ШАКИР Олжобай: ПРИТЧА: АДИЛЕТТҮҮ ПАДЫША

Мыйзамдары өтө катаал, а падышасы абыдан калыс жана чынчыл бир өлкө болуптур. Мыйзамда кылмыштын кайсы бир түрү – эл алдында камчы менен сабаган жазаны колдонуу экен.

Бир күнү так ошондой жазага падышанын өз энеси кабылат. Эл ичинде ар кандай уу-дуу кеп учат.

Бири айтат: «Падышабыз энесин абыдан урматтачу эле, андыктан өз энесин жазалатууга жол бербейт».

Бири айтат: «Падышабыз кара кылды как жарган калыс го, эми да мыйзамга каршы иш кылуусу эч мүмкүн эмес».

Мыйзам аткарылчу күн да келет, падышанын энесин устунга бекем байлашат. Буйрукту аткаруучу желдеттин камчысынын ышкырыгы угулар замат падыша өз жонундагы кийимди сыйрып ыргытып, энесин бооруна кыса кучактайт да, жоокердин колунда ышкырган камчынын уусуна өз жонун тосуп берет.

Которгон Олжобай ШАКИР