ШАКИР Олжобай: МУСУЛМАН ДӨӨЛӨТҮ: БЕРЕШЕН АДАМ

Сопулардын притча-жомокторунан

Бухарада байманасы ашынган берешен адам болуптур. Ал рухий тепкичтердин эң жогорку баскычына жеткендиктен ага Аалам Улугу деген даража айгарылат. Анын үйүнө күн сайын каттагандардын аягы үзүлбөптүр, анткени келгендин көбүн алтынга карк кылган берешендиги артып турчу экен. Түрдүү адамдардын ичинен жетим-жесир, оорукчандарды кабыл алчу күндү атайы белгилеп, алардын муктаждыгына жараша сооп ишин үзбөптүр. Бирок Аалам Улугунун берешендигин чектеген бир шарт бар экен: агер кимде-ким анын босогосун аттаган учурда бир ооз кеп оозанган болсо, ташжалак кайтчу дешет. Тек ооз ачпас адам болбой койчубу.

Кезек бир күнү заң-закүн билермандарына жетип, Аалам Улугунун босогосун атташат. Алардын арасынан бирөөсүнүн эбедейи эзилип, берешен үй ээсин ашыра мактап баштайт. Бирок ага Аалам Улугу койдун корголундай да алтын карматпайт. Закүнчү да максатына жетиш үчүн өжөрлөнөт. Кийинки күнү майыптарга сооп берилерин угуп, ал да майыптардын арасына аксалаңдап кошулуп алат. А Аалам Улугу аны тааныбай коймокпу, мында да кур кол кетирет. Заң-закүнчүнүн анда да жаны жай албайт: кайрадан жүзүн жашырып, бөлөк топтогулар менен келет. Бул мерте да аны Аалам Улугу тааный коюп, кууп чыгат. Закүнчү кайта-кайта өз амалын канча кылбасын, атүгүл катын-калачтын киймин кийинип келсе да тиги берешен аны дароо тааный коюп, кур кол кетире берет. Акыр аягы табыт жасаган адамга барат. Өлгөн кишиче табытка суналып жатат да, табытчыдан жалдырап өтүнөт:

– Аалам Улугу жаныбыздан өтүп баратып, ал сөзсүз табытты карайт. Карайт да маркумдун зыйнатына деп көп акчасын кайрымдуулукка таштайт. Ал акчаны сен экөөбүз тең бөлүшөбүз, – дейт закүнчү.

Табытчы тигинин айтканын айткандай кылат. Аалам Улугу өз колу менен кепиндин үстүнө алтын тыйындарды шыгыратат. Закүнчү ошол замат тыйындырды шап иле коет, анткени табытчы илип кетпесин деп кооптонот. Тыйын колуна тиер замат Аалам Улугуна деп турганы:

– Мага келгенде берешендик кылчу эмес элең, мына, акыры көздөгөнүмө жеттимби?!

Тиги берешендин жообу мамындай болуптур:

– Сен одүйнө эшигин аттамайын сокур тыйын да албайсың.

Сырдуу осуяттын маани-маңызы – «ажалды күтпөй өлө бер» экен. Адамга белек ал өлгөндөн кийин келет тура, ага дейре жок. Арийне, чыныгы өлүм бирөө-жарымдын жардамын күтүп отурбайт ко.

Которгон Олжобай ШАКИР