ШАКИР Олжобай: Буйвол жана чымчык

Филиппин жомогу

Эртең мененки аптаптуу ысыкта ыкшоо тарткан буйвол арыктын боюндагы дүпүйгөн хин дарактын көлөкөсүндө эс алып жатса, төбөсүндөгү бутакка жаңыдан конгон чымчык сурайт:

– Буйвол досум, жашооң кандай? img_8615

– Укмуш сонун. Бирок күн ысып турат ээ?

– Сөзүңдө калет жок, буйвол! Мен да ысыктан суусап, учуп келбедимби.

 

–Ушу сен кенедей болуп туруп, бир тамчы суу үчүн не убара болосуң? – деди буйвол мыскылдап.

– Сен ошентип ойлойсуңбу, буйвол? – чымчык муну таңгалгандай сурады. – Мен керек болсо сенден да көп ичем сууну.

– Менден да көппү? – буйвол күлүп жиберди. – Кел, чендешебиз!

– Сен башта анда, – деди чымчык, себеби ал суу кирер маалын алдын ала билчү.

Буйвол ордунан туруп, арыктын боюнан суу ичип баштайт. Бирок ал канча көп суу ичпесин, алдындагы арык бөксөрмөк тургай улам көбөйө берди. Атүгүл иче албай да калды. Койкоңдогон чымчык болсо буйволду келекелей баштайт:

– Сага не болду, буйвол досум? Менимче, сен арыктагы сууну бөксөртмөк тургай, көбөйтүп таштадың го, карачы!

– Аңкоосуң, чымчык, – деди буйвол туталанып, – курсагым жарылганы калганын көрбөй турасыңбы?

– Билбе-ейм, билбейм. Сен сууну көбөйтүп салганыңды эле көрдүм. Болуптур эми, мен ичейин, – дейт чымчык.

Арийне, бул убакта суу тартылаарын билген чымчык тумшугун сууга малды, бирок жөн гана суу жутуп аткандай түр көрсөттү. Арыкта суу тартыла түшкөнүн көргөн буйволдун оозу ачылды, бирок мунун себебин түшүнбөдү.

– Да, сен мени жеңдиң, чымчык. Өзүң кенедей болуп алып, бирок карачы, кандай көп суу ичтиң! – таңгалган буйвол башын чайкайт.

– А сен мага ишенбейсиң! – деген чымчык аңкоо буйволду шылдыңдаган бойдон канат кагып учуп кетиптир.

Буйвол болсо төрт аягын араң шилтеп, хин дарактын түбүнө ынтыгып жеткен экен.

Кыргызчалаган О.ШАКИР