ШАКИР Олжобай: АЙРЫМ АЯЛЗАТЫНЫН ЖЫПАР ЖЫТЫНАН БАШКА ЭЧНЕРСЕСИ ЖОК

Жюль РЕНАР
(1864-1910), француз драматургу жана жазуучу

Сынчы деген ким? Жагымсыз пикирин билдирген эле окурмандардын бири.

* * *

Сынчы – бул ботаник. А мен багбанмын.

* * *

Чыныгы акынга батирден батирге көчүп жашаган куп жарашат.

* * *

Акын болсоң бол, бирок төшөккө келгенде кыялыңдагы баардык аялзатын ойлобой, ак никелүү аялыңды ойло.

* * *

Талант – бир барактагыны кандай жакшы жазса, кийинкилерин да так ошондой жазат.

* * *

Көп окуган калемгер гана башкаларды туурабайт.

* * *

Эчкимге окшобоюн десең, унутта калган жазуучуну туура. Жоктон көрө жогору деген ошол.

* * *

Эгер жакшы сүйлөсөң, жаз. Бирок кандай жакшы сүйлөсөң, ошондой.

* * *

Атак-даңк – бул карандай мээнет.

* * *

Мендейди мерес кылгандын баары – мендей мерестер.

* * *

Мен өлсөм: эстелигимдин чокусуна чымчыктар учуп келип, суу ичер оюк жасап койгула.

* * *

Баарыбызды өлүм жөнүндө санаадан куткарган өлүмдөн башка ырайымдуу эчнерсе жок.

* * *

Карылык кантип келет? Бир күнү таңзаарда айланага карасаң, апапак жаап салган кардын өзүндөй.

* * *

Айрым аялзатынын жыпар жытынан башка эчнерсеси жок.

* * *

Начар актерду дүркүрөгөн кол чабуулар биротоло дердейтип таштайт.

* * *

Коён терисинин ичинде тирүү коён болбосо деле үрпөйүп турат.

* * *

Жаратылыштын жасатын келиштирген кудай адамга келгенде жастым кетириптир.

* * *

Өз жанын өзү кыйгысы келгендердин көбү качанкы түшкөн сүрөттөрүн айрып салгандан кийин жаны жай ала түшөт.

* * *

Баардык адамдын арасынан колунан кетмен түшпөгөн дыйкандар гана айылдын ажайып сулуулугуна сук артпаса керек.

* * *

Адам сизге ыймандай сырын төгүп атып, ыймандай сырын баарыбир жашырат.

* * *

Жапжалгыз кезде деле жалгыздыкты сүйөм.

* * *

Керээлден кечке 8 саат чынчыл адам болгонго караганда, 4 саат ичинде баатыр болуу оңой.

* * *

Капаста отурган чымчык өзүнүн канаттуу экенин билбейт.

* * *

Жумуш деген эмне? Кээде балыгы жок суудан балык кармайм деп далалат чеккенибиздей, кур үмүткө алдануу.

* * *

«Өзүмдү ушундай күүлүү-күчтүү сезген эмесмин» деп ким айтса, карылык белгисин туйганы ошол.

* * *

Мамчиновникке: «Сиздин колуктуңуз мезгилсиз дүйнөдөн кайтыптыр» деп угузушса, ал бечара: «Бул маалымат расмий булактардан алындыбы?» – деген экен.

* * *

Чачтарачка: «Мага атырыңыздын да кереги жок», – дегенин эрдик көргөндөр да бар.

* * *

Эгер акча сени бактылуу кылбаса, мага бер.

* * *

Эгер бак-таалай үйү курулган болсо, анын узун кеңсесине кезектешүүгө туура келмек.

* * *

Башканын чыдамсыздыгына чыдамдуу болгула.

* * *

Бир гана убакыттын убактысы коробойт.

* * *

Мен шал болуп жыгылсам да, бирөөлөрдүн жүрүм-турумун сынга ала берем.

* * *

Өз кулагың менен укпаган кепти кайра бирөөлөргө жеткирбе.

* * *

Кудай барбы, жокпу – билбейм. А бирок анын жогу жакшы. Болбосо, ал деле өз беделин сактай алмак эмес.

* * *

Динге сокур ишенгендердин тынч уктаганын көрдүңөр беле?

Которгон Олжобай ШАКИР