ШАКИР Олжобай: АЯЛДАР МУРДА ЭМЧЕКТЕРИ МЕНЕН ЫМЫРКАЙЛАРДЫ ТОЙГУЗСА, АЗЫР КИНОПРОДЮСЕРЛЕРДИ ТОЙГУЗУШАТ

Жан КОКТО – (1889-1963), француз драматургу, акын

 Көп кереметти чоң шаардан көрсөң, көп укмушту кичине шаардан угасың.

* * *

Кабанак ит кимдин колунан тамак жесе, ага тап бербейт. Сынчыларың да ошол.

* * *

Тарых – бул акыр аягы калпка айланган чындык. Миф – бул акыр аягы чындыкка айланган калп.

* * *

Сулуулук сулуулукту байкабагандарга да таасир берет.

* * *

Генералдар эмне үчүн аңкоо? Жалаң полковниктердин арасынан тандалганы үчүн.

* * *

Аялдар мурда эмчектери менен ымыркайларды тойгузса, азыр кинопродюсерлерди тойгузушат.

* * *

Акынды эл жабыла мактап, бирок түшүнбөсө – акынга мындан өткөн кайгы жок.

* * *

Адамга сөзсүз искусство керек экенин билем, бирок эмне үчүн – билбейм.

Тадеуш КОТАРБИНЬСКИЙ – (1886-1981), поляк философу

Убакытка келгенде мен өзүмдү наркомандай сезем. Убактымды канча көп пайдалансам, ага ошончолук көзкарандымын.

* * *

Адилеттик үчүн согушсаң да, согуштун өзү адилетсиз. Адилеттүү согушууга эч мүмкүн да эмес.

* * *

Музыка – жөнү жок кайгыртып же кубандыра турган искусство.

* * *

Бийликте туруп байлыкка жеткен эмес, байлыгың туруп бийликке жеткениң уят.

* * *

Философиядан жөндөн жөн баалуу натыйжа чыкпайт, бирок философияны үйрөнө баштаганда эң баалуу натыйжага жетесиң.

Которгон Олжобай ШАКИР