ШАКИР Олжобай: ОЛЖОБАЙ ШАКИР: ДҮЙНӨ КАЗЫНАСЫНАН

Ли Бай (701–762) – Таң доорундагы улуу акындардын бири. Кытай маалыматтары боюнча анын киндик каны тамган жер – Сары-Өзөн Чүйдүн Токмок аймагы. Ал эми Ли Байдын поэзиясын орус тилине которуп, өмүр баянын иликтеген адабиятчы Леонид Бежиндин маалыматына ишенсек, анын бою узун, чымыр денелүү, өң-келбети түрктөргө окшош адам болгон. VIII кылым – Кытай тарыхынын ооматтуу саналган доору. Сюаньцзун падышачылыгынын (712-756-ж.ж.) даанышмандыгы менен башкарылган өлкө аймагынын канаты кеңири жайылып, Кытай чегине Монголиядан тартып Индо-Кытайдын түндүк-түштүгүнө чейинки аралык камтылган. О.э. аскердик айбаты күчтүү делген коңшулаш көчмөн элдердин да тизгинин тарттырып турган. Ошондон улам Кытайда Сюаньцзун падышачылыгы “Доордун башталышы” деп да аталган.

Ли Байдын ныгайып досу, Таң доорунун даа бир улуу акыны Ду Фу экөө өтө тыгыз байланышта жашашкан. Эки дос дайыма бирге жер кезип саякаттап, тоо-таштардын арасынан дары чөптөрдү жыйнашкан.

Ли Бай 762-жылы көз жумган. Ал 61 жашында дарыя бетиндеги айдын элесин кармайм деп сууга чөгүп өлгөнү ушул күнгө чейин уламыш болуп айтылып келет. Ал эми Ду Фу өмүр бою кедейчиликте жашап, акыры 770-жылы оору менен жалгыздыкта көз жумган. Бирок анын эркин эч бир турмуш да майыштыра алган эмес. 

Тоо кырындагы ай
Алтын нурлуу ай чыкты
Теңир-Тоого[1] кырданып.
Дайра сымал кыйырсыз
булут минип ыргалып.

Алып учкан шамалы
миң чакырым жулкунган:
улуп-уңшуйт бул жерде
чеги алыс журтумдан.

Хань жолунда мындагы
тоолор ылдый салаңдап,
гунндар өткөн. Кунукор
өзөнүнө араңдап.

Ушул жолдон жоокерлер
аттанышып казатка,
кайтпай үйгө эч бири –
азыр дагы азапта.

Убактылуу бу жерде
ким жашаса калаада –
көзүн кадап батышка
журтун эңсеп санаада.

Ушул түнү кайрадан
сооротууга көңүлдү:
шарап ичем биразга
унутуп үй, төрүмдү.

 Колуктума «Күз жээгинен» кат
Эч кайда, эч бир
тыным жок. Жаным мүшкүлдө –
сапарым улам
алыстайт өскөн аймактан.
Мингеним кайык,
тирлигим суунун үстүндө.
Кат жолдоор кезде
кайрадан бошойм кайраттан.

Күйдүмчок болбой
күн барбы бизге жолукчуу?!
Сен түндүк жакта,
мен түштүк жакта зарланып:
үч жылым өттү,
көрбөдүм сени колуктум.
Өз үйүм, өлөң
төшөк жок жүрөм сандалып.

Жүзүңдөн тозуп,
агарган чыгар саамайың.
Кайрыймын кантип
күлкүңдү, күлгүн чагыңды?
Жолоочу келип –
шараптан шаңкып маанайы
кат берген бир күн,
жеткирчү мага зарыңды.

Окусам катты
тамгалар боздоп ачуу зар –
тургансыйт ыйлап
барчага түшкөн күйүттөр.
Ортодо билем,
о канча суу бар, ашуу бар.
А бирок биздин
бир экен мүдөө, үмүттөр.

Лаолаонун чарпаясы[2]
Баарыга дайын аталыш…
Бул жерде жүрөк сыйрылат;
ким мында мейман узатып,
кимге ким кандай сый кылат.

Айрылуу күйүт экенин
шамал да билген үчүнбү,
жаалданып күбүйт, жаалданып
жалбырак, жашыл бүчүрдү.

 Тоодо календер болуп жашаган Юан Данцю жөнүндө
Чыгыштын тоосу калдайган.
Зоо койну. Туш-туш жагы ачык.
Үй кейпин ал да окшотуп,
үстүнө курду алачык.

Жаздатан бери жатат ал
Жамбашын улам оонатып.
Эшитип ээсиз токойдо
шамалдын, суунун шооратын.

Канатпай чырга көңүлүн,
Кылымдап сүрдү өмүрүн.

Ду Фуну Шацюдан жөнөткөнү турам
Бул жакка акыр аягы
келдим дос, неге каржалып?
Эч жан жок жардам бергидей
бекерпоз жүрөм сандалып.

Жаншерик доссуз, бүлөсүз
мынчалык куса болбогом.
Кыйчылдап улам карагай
кыш бою күн-түн толгоном.

Канча ичсең дагы мас кылбайт
каркыткан менен шарапты.
Ичиңе барган кубаты –
ичкендей кан дос, чалапты.

Вэндин шар агын суусундай
кусага толгон жүрөгүм:
түштүктө сага токтоосуз
жетсе деп эңсеп жүрөмүн.

