ШАКИР Олжобай: АЛЕН: УЛУТТУК НАМЫС – АТУУГА ДАЯР МЫЛТЫКТАЙ

АЛЕН (Эмиль Огюст Шартье)
(1868-1951), француз адабиятчысы

 Ишенимдин өзү эле Кудай.

* * *

Чынчылдар коомун түзсөң, эң биринчи уурулар жүгүрүп келет.

* * *

Улуттук намыс – атууга даяр мылтыктай.

 

Марсель АШАР
(1899-1974), француз драматургу

 Сүйүү деген бирөө үчүн тынчсыздануу.

* * *

Май муздак жерде көпкө сакталат. Сүйүүнү да так ошондой сактоо керек.

* * *

Сүйүүдө бактылуу болуш үчүн сөзсүз эле сокур болуштун кажети жок, кээде гана көз жумуп кой.

* * *

Ким эрте ойгонсо, ырыскы ошонуку дешет. Андай эмес, ким жакшы маанайда ойгонсо, кудай ырыскыны ошого буюрат.

 

Жон БАРРИМОР
(1882-1942), америкалык актер-трагик

Аял жоктон барды кылган үч нерсе бар: көйнөк, салат, чыр-чатак.

* * *

Өмүрүндө алимент төлөп көрбөгөн адам айдан айга чейинки мөөнөт кыска экенин элес албайт.

 

Роберт БЕНЧЛИ
(1889-1945), америкалык юморитс жазуучу

 Профессионал жазуучуга машинканын лентасын алмаштыра коюу да чоң машакат.

* * *

Өзүмдүн жазуучулук талантым жок экенин элүүдөн өткөндө түшүндүм. Бирок муну түшүнгүчө атагым эбак алыска тарап кетиптир.

 

Николай БЕРДЯЕВ
(1874-1948), орус философу

 Даанышмандык касиетиң жогунан даанышмандыкка жетүүгө умтулсаң, философ болуп чыгасың.

* * *

Өздөрүн ашкере сүйгөн адамдар өздөрүн өздөрү жеккөргөзөт.

Которгон Олжобай ШАКИР