АБЫКАЕВ Абийирбек: АБИЙРБЕК АБЫКАЕВ: КУЙРУЧУКТАЙ КУУДУЛ ЭЛЕТТИКТЕР-I

Тээ илгери,  60-жылдары айылдагы пенсионер чалдарды совхозго кол кабыш кылгыла деп трактор жүрбөгөн ой-чуңкурдун чөбүн чалгы менен чаптыраар эле.  Чалгыларын жаркылдатып,  такымга кыскан он беш-жыйырмадай ак сакал,  көк сакалдардын атчан отряды ары бери айылды аралап өткөндө,  айылдын ажары ачыла түшчү.   Түш маалында,  күн салкындагыча күндө бириникинде даярдатып койгон ысык тамакка келишип,  каз катар тизилип отуруп алышып,  өткөн кеткендерден сөз козгоп, бири-бирине азил кеп ыргытышып отурушар эле, кайрандар.   Усубаалы,  Мажит,  Боромобай,  Сапар,  Өмүр,  Карасарт,  Чекчек,  Чуку,  Корчу,  Айманбай,  Муңайтпас,  Назар,  Акматкерим,  Наамат,  Жусу,  Жолдошбай,  Жакыбаалы – мага шатыра-шатман,  кайгы-муңду сезбеген жомоктогу адамдардай сезилчү.

Атам Абыкай ошол кездеги чалдардын эң кичүүсү болгондуктан,  алардын чалгыларын чыңап берип,  чөп чабыкка келгенде:    «Кана,  Абыкай башта!»- дешип  аны алдыга салып,  аркасынан биринен сала бири чалгы шилтеп жөнөшчү.  Атам дайыма мени учкаштырып алар эле.   Аттиң ай,  ошондогу чалдардын элестери көз алдымда болгон менен,  айткан азил кептери эсимде сакталбай калганын айт.   Бир күнү каткырыктуу бир отуруштан кийин атамдан:

— Биздин айылдын кишилери эле ушундай күлкүлүү сүйлөйбү  же башка жактагылар деле ушундайбы? –деп сурасам:

— Балам,  саздак жердин балыгы менен шар аккан суунун балыгы башка болот,  биздин айыл суу башында,  тээ төрдөн таштан-ташка тийип,  бышылып түшкөн сууну ичкен адамдар кантип суз болсун,—деп койгону эсимде.

Козьма Прудков:    «Бүгүнкү күн кечээкинин уландысы,  жаңылыштык кетиргиң келбесе арт жагыңа кылчая жүр» деген эмеспи…

*   *   *

Дөөлөтаалы молдо, (1894-1958)

Ата теги:   Сарбагыш-Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Атабай-Мендеке-Темир-Келдибек-Дөөлөтаалы

Дөөлөтаалы  Шабдан баатырдын тушунда Алматыдан билим алыптыр.   Айылга Чоң-Кеминдеги алгачкы мектепти Дөөлөтаалы салдырган экен.  Молдо дегендей көкүрөгү даана,  кат сабаттуу,  салмактуу сөздү кырааты менен айткан,  акылман адам болуптур

(Кайыр аксакал эскерет).

Анда менин жигит курагым.   Новороссийкадагы пиво саткан көк дүкөнгө бир топ теңтуштарыбыз менен келсек,  пивоканада бир топ аксакалдар отурушкан экен.  Алардан ыйбагып кире албай, маңдайындагы бактын көлөкөсүндө күтүп отурабыз.  Аңгыча анча алыс эмес мектептен класстын журналын колтуктаган Дөөлөтаалы молдо чыкты.   Аны көргөн аксакалдар жолун тосуп,  колтуктап пивоканага алып кирип кетишти.   Алардын чыгышын  бир эт бышымдан ашык күттүк.   Бир маалда ыргала басып  Дөөлөталы молдоке чыкты.   Арыкка көпүрө кылып коюп койгон ичке тактайдын кырын басып алды окшойт,  мүдүрүлө түшүп оңолгондо,  колундагы журнал ыргып сууга түштү.   Жүгүрүп барып  колтугунан жөлөп,  журналды суудан алып,  силкип колуна карматсам айтып жатпайбы:

— Атаңдын көрү,  Аккулам аксап,  жайлоого коё берип,  бүгүн Койкүрөңдү мине койсом көптөн бери эс алып калган неме ала качып кетип жатпайбы.

