ШАКИР Олжобай: ГИППОКРАТ: КАРЫЛАР ЖАШТАРГА КАРАГАНДА АЗ ООРУЙТ, БИРОК КАРЫЛАРДЫН ООРУСУ КӨРДҮ КАРАЙ СҮЙРӨЙТ

Франческо ГВИЧЧАРДИНИ
(1483-1540), Италия тарыхчысы жана философ

Адам деген турмуштун тоскоолдуктарына гана эмес, бактылуу ийгиликтерине да туруштук бериши керек.

* * *

Милдетиңди аткарууда бирөөнө жакпай калам же өзүмө душман жаратып алам деп кооптонбо. Милдетиңди так аткарганың, сага аброй апкелет. Кийин ошол аброюңдун далдасында калган душмандарыңдын сага тарттырган зыяндары түккө турбайт.

♦ ♦ ♦

Георг Вильгельм Фридрих ГЕГЕЛЬ
(1770-1831), немис философу

 Тарыхты, турмушту карагыла: эл да, бийлик да тарыхтан эчбир сабак албай келет!

♦ ♦ ♦

Алекстандр Иванович ГЕРЦЕН,
(1812-1870), орус жазуучусу жана философ

Театр – турмуштук суроолорго жооп берчү жогорку инстанция.

♦ ♦ ♦

Теодор Годлип ГИППЕЛЬ
(1741-1796), немис жазуучусу

Жарым-жартылай чындык калптан да жаман, ага караганда карандай калпты кармоо эки эсе оңой.

♦ ♦ ♦

ГИППОКРАТ
(460-370 б.д. чейин), байыркы грек дарыгери

Күчтүү ооруну күчтүү каражат менен гана жеңиш керек.

* * *

Эгер ооруң уйкудан кийин жеңилдеп калса, демек, ал оорудан өлбөйсүң.

* * *

Оорунун кайсы түрүнө кабылба: кайратыңан жанбай, тамакты каалооң менен жесең, дарт сага жеңилет. Бул аткарылбаса, дарт сени жеңет.

* * *

Карылар жаштарга караганда аз ооруйт, бирок карылардын оорусу көрдү карай сүйрөйт.

♦ ♦ ♦

Оливер ГОЛДСМИТ
(1728-1774), англис жазуучусу

Адам баласынын эң биринчи тарбиячысы – энелер.

♦ ♦ ♦

Поль Анри ГОЛЬБАХ
(1723-1789), француз философу

Түркөйлүк – ишенимдин биринчи өбөлгөсү, ошондуктан чиркөөдө чокунгандар адамдардын түркөйлүгүн каалайт.

* * *

Адамдын жандүйнөсүнө кирип алган ырымчылдык, ага өмүр бою тынчтык бербейт.

* * *

Дин жөнүндө кенен ой жүгүртө албагандарды дин гана соороталат.

Которгон Олжобай ШАКИР