ШАКИР Олжобай: Аялдар ойсокелигин карматарда уялымыш этет

Дени ДИДРО

(1713-1784), француз философу жана жазуучу 

 Аялдар бири-бирин көралышпайт, бирок бири-бирине болушканга келгенде баары уй боор келишет.

* * *

Канчалаган адамдарды бактылуу кылган адамдан өткөн бактылуу жан жок.

 

* * *

Көтөрүмдүүлүктүн аягы барып кош көңүлдүккө жеткирет.

***

Аялдар ойсокелигин карматарда уялымыш этет.

* * *

Алтымыш жаштагы Вольтер отуз жаштагы Вольтерди кайталаган тотугушка окшош.

* * *

Диний көзкараштардын кесепетинен канга сугарылбаган дүйнөнүн бир дагы булуң-бучкагын таппайсың.

* * *

Дин пенде баласынын үшүн алып, сокур кылууда, себеби көп нерсени көрүүгө тыйуу салып, коркутканы – тозок.

* * *

Чынчыл адам гана атеист боло алат.

* * *

Монастырь – бул коомдогу адам санынан чыгып калгандар башпаанек кылуучу караңгылык.

* * *

Философтор да, дин өкүлдөрү да көп учурда бири-бирине карышып каршы чыгат, бирок ушунча болуп философтор бир дагы дин өкүлүн өлүмгө кириптер кылган жок, а дин өкүлдөрү канчалаган философтордун канына забын болду.

* * *

Жер үстүндөгү баардык элдердин тарыхын барактап көрсөң: дин – бейкүнөөлөрдү кылмышка такап, кылмышкерлерди актап чыгат.

Кыргызчалаган О.ШАКИР