ШАКИР Олжобай: ЖАШЫНДА БИЛИМ АЛБАГАНДАРДЫН БАШЫНА АЗАПТУУ КАРЫЛЫК КЕЛЕТ

Виктор ГЮГО
(1802-1885), француз жазуучусу

Уйкусуздук – караңгы түндүн адамга кылган шылдыңыбы?

* * *

Китеби дубал тиреген айрымдар гаремге ээлик кылган чуркулардай.

* * *

Адамдын залкар касиети анын турпаты менен өлчөнбөгөндөй: улуттун улуулугу саны боюнча өлчөнбөйт.

* * *

Мектеп санын арбыткан – абак санын азайтат.

* * *

Жашоо – ыр, а кайырмасы – өлүм.

♦ ♦ ♦

Жан Лерон Д`АЛАМБЕР
(1717-1783), француз математиги жана философ

Жеңил ойлуулар жеңил оокатка олуттуу, олуттуу нерсеге жеңил мамиле кылат.

* * *

Кулк-мүнөзсүз адамдан коомго пайда жок.

♦ ♦ ♦

Иоанн ДАМАСКИН
(675-753), византиялык даанышман жана акын

Даанышман төмөнкү үч нерсеге жол бербейт: падышага жакындабайт, уунун даамын текшербейт жана аялга сыр ачпайт.

* * *

Даанышмандар бири-бирин чоочун деп санабайт.

* * *

Даанышманды наадан сүйбөйт: “Үйрөтпө” – деп башынан,
А жакшыны бузукулар кашыганы кашыган.

* * *

Чоң даракты катуу шамал тамырынан оодарат,
А жанында солкулдаган жапжаш чырпык соо калат.

* * *

Кычкыл даамды мейли канча малбагын:
Ширин даамдуу кыла албайт бал дагын.

♦ ♦ ♦

Алигьери ДАНТЕ
(1265-1321), италия акыны

Сая кеткен убакытка санаа чеккен адамдар акылдуу болот.

♦ ♦ ♦

Рене ДЕКАРТ
(1596-1650), француз философу жана математик

Акыл – бул жалынды жалындай көргөзгөн айнек, бирок өзү муздак.

* * *

Акылыңды арттыруу үчүн окуп-чокуй бергенче, көбүрөк ой калча.

* * *

Башка доордун жазуучулары менен баарлашуу – дүйнө жүзүн кыдырган саякатка барабар.

* * *

Жакшы китеп окуганың – өткөн доордун мыкты инсандары менен маңдай-тескей отуруп, айткан-дегендерин өздөрүнүн оозунан уккандай кеп.

♦ ♦ ♦

Жон ДРАЙДЕН
(1631-1700), англис жазуучусу

Ташка тамга басылгандай ой кандай тилде болбосун таамай жетет.

* * *

Сабырдуу адамдын ачуусу катуу келет.

♦ ♦ ♦

ЕКАТЕРИНА II
(1729-1796), орус ханышасы

Баланы кенедейинен эмгекти сүйүүгө тарбиялап, бекерпоздук бардык жамандыкка түртүп, терс жолго саларын какшоого милдеттүүбүз. Бекерпоздуктан балдардын үрөйү учуп туруш керек.

* * *

Баланын баары билерман болуп туулбайт, ата-эне милдети аларга билим бериш.

* * *

Жашында билим албагандардын башына азаптуу карылык келет.

* * *

Эң мыкты тарбиячы – эмгек.

* * *

Эси бар адам улгайганда деле жашында албаган билимди толуктагандан уялбайт.

Которгон Олжобай ШАКИР