрдемсинип аткандырсың, бирок алдагы кебиңди жадесе жатындашыңа да, уялашыңа да угузба, коюндашыңа көрсөтпө!» – деп айтарым менен ордунан зып койгон бойдон жоголду.

Көп өтпөй ошол эски таанышымдын өлүүсү же тирүүсү билинбей, дайын отсуз жоголуп кеткенин угуп, алачыктай кепеде өлбөстүн күнүн көргөн чиедей балдары менен жер муштап отурган жесирине жолуккан соң, «Мындан аркы жашоомду өзгөртөйүн деп чечтим» – деген бечаранын түп орду менен өзгөргөн жашоосуна каңырыгым түтөп отурдум.

* * *

Кээде көчөнүн кебин сүйлөгөндөрдүн оозунан күтүүсүз нерселерди угасың. Кылжыйып мас болуп алган бирөөсү ары өткөн, бери өткөндөргө акыл айтып атканына маани берген эмесмин. Ангыча жанымдагы адашым:

– Мынабунун айтканын уктуңбу? – дегенинен, – Эмне дейт? – десем, – Өзбек менен казак улутундагылардын саны бизден эки-үч эсеге көп. Аларды канчалык тебелесең да кордолбой турган чөп сыяктуу. А кыргыз 3,5 миллиондон ашып-ашпайт. Демек, татынакай гүлдөй болуп жашашы керек, – деп айтты дейт.

Чындап эле талаада гүл көппү же чөппү?.. Анын кайсынысы морт? Гүлбү, чөппү?.. Ойлонуп көрсөң, кыргыз!

* * *

Атак-даңк менен арактын акылдан адаштырар күчү бирдей эле: экөө тең мас кылат. Атак-даңк даражасы канчалык бийик болсо да аны көтөрө алганы бар, көтөрө албаганы бар. Болбосо эмнеге чабал мүнөздөрдү арагың деле, атагың деле көтөрүп чабат?

* * *

Алыскы Атбашыда абышкалар саясаттан кеп уруп дөңдө отурган экен, алдыларына барып салам бердим. Кайра өз тобума бурулган кезде, бирөөсүнүн: «Бийликке бийликти сүйбөгөн адам келгенде гана бийлик элге кызмат кылат» дегенин угуп, артыма кайра кылчайдым, бирок сөз кимисинин оозунан чыкканын билбей калдым. Бирине-бири сөз бербей, баарыле сүйлөп атат.

* * *

Баламдын көп эле баш ооруткан суроолоруна жооп тапчу элем, кашайып, мектеп программасындагы «Кыргыз тил» сабагынын жөндөмөлөрү боюнча суроосуна жооп бералбай калсам болобу…

* * *

Канча жыл мурда өзүм мыкты деп санаган аңгемелеримди топтоп койгомун. Азыр ойлосом, аларды китеп кылып чыгарууга убагында акча табылбай калганы жакшы болуптур. Андан бери ар биринин үстүнөн канча көжөлүп иштедим, ошондо да чийгөгү жаңы алынган шорподой «даамына» чыга электери бар. Кээси эми гана мына колго суу куюлат болуп боркулдаган казандан чыгарылчу баглан козунун этиндей даамына келди. Бирок али да китеп кылып чыгарууга ашыкканым жок. Себеби дүйнө адабиятынын тарыхына үңүлсөм, мыкты чыгарманын авторлору менден бетер итке минген бечаралар болуп чыкты. Мурда колумда сокур тыйыны жок калемгер болуп калганыма кейичү элем, азыр тескерисинче, шүгүр кылганга көндүм.

* * *

Жаратылышта айрым өсүмдүктөр болот: же таптакыр куурап калбайт, же бир жыргатып көктөп, жыргатып түшүм бербейт. Мындай өсүмдүктөр кээде айланасындагы башка өсүмдүктөрдү да көктөтпөй, өз оорусун жугузуп, чоң зыянын тийгизет. Коомдо да дал ушундай адамдар жашайт: же алар таптакыр куурап жок болбойт, же бир жыргатып көктөп, жыргатып түшүм бербейт. Алар качан болсо коомго өз оорусун жугузуп, чоң залалын тийгизип жашайт. Жаман өсүмдүк менен ошол жаман кесепеттүү адамдардын ортосунда бир гана чоң айырмачылык бар: өсүмдүктөр куурап-чиригени менен бирок алар жер семирткичке айланып пайдасын тийгизет. Ал эми жаман кесепеттүү адамдар ага жарабайт.

* * *

Күлүккө чабылар аттын бир күнү тизгинин тартып арабага чегип, бир күнү бада кайтарганга минип, бир күнү ылай тепсетип, кайра сыйга минип, кайра бир күнү улак тартышка сала берсең, акыры чобур атка айлангандай, көпчүлүк акын-жазуучулар да гезитте иштеп жүргөндө чобур ат кейиптенип калышарын көп байкадым…

* * *

Адатта момун кыргыздын мүнөзүн койдун мүнөзүнө окшош дешет. Арийне мен да жутка кабылган койдун мүнөзү кандай болорун бала күнүмдөн көрүп өстүм. Адегенде бир-биринин жүнүн, андан кийин чабан минген аттын жал-куйругун мулуйтуп жеп, андан өтүп баягы момун мүнөз деген жаныбар башка-көзгө койгуласаң болбой, бозүйдүн үзүк-туур, жип-шоонасынан өйдө жалмайт.

Кыргыз бийлиги дайыма ушуну унутпаса…

* * *

Бирөө мага «Кудайга акаарат айтканың үчүн сени акыры кудай-таала урат» – дейт. Анда мен: «Сенин бийиктеги кудайың мага окшогон эле аркимдин артынан түшүп алса, ал анда менден өткөн пас экен» – деп кутулдум.

* * *

Кээ бир китепти окуп чыкканга чыдамың жетпейт, кээсине убакыт.