ШАКИР Олжобай: Бардык жаманчылыктын себеби камаарабастыктан чыгат

МУСУЛМАН САНАТТАРЫ

Баязид БИСТАМИ

(804—874), перс даанышманы

Жер үстүн күнөөлүүлөр да, күнөөсүздөр да тебелеп жүрү. Адам да кара жердей көтөрүмдүү болуш үчүн өзүн өзү таанууга тийиш.

* * *

Кеменгер адам булутка окшоп баардык затка шарапатын тийгизет, жамгыр болуп баарын тегиз сугарат.

 

Убайд ЗАКАНИ

(1371-?..), перс акыны

Бүгүнкүнүн ырахатын эртеңкиге жылдырба.

* * *

Бир заматта байып кеткен адамдар сараң болот.

* * *

Кеменгер болуп жетилген адам күйүнүчкө да, сүйүнүчкө да алдырбайт.

* * *

Эч бир жандыктын жанын тындырбаган жай – жердин үстү.

Абдурахман ЖААМИ

(1414-1492), перс-тажик акыны жана сопу даанышманы

Бардык жаманчылыктын себеби камаарабастыктан чыгат.

* * *

Адам даражасын кызмат көтөрбөй, кызмат даражасын адам көтөрүүгө тийиш, бирок ал иш ошол адамдын изгилигине жараша болот.

* * *
Арким эле абийир жайын какшабай,
Абийир жолун өзү тапса аксабай.

* * *
Сен эчкимге болалбайсың адилет,
Жандүйнөңдө жашабаса ариет.

* * *
Кылыч шилтейт наадандыкка кимиси,
Анын дагы кылыч кесет шилисин.

* * *
Көралбас болсоң – көзсүз жандай олоксуң,
Көөдөнүң көрбөй, акылдан аксап чолоксуң.

* * *
Эгер кары өмүр сүрүп кылымдай:
Эссиз болсо, пайдасы жок кымындай.

* * *
Алтын, күмүш чыгаралбайт атагыңды чынында,
Кептин баары – мээнет сүйгөн зергерчилик шыгыңда.

Кыргызчалаган О.ШАКИР