ШАКИР Олжобай: Ак аю менен күрөң аю

Ненец жомогу

Бир күнү токойдун күрөң аюсу түндүктөгү деңизге жөнөйт. Дал ошол учурда муз бойлогон деңизде жашоочу ак аю түштүк жергесине бет алат. Эки аю деңиз жээгинен кезигет. Ак аюнун жүнү үрпөйүп ачууланат:

– Менин жериме не келесиң, күрпөңдөгөн күрөң?

– А бул качан сенин жериң эле? Сенин жериң – көпкөк муздуу деңизде! – дейт күрөң аю.

 

Ак аю күрөңгө үрпөңдөйт, күрөңү ак аюга күрпөңдөйт. Экөө кармаша кетет, бири экинчисин аячудай эмес. Жарым күн күрөшөт, эч бири жеңбейт. Кечке алышат, экөө бирдей чарчайт. Бир убакта күрөң аю үн катат:

– Көрсө, сен күчтүү экенсиң. Бирок мен сенден шамдагай, сенден да чапчаңмын. Ошондуктан бирибизди бирибиз жеңалбайбыз. А талашаарыбыз эмне? Экөөбүз биртууганбыз го.

Муну уккан ак аю үн катат:

– Туура айтасың, биз биртууганбыз. Экөөбүзгө чалкып жаткан жер да кенен.

Токойдун аюсу айтат:

– Ооба, менин кең токоюм турганда, мага сенин көк музуңа бышырып коюппу…

Деңиздин аюсу айтат:

– А мага сенин токоюңда бышырып коюппу… Мен ал жакка өмүрү барбагам. Кел, бири-бирибиздин жерибизге көз артпай, өз-өзүбүзчө жашайлы.

Күрөң аю токоюна кайтып, ак аю муздуу деңизинде кала берет. Ошондон бери күрөң аю токойду байырлап, ак аю деңизди байырлап жашайт экен. Экөө тең бирине-бири тийишпейт дешет.

Кыргызчалаган О.ШАКИР