ШАКИР Олжобай: ВОЛЬТЕР: ДИН КУМАР ОЙНУ СЫЯКТУУ: АДЕГЕНДЕ АЛАБАРМАНСЫҢ, КИЙИНЧЕРЕК МИТАЙЫМ БОЛОСУҢ

Вольтер (1694-1778) француз жазуучусу жана философ

Жандилибизди тузактаган жер – Атамекен.

* * *

Мекенге болгон урматыман: чоочун элдердин ага жасаган эмгегине көз жумуп койалбайм. Тескерисинче, менин өлкөмдү сырттан келгендер урматтаган үчүн Мекениме алардан да ашыгырак жан үрөп кызмат кылууга тырышам.

* * *

Ыракаттын анык ыракаты – эмгек.

* * *

Намыс – жакшы адамдардын уучундагы бриллиант.

* * *

Берилген суроолордун ар бирине такалбай жооп берген адам уят-сыятты билбеген адам болушу мүмкүн.

* * *

Жакшы авторлордун чыгармаларын окуй берсең, сен да өз оюңду жетик түшүндүргөнгө үйрөнө баштайсың.

* * *

Дин кумар ойну сыяктуу: адегенде алабармансың, кийинчерек митайым болосуң.

* * *

Зөөкүрчүлүктүн жеткен чеги жана адам табиятын эң бир пастыкка түшүргөн акылга сыйбас чоң зыян – бул дин өкүлдөрү кылган акмакчылык жосундар.

* * *

Мамлекеттеги мыйзамдардын көптүгү – саны самандай дарыгерлериң жүрүп, дарттын дабасын табалбагандай кеп.

* * *

Кылмышка көз жумган адам да, кылмышка тиешелүү.

* * *

Революция кылууга жыйырма том эмес, кенедей чөнтөк китепче жардам берет.

* * *

Куру намыс тарсайып үйлөнгөн шар сыяктуу: кичине эле тешсе, катуу бышылдайт.

* * *

Ичи тарлык – жүрөктөгү уу.

* * *

Карт акын, карт ойнош, картаң жылкы эчнерсеге жарабайт.

Которгон Олжобай ШАКИР