ШАКИР Олжобай: БЕРИ КАРА: АКЫЛДУУ ПАДЫША ЖӨНҮНДӨ ПРИТЧА

Өткөн бир заманда өтө акылман, өтө такыба падыша жашаган экен. Ал өз кара жанын багууга да казынадан бир тыйын албагандыктан – күнүмдүк тирилиги үчүн ыйык китептеги насыяттарды көчүрүп жазып, ошону сатып оокатын кылчу экен.

Бир күнү илимпоз кечил падышанын босогосунан аттайт. Падыша тексттен баш көтөрө албай көчүрүп отурган болот. Далайга чейин жазуу менен алек падышаны кечил да эч үндөбөстөн тиктеп отурат. Акыры сөзгө кезек келгенде кечил унчугат:

– Улуу урматтуу, сиз көчүрүп отурган тексттен бир ката кетип калды, – дейт да, ката кайсы сүйлөмдөн кеткенин көрсөтөт.

Падыша үнүн чыгарбастан, тигил илимпоз кечил көрсөткөн катаны өчүрүп, кайра оңдойт. Башка эч нерсе болбогондой, кеп андан ары уланат.

Кечил чыгып кетери менен падыша баягы оңдолгон сөздү кайра өчүрүп, мурда кандай жазылса, ошондой кылып оңдойт. Баарын байкап отурган эшик кайтаргыч жардамчысынын буга оозу ачылат. Таңгалганынан падышасынан сурайт:

– Эмнеге кайра, тескери…

– Бул сөздүн маанисин кечил билбейт экен, а мен дадил билем. Бирок мен аны менен талашып отурсам, кечилдин жети өмүрү жерге кирбейби. Ошо керекпи? Агөрөк, азыр кайра оңдоп койдум, мага бирөө тоскоол болуп атыптырбы?

– Ушундай да болобу? Өзүңүз падыша болсоңуз! – деп эшик кайтаргычы таңгалат.

– Билем, падыша экенимди. Ар кимдин өз иши, өз милдети бар. Бул кечил өзү – абыдан мыкты илимпоз экен, бирок алардан ката кетпей койбойт. Бирок сен кандай ойлойсуң, агер ал мага өлкөнү кантип башкаруу керек экенин үйрөтсө, мен анын айтканын угуп отурат белем?

Которгон Олжобай ШАКИР