Көрсө, аракты өз боюна ченеп ичип жүрүп,  ал күнү арак жок вино ичкенде ченемин билбей ашыгыраак жутуп алган тура.

*   *   *

Баласы Жоомарт менен Көк-Ойрокко баратканда балапандаын учуруп жүргөн карганы көргөзүп:

— Бул кайсы куш болду экен?—деп сурайт.

— Ал карга,—деп жооп берет уулу.   Бир аз өткөндөн кийин баягы каргаларды көргөзүп,  кайра баягы суроосун узатат:

— Тиги эмне деген куш?

— Ал карга деп атпаймынбы,  ал дагы сага окшоп балдарына бок чокуп үйрөтүп жүрөт, —деп атасынын суроосуна тажагандай катуу жооп берсе,  атасы айтат дейт:

— Мен сен кичинеңде тигил таш,  тигил тоо деген сыяктуу миң сурооңо тажабай жооп берчү элем,  сен мен эки жолу сурасам тажадың да,—деген экен.

*   *   *

Баласы Жоомарт Фрунзеде жогорку жайында окуп жүргөндө каттаган кишилерден кат жөнөтүп,  талкан,  акча алдырып турчу.   Жакында эле жиберген акчасы түгөнгөнбү,  баласы: “Ушул барган кишиден биртике акча салып жибериңиз” деп кат жөнөтүптүр.   Молдоке:    “Байыган уйду кактай берсең сүт чыгабы?”—деп жооп жазып акча салбай койсо,  баласы Жоомарттан  кайра кат келиптир:    “Карган уй байыса,  жаныңдагы эки кунаажынды саабайсыңбы”…

Көрсө, мугалим болуп иштешкен молдокенин эки кызы бар экен, Жоомарт ошол эки эжемден албайсыңбы дегени тура.

*   *   *

Дөөлөтаалы жайлоодогу жылкычы теңтушунукуна баратса,  жолдон айылдаш жигит болбой үйүнө түшүрүп,  мартабалуу аксакалдын келгенине жетине албай кубанып,  куйруктуу күрпөң козусун кармап келип,  бата кылып көтөрүп чабат.   Тегерегиндеги коңшу-колоңдору келишип,  Дөөлөтаалы молдокенин ширин кептерин угуп отурушат.

Үй ээсинин келинчеги очоктун жанында козунун ичегисин артып жаткан эле.   Келин байкабай бир этегин түрө отуруп, күн көрбөгөн аппак саны бир аз ачылып калганын көрө калган эри,  ачык айталбай,  отту ичкертип жаткан көсөө менен акырын санга сайса, чочуп кеткен келин ордунан ыргып турганда кудай уруп оосуруп жиберет.  Уялган келин бетин басып сыртка чыга качат.   Көз ирмемде болгон бул ыңгайсыз окуяга отургандар же күлөрүн билбей,  же ооздоруна сөз кирбей,  жымжырт боло түшөт.   Тынчтыкты Дөөлөталы молдокенин үнү бузуп:

— Олда балам ай, мурункусу эле жакшы эмес беле…—дептир.

Сайдек Сулайман уулу, (1910-1992)

Ата теги: Сарбагыш-Дөөлөсбакты-Жантай-Сары-Бөрүчөк-Күзөке-Тыныбек-Ажыгул-Итигул-Шербото-Малдыбай- Сулайман-Сайдек.

Сайдек жумуштап шаарга жакын агасы Аалы Токомбаевдикине барып калат.   Казан асылат.   Эт бышканда Сайдек этти туурап бүтүп,  кесме келгенде үстүнө үйүп этти салып,  эки колдоп аралаштырып кирет.

— Кашык менен аралаштырсаң болмок, —дейт  жеңеси Зейнеп жийиркенгенсип:

— Эмне этти кол менен эмес,  бутум менен туурадымбы? — десе   Аалыкем:

— Туура,  туура, — деп бырс күлүп: — кашык менен жегенде чын эле беш бармактын маңызы болбой калчудай, – деп инисин жактай сүйлөгөн экен.

