ШАКИР Олжобай: «БАКЫТТЫ АКЧАГА САТЫП АЛАЛБАЙСЫҢ» ДЕГЕНДИ КИМДЕР АЙТАТ? БАКТЫСЫ ДА, АКЧАСЫ ДА ЖОКТОР

Огден НЭШ
(1902-1971), америкалык акын

Тикесинен тик туруп иштегендер эмес, отуруп иштегендер көп айлык алат.

♦ ♦ ♦

Патрик О`РУРК
(1947), америкалык жазуучу  

Өкмөткө акча жана бийликти бергенибиз – өспүрүмдүн колуна виски менен короодогу машинанын ачкычын карматкандай кеп.

* * *

Мурда адептүү эркектер автобустагы аялга орун бошотчу. А бүгүн ашкере сыпайыгерчилик көрсөтүп, иш орундарын бошотуп калышты.

♦ ♦ ♦

Уистен Хью ОДЕН
(1907-1973), англис акыны

Жер үстүндө неге жашап жүрөбүз? Башкаларга жардам бериш үчүн. А башкалар жер үстүндө эмне жашап жүрөт?

* * *

ЖАКШЫЛЫКТЫН колунан ЖАМАНДЫК келет, бирок ЖАМАНДЫКТЫН колунан ЖАКШЫЛЫК келбейт.

♦ ♦ ♦

Роберт ОРБЕН
(1927), америкалык сатирик

Аялдардын ичинен эң биринчи «Үстүмө кийе турган эчтемем жок!» деген Ово эненин айтканы гана жыпжылаңач чындык.

* * *

«Бакытты акчага сатып алалбайсың» дегенди кимдер айтат? Бактысы да, акчасы да жоктор.

♦ ♦ ♦

Уилл РОЖЕРС
(1879-1935), америкалык сатирик

Бир жолку революция экинчисин удаа жасачу коктейль сыяктуу нерсе.

* * *

Орусия канчалык туура эмес иш жасабасын, дайыма өзүнүкүн өзү туура деп санаган өлкө.

* * *

Саясый турмушка канчалык көп аралашсаң, ошончолук көп нерсөгө көзүң жетип, партиялардын биринен экинчиси көңүлүңдү суутат.

♦ ♦ ♦

Данил РУДЫЙ
(1926-1983), орус адабиятчысы

Эгер иттер сүйлөгөндү үйрөнсө, адам эң акыркы досунан айрылмак.

* * *

Интеллигенттер – отургучунан жылбай өлгөндөр.

* * *

Колуңда башка курал болбосо, сатирадан башка өткүр курал жок.

* * *

Абийириң таза болсо, бааң ошончолук кымбаттайт.

♦ ♦ ♦

Жорж САНТАЯНА
(1863-1952), америкалык философ

Адабият озуйпасы – ойду окуяга чырмаганда.

♦ ♦ ♦

Томас САС
(1920), америкалык психиатр жана эссеист

Эгер Кудай менен сүйлөшсөң, бул келме. Эгер Кудай сени менен сүйлөшсө, акылдан айныганың ошол.

* * *

Илгеркилер медицинаны магия десе, азыркылар магияны медицина деп жүрөт.

* * *

Дөдөй эчкачан унутпайт да, кечирбейт: баёо унутат, кечирет; акылдуу кечирет, бирок унутпайт.

Которгон Олжобай ШАКИР