ШАКИР Олжобай: АТАК-ДАҢКТУУЛАРДАН ДИПЛОМАТ ЧЫКПАЙТ, СЕБЕБИ ООЗУНА КЕЛГЕНДИ ОТТОП САЛЫШАТ

Люк де Клапье ВОВЕНАРГ
(1715-1747), француз жазуучусу

 Эмгектен эмес, бекерпоздуктан көбүрөк чарчайсың.

* * *

Мээнетиңдин жемишин көргөндөн өткөн ыракат барбы?

* * *

Адамдардын керексиз нерселер менен алпурушканын койдуруш кыйын.

* * *

Кээде тубаса чечендин да улуу чындыктын түйүнүн чечмелеп берген кебине көпчүлүктүн акылы жетпейт.

* * *

Макоонун белгиси – эстутумунда ой, далилдер толтура, бирок ошолордон өз алдынча жыйынтык чыгарганга жөндөмсүз, кептин баары ушунда.

* * *

Жүрөк туйганга – акыл караандабайт.

* * *

Улуу дөө-шаалар кайратсыз адамдарды ой калчаганга үйрөтүп жүрүп, баарын адашкан жолго түртүп коюшту.

* * *

Оюңду тунук чагылдырып, салмагын арттырчу эмне? Өз орду менен айтылган кенедей бир мисал. А толтура мисалыңды келтире бергенден, кеп кунарын кемитесиң.

* * *

Чечендик өнөр да чанда бир жаралган талант сыяктуу кезигет.

* * *

Чечендикти да билимдей жогору баалашыбыз керек.

* * *

Акылыбызга кысынып-кымтынбас маектен өткөн мектеп жок.

* * *

Мыкты жазуучулардын кеби деле чубалжыма болот.

* * *

Кээде ылжыган мастын оозунан жазмакерлер жараталбаган калемпир-мурчтуу азил чыгып кетет.

* * *

Философтордун тамашасын кээде олуттуу ойлордон ажырата албай, олку-солку боло бересиң.

* * *

Атак-даңктуулардан дипломат чыкпайт, себеби оозуна келгенди оттоп салышат.

* * *

Эң таасирдүү, эскирбеген китеп кайсы? Тээ качанкы чындыкка окурманды байлап койгон китеп.

* * *

Өзүн мыйзамдан да катуу карманган адам – жеткен зулум.

* * *

Мыйзамды чындап сыйлаган адам – элден коркот.

* * *

Адам туулат, өлөт, бул – кеп эмес. Анын колдо болгон дүйнөсүнөн, акчасынан, там-ташынан айрылганын деле анча аянычтуу дебейм. Булар адам өмүрүнө туткак болалбайт. Адам ариетинен ажырап, өзүнүн ким экенин жоготсо – эң аянычтуусу ошол.

* * *

Башыңа түшкөн жамандыкты акылың эмес, кайратың жеңет.

* * *

Кээде ден-соолугубузга ачкарындык кандай зарыл болсо, эс-акылыбызды тундурууга жалгызчылык да керек, бирок узакка эмес. Себеби узак мөөнөттүк ачкарындык да, жалгызчылык да түбүбүзгө жетет.

* * *

Эрдемсингендерди баарлашуу гана мыш кылат. Башкаларга өзүңдү салыштырууда тамыр тартышып көр. Тартынчааксыңбы, куру чиренсиңби: кимдин-ким экени кысынып-кымтынбаган пикирлешүү учурунда билинип калат.

* * *

Баары тегиз жакшы дегендин өзү – чабал саясат.

* * *

Туруктуу мүнөз менен ийкемдүү акыл эриш-аркак болууга тийиш.

* * *

Бизге көөнөргүс ойлорду көкүрөгүбүз шыбырап турат.

* * *

Атак үчүн жаралгандар убакыттын кунун куру кетирбейт.

Которгон Олжобай ШАКИР