ШАКИР Олжобай: БЛЕЗ ПАСКАЛЬ: КУЛАГЫБЫЗ ЖАЛГАН СӨЗГӨ АҢЫРАЙГАН КААЛГАДАЙ АЧЫК

(1623-1662), француз философу

 Чындык менен адилеттик – кымындай мык сыяктуу: аны кагаарда эбин таппай, барскан менен таамай мээлеп, дайыма тийбей калабыз. Эгер дадил тийсек да, бырыйта согобуз.

* * *

Адам акылы жетиккен сайын кеменгер адамдарга аралаша баштайт, акылы тайкылар гана кимдин ким экенин ажырата билбейт.

* * *

Эмне үчүн бутунан аксаган адамдарга эмес, акылынан аксагандарга кыжырыбыз көбүрөк кайнайт? Себеби буту аксактар башкалардай түз басалбай турганын моюнга алат, акылынан аксагандар эчкачан кемчилигин моюнга албайт.

* * *

Кемчилдигиңди көрсөткөн адамга миң мертебе ыраазычылык билдир.

* * *

Кулагыбыз жалган сөзгө аңырайган каалгадай ачык, ал эми чындыкка келгенде ийненин көзүнөн тар.

* * *

Мыйзамдын эмнеге негизделип жазылганын изилдеген адам кандай болбосун мыйзамдын чиеленишкен чийкилигине толук ынанат. Эң кокую, эгер ал кай бир кайбарлар токуган мыйзамдагы куулук-шумдуктарга мурда аралашып көрбөсө, канчалаган жылдардан бери эл ошол мыйзамга баш ийип, кастарлап келгенине ачылган оозун далайга чейин жабалбай отуруп калат.

* * *

Эмне үчүн көптөрү көпчүлүктүн айтканынан чыкпайт? Көпчүлүктүн айтканы туура болгон үчүнбү? Жо-ок, көпчүлүктүн сүрү сүр болгон үчүн. Эмне үчүн эски көзкараштар менен эски заң-закүндөргө баш ийебиз? Туура болгон үчүнбү? Жо-ок, себеби көпчүлүк баш ийкеп турганда – көпчүлүккө каршы чуу көтөргүбүз келбейт.

* * *

Эл айтканга кошул, бирок ойду өз алдыңча жүгүрт.

***

Жарандык дүрбөлөңдөн өткөн коркунучтуу балээ жок, андан качып кутулалбайсың. Эгер баарынын эмгегин татыктуу деп шардана кылсаң, ар кимиси алка жакадан алып, наам сурай баштайт.

Которгон Олжобай ШАКИР