*   *   *

Айылдагы үч молдо бир күнү Сайдекти ортого алып,  ыйман-ызатка  чакырып:

— Тамеки тартпа,  аракты ташта,  беш маал намаз оку.   Асты дааратты унутпа,  дешсе:

— Арак жерге кирсин,  койсо коюп деле коем.   Намазга жыгылып-туруп зарядка ойногондой аны деле так аткарам.   Улуу сөздө уят жок, «тигиним» шымдын ичинде жыргап жүргөнсүп,  кантип беш маал бир кумган муздак сууга жууп чыгам.   Мына ушунуңар тозок экен».

Муну уккан молдолор көздөрүнөн жаш чыкканча күлүп,  сага даба жок деп, андан кийин ага даабат кылганды коюшуптур.

*   *   *

Жокчулук жондон алган,  соолгон согуштан кийинки кыйын кез.   Оо,  анда эл кийим-кечекти жамап-жаскап кийишчү.   Чөкү деген жеңеси шибеге сурап барат.   Анда ал:    «Кокелге бар,  анын шибегесиндей шибеге бул чөлкөмдө жок.   Чокоюңду жамасаң ошонуку жарайт» — десе,  оюнда эч нерсе жок жеңеси Кокелге барат.

Ал бир чети бойдок,  шок.   Сайдектин атайы тамашалап жибергенине чычалайт.   «Буруп сүйлөгөн күлгөнгө жакшы» кылганын,  кыл жип менен бууганын билип,  күйбөгөн жери күл болот.

*   *   *

Кокел почточу болуп көп жыл иштептир.   Өзү чычалаак киши болуптур.   Анын сырын жакшы билген Сайдек ыгы келе калганда аны азилдеп, чычалатканды жакшы көрсө керек.   СССР убагында ар бир бүлө гезитке жазылып,  күн сайын жаңы газета-журналдар почта менен кечиктирилбей келип турган кез.   Башкы почта Кайыңдыдан 10 чакырымдай алыс турган Новороссийкада эле.   Ат менен барып келгиче түш ооп,  айылдын аркы четинен баштап таратып келгиче Сайдекке гезит кечинде жетчү.   Бир күнү Сайдек Кокелге:

— Коке, гезитти мага эртең менен берип жүрчү, —десе,  дагы эмненин башын чыгарып жатат дегенсип аны жактыра бербей:

— Ии,  эмне гезитти эртең менен окусаң эле чилтен болуп кетесиңби?

— Туура айтасың Коке,  мен гезит окуганда оумуштуу болуп кетмек белем,  гезитиңди деле окубайм.  Эрте алып кел дегеним,  ичим дайым эртең менен бурап ооруп,  тиги сайга барарда гезит таппай сыйпалап калчу болдум, —дептир.

— Ой,  кудайды бир карасаңчы,  мен сага күндө Новороссийкадан окуганга гезит алып келбей эле,  сенин көт аарчыңды ташып жүргөн турбаймынбы, —деп  аябай ыза болгон экен Кокел.

*   *   *

Турдубек деген карыянын кемпири катуу ооруп,  төшөккө жатып калат.   Бир күнү жайын сурап,  абалын билгени барып калат.

— Ии,  кандай кемпириң?

— Кудайга шүгүр кас-кас деп,  жаш баладай туруп калды.

— Тай-тайлайм,  деп кайра жыгып алба!—дегенде ооруп жаткан кемпир да бырс күлүп жиберген экен.

*   *   *

Сайдектики дайыма бозо салат.  Ал кездерде элдин пейили кенен,  азыркыдай эшиктин алдына келип кыйкырып турмай,  эшикти каккыламай деген жок.  Бири-бириникине чакыртпай этпей эле кирип чыгышып жүрө беришчү.

Бир жылдары жакын инилери Капаш баш болгон жигиттер келип,  жеңесин шаштырып,  челекте буркурап ачып жаткан бозону өздөрү билип,  сүзүп ичип кетип жүрүшөт.   Аш десе ашка, иш десе ишке тойбогон жигиттер сүзүлгөн бозону түбүнө чейин шыпырып ичип кетишчү болду. Кечирээк турган Сайдек эки-үч күн кур ооз калат.   Кийинки күнү баягы эргулдар дагы келип, бозо сүзгөнгө камдана баштаса төшөктөн башын көтөрүп:

— Балдар, бозоңордон мага деле калтырып коёсуңарбы, — деген экен.