ШАКИР Олжобай: БЕНЖАМИН ФРАНКЛИН: «КАСЫҢА КАРЫЗ БЕРСЕҢ ДОСТОШОСУҢ, ДОСУҢА КАРЫЗ БЕРСЕҢ, КОШТОШОСУҢ»

(1706-1790), америкалык окумуштуу жана саясатчы

Начар өкмөттүн кемчилиги суу үстүндөгү акыр-чикирдей калкып турат.

* * *

Бул жашоодо өлүм менен салыктан качып кутулалбайсың.

 

* * *

Сени эң көп алдаган ким? Өзүң.

* * *

Чөгөлөгөн эр-жигитке караганда тикесинен каткан дыйкандын мартабасы бийик.

* * *

Чөйчөктөгү кайнаган сууга чымын жолобогондой, иши кайнап аткан адамга бекерпоз коноктор азырак каттаса…

* * *

Керкейгендер башкалардын керкейгенин дегеле көргүсү келбейт.

* * *

Адамзаты тамак бышырганды үйрөнгөндөн баштап жаратылыш талап кылган өлчөмдөн эки эсе ашыкча жеп-ичкенге өттү.

* * *

Өмүрүңдү узарткың келсе, алкымыңды кыскарт.

* * *

Убакыт баарынан кымбат десең, демек убакытты бекер короткондон өткөн ысырапкорчулук жок экенин бил!

Дос тандаган жакшы эмес, дос алмаштырган андан бетер.

* * *

Кожоюндар кол эмес, көз менен көп иш жасайт.

* * *

Көп оку, бирок көп китепти эмес.

* * *

Билимиңе мактанба, арийне жарыктан сокур болгонуң ошол.

* * *

Алтын таажы кийсең деле баш ооруң айыкпайт.

* * *

Жашоону терең түшүнгөндөр көп жашагысы келбейт.

* * *

Акча менен баарысын жасаса болот деген кишинин айтканына ишен, анткени андайлар акча үчүн баарын жасайт.

* * *

Мыкты устанын оозунан «антип калды, минтип калды» деген шылтоону эчкачан укпайсың.

* * *

Касыңа карыз берсең достошосуң, досуңа карыз берсең, коштошосуң.

* * *

Ачарчылык болгон жерде мыйзам тебеленди, мыйзам тебеленди жерде – ачарчылык.

* * *

Балдарыңды унчукпаганга үйрөт, сүйлөгөнгө өздөрү үйрөнөт.

* * *

Дарыгер канчалык кыйын болсо, пайдасыз дарыларды ошончолук кыйын ажыратат.

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР