ШАКИР Олжобай: АНДРЕ МОРУА: БАЛАНЫ АТА-ЭНЕГЕ КАРАГАНДА БӨТӨН АДАМДАР МЫКТЫ ТАРБИЯЛАЙТ

Роберт ЛЕМБКЕ
(1913-1989), немис теле-журналисти

Эгерде небересинин тарбиясына чоң ата, чоң энеси кийлигишкен болсо, демек, алар убагында өз балдарына туура эмес тарбия берген ата-энелер.

* * *

 

Журналисттердин көпкө чейин далыга таптаганы – бычакты кай жериңе сайышты издей баштаганы.

* * *

Билимдүү акмактан да билимсиз акмак жеткен жадаткыр болот.

* * *

Тартип – бул жедеп биз көнүп калган хаос.

* * *

Жетекчинин кесиптик жөндөмү кол алдында иштегендердин кесипкөйлүгүн баалагандан билинет.

Григорий ЛАНДАУ
(1877-1941), орус философу, сынчы, публицист

Эгерде акылмандан акыр аягы кала турган бир нерсе болсо, ал – афоризм.

* * *

Динди Кудай-таала тутпайт, адамдар гана тутат.

* * *

Эл башын көтөрөр доор келгенде пайгамбарлар жолбашчы. Эл чөгө баштаганда жолбашчылар пайгамбарга айланат.

* * *

Адамдар айбанаттар дүйнөсүнөн сүйлөгөнү үчүн айырмаланат. А адамдар дүйнөсүнөн сүйлөбөгөн адамдар айырмаланып турат.

* * *

Абройлуу бирөө же калыптанып калган салт менен күрөшөм десең, өзүңчө салт түптөп, өзүңчө аброй күткөндөй бол.

Андре МОРУА
(1885-1967), француз жазуучусу

Коомдук пикирге ориентир жасаган болбойт. Ал маяк эмес, көңүлдү алаксытар  шайтан оту.

* * *

Некролог – адамга берилген эң кыска, эң жалган мүнөздөмө.

* * *

Сын айтуунун эң кылдат жолу – пародия.

* * *

Телефон аркылуу бирөөдөн бирдеңке суранган же баш тарткан оңой. Себеби, өңдү көрсө жүз таярын унутпа.

* * *

Баланы ата-энеге караганда бөтөн адамдар мыкты тарбиялайт, себеби баланы аяшпайт.

* * *

Көпчүлүк адам чынчыл эмес, жатып ичер жалкоо болгон үчүн акмактардын күнү тууйт.

* * *

Аялдын сезими күчтүү, бирок ал жагымсыз нерсенин баарын жашырат.

Которгон Олжобай ШАКИР