ШАКИР Олжобай: Балдар үчүн тамсил

Эзоп

Жапайы эчкилер жана малчы

Малчы эчкилерин жайытка айдап жиберген бойдон жамбаштап жатып, малынын арасында жапайы эчкилер жүргөнүн көрөт да, кечинде баарын үңкүргө камап таштайт. Эртеси аба ырайы бурганактап турганынан малын жайытка айдоого мүмкүн болбой, эчкилерине адаттагысындай чабынды чөп берүүгө туура келет. Бирок ал өз эчкилери ачкадан кырылып калбасын үчүн гана аларга бир тутамдан шалбаа чөп салып, ал эми жапайы эчкилердин алдына чөптү кучак-кучактан кенен таштап: аларды өзүнө үйүр алдыргысы келет.

 

Арийне күндүн көзү ачылгандан кийин эчкилерди жайытка айдап чыкса, баягы жапайы эчки-текелер тоону беттеп качып кетишет. Муну көргөн малчы жапайы эчкилерди «жакшылыгымды түшүнбөгөн макулуктар» деген бойдон каргап-шилеп кала берет. Болбосо ал жапайы эчкилерди өз малынан да артыкча карады эле го!

Жапайы эчкилер болсо ага ыраазычылык билдирмек тургай, баары артка кылчаят да: «Сага кечээ эле келсек, сен болсо заматта эле өз малыңа караганда бизди артык көрүп, бизге ашкере жагынганың үчүн сенден чочулап калдык. Агерде сага эртең эле бизден башка жаңылары келсе, сен бизди дароо карабай каларыңа көзүбүз жетти».

Тамсил маанисин аңдадыңарбы, балдар? Эгерде кимде ким жаңы доско жагыныш үчүн эски досторун эстен чыгарып койсо кандай болорун…

Тоокторду алдагысы келген мышык

Мышык бир күнү кепедеги тооктор ооруп калганын угары менен дарыгерге окшоп кийине салат да, керектүү шаймандарын алып, жортуулга чыгат. Тоок кепенин кире бери

galina_cat_03

шинен башбагары менен митайымданган мышыктын сурап турганы:

– Ооруп калган жоксуңарбы?

– Сопсонун эле турабыз, – деген жооп узатат тооктор. – Сен бизге жолобой койсоң эле оору эмне экенин билбейбиз.

Адамдар арасында да жакшы көрүнгүсү келген арам ойлуулар болорун силер да биле жүргүлө, балдар!

Кыргызчалаган О.ШАКИР