ШАКИР Олжобай: ГАБРИЭЛЬ ЛАУБ: КАНДАЙ БИЙЛИК БОЛБОСУН АНЫ ЭЛ ТҮПТӨЙТ, БИРОК АЛ БИЙЛИК ЭЛГЕ ДАЛЫСЫН САЛГАН БОЙДОН КАЙРЫЛБАЙТ

Баатырлар коркунучтуу мүнөттө керек, калган учурда өздөрү коркунучтуу.

* * *

Буйрукту баары эле бералат, баары эле аткарат. Адамга андан башка жөндөмдүн деле эмне кереги бар?

* * *

Компьютердин артыкчылыгы – биздин мээни пайдалана билгенинде.

* * *

Сөз байлыгы жок жазуучу оңой жазат.

* * *

Майда балдар менен интеллектуалдар бири-бирине окшош. Кантип? Экөө тең ызылдаганда – кыжыр кайнайт, унчукпаганда шектүү туюлат.

* * *

Полковник – бул майорго кыйкыра турган эле адам.

* * *

Сабыр этиңиз, байкеси, аялы көзүнө чөп салган эркек сиз эле эмессиз.

* * *

Иштин эң оор бөлүгү кайсы? Ишти баштоо.

* * *

Миллиондун күчү – нөл сандарында.

* * *

Акын өзүн өзү камаарабас көрсөткөнү – калп, ал деле башкалар сыяктуу адам.

* * *

Адам тынымсыз өзгөрүлүп турат. Адамзат гана калыбында калат.

* * *

Акыл калчап үйрөнгөн адам акыл-эстен шекчил.

* * *

Арзан атырдын жыты мурун жарып буруксуйт.

* * *

Кандай бийлик болбосун аны эл түптөйт, бирок ал бийлик элге далысын салган бойдон кайрылбайт.

Которгон Олжобай ШАКИР