ШАКИР Олжобай: БИЛЕРМАНДАР

Сопулардын притча-жомокторунан

Өлдү деген адам кокусунан тирилип, табытты такылдатат. Үстүн ачышса – чын эле тирүү экен. Отурат.

– Өй, силер не кылганыңар? Мен тирүүмүн го! – жыйылган топтогулардан сурайт.

Баары үн катпай селейет. Акыр аягы өлгөнгө келгендердин бирөөсүнүн айтканы:

– Ийе, тууганым, дарыгерлер менен диний көсөмдөр сени өлдү дешкен. Демек, сенин жаның көккө учуп кеткен.

Ошентип баары «маркумдун» зыйнатын кылып, көмүп коюшту.

Тилчи жана сопу

Айсыз караңгы түндө жолдо бараткан сопу бирөөнүн жардам суранган үнүн эшитип калат. Үн кургак кудуктун түбүнөн угулат.

– Эй, сага эмне болду? – сопу кудукка эңкейип үн салат.

– Көрүп турасың го, мен тилчимин, – дейт кудуктагы үн. – Караңгыда карайлап жол таппай, балээ басып ушул чуңкурга түшүп калбадымбы. Же бир чыгалсамчы.

– Чыдай тур, тууганым, шаты табайын, аркан менен карма, – дейт сопу.

– Токтой турчу, – тилчи кыйкырат, – сенин алдагинтип сабатсыз сүйлөгөнүң туура эмес. Сөздүн ордун алмаштырып атасың, ушу кантип болсун?!

– Не дейин, агер сага сөздүн маанисинен мурда айтылышы маанилүү болсо, анда алдагы чуңкуруңда отура бер дагы. А мен ага дейре туура сүйлөгөндү үйрөнөйүн, – деген сопу өз жолун улаган экен.

Чубалжып ээрчигендер

Жунайд бир күнү Устатына келет, болгондо да жалгыз. Устаты храмда өзүле отурган экен. Жунайддын жалгыз келгенин көргөн Устат айтат:

– Жунайд, өзүң эле келсең боло. Артыңдан алдагы чубалжып ээрчигендерди киргизбечи!

Жалгыз келдим деп ойлонгон Жунайд артына кылчайса, жан киши көрүнбөйт.

Устаты күлдү да, минтти:

– Аркаңды караба, а ичиңди кара!

Жунайд көзүн жумгандан кийин, Устатын туура түшүндү. Колуктусун калтырып келген, бирок ой-санаасы колуктусунда болчу. Бала-чакасын да калтырган, бирок алар көз алдында турган. А түгүл акыркы жолу коштошууга келген жоро-жолдоштору да ой-санаасын бөлүп келаткан.

Устаты дагы үн катты:

– Чыгып, өзүң жалгыз келчи кайра, себеби алдагынча чубалжып ээрчип келгендер менен кантип сүйлөшөм?

Жунайд ой-санаасындагы адамдардан бошонун үчүн храмдан чыгууга туура келди. Бир жыл өткөн соң Устаты аны өзү чакырды:

– Келе берсең болот, Жунайд. Сен эми жалгызсың, эми баарлашканга мүмкүн.

Которгон Олжобай ШАКИР