Ду Фуну Луцзюн аймагынын чыгышындагы Таш-Дарбазадан узатып тургандагым
Экөөбүзгө тагдыр буйруп качандыр
көл үстүндө көрүшкөн күн болобу?
О кайрадан Таш-Дарбаза жанында
идишибиз шарапка бир толобу?

Жоошуду бейм Сышуй дайра толкуну,
Цзулайдын өзөн суусу мөңкүсө.
Куй шараптан чөйчөктөргө толтура,
тагдыр бизди кайра экиге бөлгүчө!

Досум менен өткөргөн кадыр түн
Эски муңду унуттук көөн канаткан –
сен экөөбүз кана жутуп шараптан.

Бейпил түн… Ай… Достук чериң тарайбы?
Уйку келбей… Эскериштик далайды.

Чаалыкпаган экөөбүзгө өңгөдөн
асман – жууркан, көк чөптүү жер – көлдөлөң.

Тоо чокусундагы храм
Кыраңдан ашкан кыраңда,
түнөймүн ээсиз храмда.

Жылдызы жылт-жулт этмекчи,
колумду сунсам жетмекчи.

 Ой жактан оозум ачсам да
тоо жактан сөз жок чачканга.

Конушум асман дегендер,
тынчыңар бузат белем мен.

Күйөөнүн күйүтү жөнүндө
Алыска кеткен жолдошум,
алкынтып акбоз жоргосун.

Жүргөндүр түркүн азапта,
бөлөк эл, бөтөн тарапта.

Оор кандай – санаа чубатып
отурсаң өтпөй убакыт?

Күн санап өскөн касирет
күйөөмсүз кантип басылат?

Күз келген маалда көкөлөп,
айнегим тушта көпөлөк.

Каалгыйт ай көктө жай гана,
бубак кар, жылт-жулт айлана.

Жалбырак калбай үзүлүп,
гүлзарым турат күбүлүп.

Шамалдан түнү дуулдаган –
сынчудай терек шуулдаган.

Мен бейбак жалгыз күнү-түн
күйөөмдүн тартам күйүтүн.

Куюлуп жашым көнөктөп, –
кур экен андан жөлөк жок.

Убайым
Үлпүлдөйт парда.
Артында сулуу
терезе тиктеп,
телмирип туру.

Мөлтүлдөйт жашы
мөгдөгөн белем.
Ким билет муңун,
кусалуу неген?

Цзинтиншан тоосунда жалгыз отурам
Булут каалгып –
чарчагандай аптаптан,
артта калган
куштар сызды сап-саптан.
Тоолор мага,
мен тоолорго кадалам,
бирибизден бирибиз
эч жадабай.

 Чыгыш тоосун эскерип отурам
Чыгыштын тоолоруна
көп болду барбаганым.
Ал жакта укмуштай көп
кыпкызыл жайнаган гүл.

Үстүндө булуттардын
Ай каалгып алыстагы –
кай жандын айнегине
барат нур тамызганы?

 Дирилдек суу
Күздөгү ай дирилдейт суу бетинде
түштүк көлү жатат тынч, үн угулбай.
Лотос мага айткысы бар арманын
меникин да күчөтүп өз муңундай.

Үрүл кечте Шанчжунду[3] эскерүү
Бүркөк асман жарк деп ачылды,
жамгыр токтоп, жаркып айлана.
Чыгыш жели жазды чакырды,
жапжаш гүлдөр жайнап кайрадан.

Үшкүрүнөт адам дегениң,
гүлдөр күздө соолуп жатканда.
А мен кайра көздөй беремин
Даанышмандын ташын[4] тапканды.

 

Капчыгайга саякаттоого барар досумду узатуу алдында
Жаркыткан таңды
суктанып турдук гүлдөргө.
Бөлүнөр кезде
кайрадан окшош кайгыбыз.
Өткөрдүк бирге
көп жылды мында жүргөндө.

Буюруп эми
жол турат бизге айрылыш.
Тоолордо каңгып
угаарсың үнүн маймылдын.
Мен болсо айга
сук артам чыгып кырларга.
Кел, жаш дос, алгын
шарапка көөндү жай кылгын.
Алдыңда бар көп
арчадай жашыл жылдар даа.

Кыргызчалаган Олжобай ШАКИР

[1] Теңир-Тоо – Александр Гитович менен Анна Ахматованын орусча котормосунда – Тяньшань.
[2] Лаолаонун чарпаясы – азыркы Цзянсу аймагындагы белгилүү жай болгон. Ал кезде Кытайда «узатуу» («сун») салтына байланыштуу: кимде ким эң жакын көргөн адамын алыска узатар болсо, кайыктар токтогон жээкке жакын жердеги чарпаяга кайрылышкан. Ал жерден шарап ичип, бири-бирине коштошуу ырларын арнашкан. Ошондон улам Лаолаонун чарпаясы эл арасында жакын адамдардын кош айтышар жери катары белгилүү болгон. 
[3]Шанчжун – Ли Байды атасы 5 жашында Сары-Өзөн Чүйдөн жетелеп кеткенден кийинки балачагы өткөн азыркы Сычуан провинциясынын аймагы.
[4] Даанышмандын ташы – Дао илиминдеги «өлбөстүктүн өзөк ташы». Ли Бай көп учурда кытай медицинасында колдоноор дары чөптөрдү тоо-таштардан издеген.