ШАКИР Олжобай: БИЙЛИК – БУЛ ШИЛИДЕН АЛЫП ТУРГУЗМАЙЫН ЭЧ БИРИ ОРДУНАН КОЗГОЛБОГОНДОРДУН ЖАЙЫЛГАН ДАСТОРКОНУ

Томас ЖЕФФЕРСОН
(1743-1826), АКШнын 3-президенти

Эркиндиктин тамырын өз мезгилинде патриоттор менен зулумдардын каны сугарып турууга тийиш. Бул анын табигый жерсемирткичи.

* * *

Эр көкүрөктөргө караганда суужүрөктөр талаш-тартыш болгон жерге мурун тыга коёт.

* * *

Эгер жиниң келип турса, онго чейин сана, ага болбой жаның кашайып баратса, санагыңды жүзгө жеткир.

* * *

Насаатыбызды сөз эмес, өз турмушубуздан көрсөткөнүбүз ийги.

* * *

Башкалар менин жыргалчылыгым үчүн эмес, мен башкалардын жыргалчылыгы үчүн жасаган эмгектерим менен эл эсинде калгым келет.

♦ ♦ ♦

Бенжамин ЖОНСОН
(1573-1637), англис драматургу жана акын

Залкар адамдар жылдызга окшоп: өздөрү жашап өткөн доордун жарыгын төгүп турат.

* * *

Ашкере чечкиндүүлүк деле ашкере тартынчаак кемчиликтей.

♦ ♦ ♦

Фазиль ИСКАНДЕР
(1929-ж.), орус жазуучусу

Бийлик – бул шилиден алып тургузмайын эч бири ордунан козголбогондордун жайылган дасторкону.

♦ ♦ ♦

Иммануил КАНТ
(1724-1804), немис философу

Балдарга дайыма эле белек тартуулаган жарабайт. Аларды менменсинүүгө ушул нерсе түртүп, кулк-мүнөздөрү бара-бара буюмга окшоп оңой сатылууга калыптана берет.

* * *

Балдарды тарбиялоого керектүү ар нерсенин баасы да алардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайыктуу келбесе, өтө опурталдуу. Болбосо дардалаңдап, текеберленип, көйрөңдөнүп, мода кууганга өтөт.

♦ ♦ ♦

Энрико КАРУЗО
(1873-1921), италия ырчысы

Ырчыга эң зарыл эмне? Кең көкүрөк, аңырайган көмөкөй, токсон пайыз эстутум, он пайыз акыл, кара териңди агызган машакат, анан эле жүрөгүңдө бирдеңке болуш керек.

* * *

Дарбыз ченемсиз тамак: дароо жейсиң, ичесиң, жуунуп да аласың.

 ♦ ♦ ♦

КЕЙ-КАВУС (Аль-Маали)
(1021-1098), перс жазуучусу

Өзүн илимпоз санаган дөдөйдөн алыс бол.

* * *

Акмактарга берчү жооп – үндөбөстүк.

* * *

Чечен көрүнөм деп куру тапанданба, арийне куру тапандыктын өзү дөдөйлүк.

* * *

Жаман жолдош күткөнчө жалгызчылык артык.

* * *

Душмандарыңдын арасында жүргөн достон кол жууп коё бер.

* * *

Эки кулпендеден сак бол:

биринчиси – каардуу касың,

экинчиси – митайым досуң.

* * *

Сүйүүгө кабылбаган жан адам эмес.

* * *

Карганда сүйүүгө кабылгандан сактан.

Которгон Олжобай ШАКИР