ШАКИР Олжобай: АНАТОЛЬ ФРАНС: КЕДЕЙЛЕР ГАНА КАРЫЗЫН ШАК САНАП БЕРЕТ, СЕБЕБИ…

Анатоль ФРАНС
(1844-1924), француз жазуучусу

 Журналистика коомдун заманбап динине айланса, бул – прогресс. Бирок ага мал артынан жүргөндөр менен динчилдер коому ишенбеши керек.

* * *

Көңүлүңдү шылдыңдан башка эчнерсе чөгөралбайт.

* * *

Илим жаңылбайт, илимпоздор жаңылат.

* * *

Бирөөгө китеп карматпа, кайта келбейт. Себеби китепканамда өзүмдүн эмес, жалаң бирөөлөрдөн сурап келген китептер турат.

* * *

Кедейлер гана карызын шак санап берет, себеби, берешендиктен эмес, насыя бергендер кийин бербей койбосун деген чочулоодон улам…

* * *

Жылдыздар жайгашкан чексиз мунарыкка эмес, адамзат ошол мунарыкты ченеп чыкканына таңгалам.

СТЕНДАЛЬ (Анри Мари Бейль)
(1783-1842), француз жазуучусу

 Кандай партияга мүчө болбо, акылың жетилген сайын партиядан жандилиң сууй баштайт.

* * *

Жөндүү далил ким бирөөнү сөзсүз таарынтат.

* * *

Сүйүү деп делдектегендерде дос болбойт.

* * *

Баарын таанып, өзүңдү гана тааныбай өтөсүң.

* * *

Өзүн саткысы келген зайып – ычкырын чечпей кууланат.

* * *

Акыл – азгырыктуу кумардан мокойт, азгырыксыз кумардан курчуйт.

* * *

Колуң жетпеген бакытты көбүртүп-жабыртып айталбайсың.

 

Генри ТОРО
(1817-1862), америкалык жазуучу

 Биздин заманда философ профессорлор толтура, бирок философтор жок.

* * *

Арбир эле муун моданын жаңысын кастарлап, эскисин чанат.

 

 

Которгон Олжобай ШАКИР